Сел, суу ташкындарын алдын-алуу багыттары талкууланды

16 - Февраля  2018 | 8 : 9192
Сел, суу ташкындарын алдын-алуу багыттары талкууланды

 

Сузакта үч айылга электр жарыгын берүү  токтотулат, чубалгылар кошо алынат. Мындай маалымат  өзгөчө кырдаалдарды алдын-алууга чараларды көрүү  максатында  жарандык коргонуу комиссиясынын курамына кирген жетекчилердин катышуусунда өткөн жыйында айтылды.  Өкмөттүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев   табигый кырсыктарды алдын алуу кадамдарын күчөтүү, кооптуу аймакта жашап жаткандарды коопсуз аймакка көчүрүү зарылдыгын баса белгиледи.

Кооптуу аймакта жашап жаткан жарандарга  кокустук  болсо баарыбыз жооп беребиз.  Мүмкүн болгон аракетти жумшайлы.   Жер которууга мажбур болгондор туугандарыныкына деле көпкө тура алышпайт, соцобьектилерди караштыралы. Кыш жаздагыдай болуп турат. Биздин областта табигый кырсык көп катталат, жаз алды менен дарыяларыбызды суунун нугу ашуу коркунучу жаралат. Азыртадан ишти баштайлы. №10 дамбага катуурак көз салалы. Айыл чарба багытындагы жерлерге, калкка өзгөчө кооптуулукту жараткан сай жээктерин бекемдөөгө колдон келген  аракетти көрөлү, ӨКМдин же жергиликтүү бийликтин иши деген нерсе болбошу керек. Биз калк үчүн алардын коопсуздугу үчүн биргеликте иш туталы. ӨКМдин министри К. Бороновду чакырып, ага да өзгөчө кооптуу жерлерди  көрсөтүп, биргеликте кыдырып чыгалы.  Жергиликтүү бийлик колдон келген аракетин жумшап жатат,  ӨКМдин областтагы башкармалык техникалар боюнча да министрликке кат жолдоп, техникаңыздарды  караңыздар, өзгөчө кырдаал көп катталган областка техникалар бөлүнүшү керек-деп билдирди ал өз сөзүндө.

Жыйында кырсык көп катталган  областта  ӨКМдин бир экскватору иштеп жаткандыгы, област үчүн жетишсиз экендиги жана техникалардын эскилиги айтылып, министрлик дубанга техникаларды бөлүштүрүүгө көңүл бөлүү зарылдыгы белгиленди. 

Сузак районунун акими  жер тилке, сууда алып бирок көчпөй жашап жаткандарга түшүндүрүү иши жүрүп жаткан менен айрым жашоочулар көчүүдөн таптакыр эле баш тартып коюп жатканын, аргасыздан сотко кайрылууга мажбур болуп жатышканын белгиледи. Айтымында райондо кооптуу аймакта жашап жаткан 1073 түтүн бар. Анын 950сү көчпөй жатат.

-Баарыңыздарга маалым ушул жылдын январь айында Орток айылында жер көчкү жүргөн. Андагы айыл элине тынымсыз  түшүндүрүп жатып, 22 үй-бүлө ошол эле айылда коопсуз аймакта жашап жатышат. Эки үй-бүлө көчүүгө таптакыр каршы чыгышты, алардын үстүнөн сотко кайрылууга мажбур болдук. Биздеги райондук жарандык коргонуу комиссия   Орток айылындагы эки участкага жана Кызыл-Туу айыл аймагындагы Кызыл-Алма, Алмалуу-Булак айылдарына электр жарыгын берүүнү токтотуу чечимин  кабыл алдык. Кызыл-Алма айылында калк жашабайт, кайрадан көчүп барып албасын деген ой болууда. Алмалуу-Булак айылынын жашоочулары 20-февралга чейин сураныщкан, андан кийин өчүрүлөт. Электр энергиясын алуу, трансфармотрду демонтаждоо боюнча чечим кабыл алдык.  Орток айылына токтоло кете турган болсом, элеттиктер үчүн Жашасын айылындагы соцобьектилерди бошотуп, баш калкалоого шарт түздүк. Бирок жашоочулар баш тартышты-деди аким.

Жыйында маалым болгондой, көчкү кооптуулугунда жашагандарды көчүрүү үчүн  Кара-Алма жана Кочкор-ата токой чарбаларынан жер ажыратып берүү маселеси көтөрүлүүдө. Бирок мыйзамда токой чарбаларынын жерлерин жеке менчикке берилбей турганы жазылган. Мындан улам өкмөттүн деңгээлине да каралуусу зарыл болуп турат. Дарыя жээктерин бекемдөө маселелери, аткарылып жаткан иш мерчемдер да талкууланды. Өзгөчө кырдаалдарды алдын-алуу жана кесепеттерин жоюу үчүн быйыл 61 обьект кирген.

 

Жумагүл ШАЙЫКОВА, “Акыйкат”.

 

 

 

 

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Башкы плансыз болочок күткөн шаар Башкы плансыз болочок күткөн шаар

  Жалал-Абад шаары алгач шаар статусун алгандан тартып, 1950-жылы шаардын өнүгүшү үчүн алгачкы башкы (генералдык-генплан) планы бекитилген. Областтык керек-жарак коому, түштүк кыргыз жаңгак токойлору...

29 - Мая  2018 | 4 : 159
Ара жолдо калган балдар, же алардын укугун ким коргойт? Ара жолдо калган балдар, же алардын укугун ким коргойт?

  Акыркы убакта төрөлбөй жатып кордолуп, эс тартпай жатып зордукталып жаткан келечек муундар тууралуу жүрөк үшүн алган окуялар катталып, баласы бардын башын катырып жатканы да ырас. Айрыкча социалдык...

29 - Мая  2018 | 4 : 2060
Коом жек көрүп, бирок көбөйүүгө жол берген дарт Коом жек көрүп, бирок көбөйүүгө жол берген дарт

    Май айынын үчүнчү жекшембиси СПИДден каза болгон жарандарды эскерүү күнү катары белгиленет. Маалыматка ылайык, дүйнөдө ушул күнгө чейин 35 миллионго жакын, ал эми Кыргызстанда 1800дөн ашса,...

29 - Мая  2018 | 4 : 4741
Балдар үйү жоюлабы? Балдар үйү жоюлабы?

  Акыркы жылдары каралбай калган балдардын саны өсүүдө. Ага карабастан мамлекет балдар үйлөрүн оптималдаштыруу кадамын жандантууну көздөөдө. Максат-балдар үйүндө тарбияланган балдарды жакындарына...

11 - Мая  2018 | 10 : 1559
«Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук……» «Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук……»

  Күндөн күнгө уруп-токмоктоого дуушар болгон аялда коргонуу инстинкти пайда болот да, аффектик абалда ар кандай күтүлбөгөн кадамдарга барышы мүмкүн.Көпчүлүк учурларда мындай кол салуулар кылмышка алып...

11 - Мая  2018 | 10 : 4136
Көрсөткүчү жакшы, келечеги инвесторго муктаж “Кыргызнефтегаз” ААКы Көрсөткүчү жакшы, келечеги инвесторго муктаж “Кыргызнефтегаз” ААКы

  Быйылкы жылы  Кочкор-Атадагы “Кыргызнефтегаз” ААКсы  өзүнө тиешелүү иш ыргагын  кызуу колго алып, областтын экономикалык көрсөткүчүн алдыга чыгарууга чоң салым кошо  баштады. Анткени...

11 - Мая  2018 | 11 : 1460
Кайра иштетүү жанданды... Кайра иштетүү жанданды...

  Област аймагында биринчи кварталда кайра иштетүү тармагы жанданды. Жаңы өндүрүштөрдү ишке киргизүү иш-чараларынын алкагында  үч айда 18 жаңы ишкана ишке кирди. Талаа иштери кызуу жүрүп жатат. Ушул...

4 - Мая  2018 | 4 : 3766