Сузакта 20 гектар жерге логистикалык борбор курулат

16 - Февраля  2018 | 8 : 17206
Сузакта 20 гектар  жерге логистикалык борбор курулат

 

Сузакта камыш баскан 20 гектардай жерге логистикалык борбор куруу көздөлүүдө. Мындай маалыматты Өкмөттүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев бүгүн өмүрүн айыл чарба тармагына арнаган кызматкерлер менен жолугушууда билдирди. Жыйында талаачылыкта, айыл чарба багытында тажрыйбасы мол   кызматкерлер жана аксакалдар,   кооперативдердин өкүлдөрү катышып, аймакты өнүктүрүү боюнча өз пикирлерин, бир катар көйгөйлөрдү ортого салышты.  

Ал эми ыйгарымдуу өкүл аймактарды өнүктүрүү боюнча  бийлик колдон келген аракет менен жумуш жасай тургандыктарын билдирди. Анын айтымында,   дубандагы жаңгак, кайналы жана бал Жалал-Абаддын бренди катары алып чыгууга болот.  Мындан улам Чүй дубанында бал өндүрүп жаткан завод өкүлдөрү менен сүйлөшү жүрүп,  областка чакырышкан.  Кытай инвесторлору Февраль айынын аяк чендерине келээри күтүлүүдө Алар  бал өндүрүүгө мүмкүнчүлүк жогору болсо завод курууга даяр экендиктерин билдиришкен. Алдыдагы сүйлөшүүлөрдө белгилүү болуп калат.  Мындан сырткары жүндү, терини кайра иштетип чыгаруучу завод куруу боюнча да кытайлык инвесторлор менен сүйлөшүү жүргөн. Экологияга зыяны тийбесе завод курулат.

-Нааразычылыктар чыкпоосу үчүн анализ жүргүзүлсүн, экологиялык изилдөө жүргүзүүчү адистерге  завод курулуучу жайга жакын аймактагы активдүү тургундарды да кошуу керек.  Ошондо митинг пикет деген нерселер болбойт-деп билдирди ал.

Ал маалымдагандай,  дубанда Токтогул, Ала-Бука, Ноокен райондорунда  ЕАЭБдин талаптарына жооп берген фитосанитардык лабораториялар түзүлдү. Эми алардын жабдыктарын жаңылоодо калды, бирок бир топ сумма зарылдыгы турат.  Бул жаатта өкмөттүн колдоосу менен иш алып барылат.

-Сузак районунан камыш басып иштелбей жаткан 20 гектар жер табылды. Ал жерге логистикалык борбор ачуу боюнча аракеттенүүдөбүз. Келечекте электрондук логистикалык борбор ачуу планы бар. Ал ишке аша турган болсо дыйкандарыбызга эң сонун мүмкүнчүлүк түзүлгөн болот.   2017-2023-жылга кабыл алынган мамлекеттик программада Көк-Арт, Кара-Үңкүр дарыясына суу сактагычтарды куруу планга кирди.  Бул биз үчүн да чоң үмүт артат. Жүзөгө ашып калса гектарлаган жерлерибиз суугат суу менен камсыз болот,-деп билдирди ал.

 

Жумагүл ШАЙЫКОВА

 

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИ КАНДАЙ САРПТАЛДЫ? ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИ КАНДАЙ САРПТАЛДЫ?

  Жалал-Абад шаарынын мэри Бишкектеги Жылуулук электр борборунун чатагы менен арызын жазып, кызматынан кетти. Ал эми Жалал-Абад шаарынын депутаттары 2016-2017-жылда шаар бюджетинин кандай иштетилгени тууралуу...

29 - Мая  2018 | 5 : 5578
Аймакка ичүүчү таза суу берилди Аймакка ичүүчү таза суу берилди

    Жалал-Абад шаарынын Чыңгыз Айтматов аймактык башкаруусуна караштуу 120 кожолук тургундар бир апта бою таза суунун жоктугунан кыйынчылык тартып келишкен. “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгына...

11 - Мая  2018 | 10 : 4982
IT чөйрөсүндө окууга кабыл алат IT чөйрөсүндө окууга кабыл алат

  Программалык жабдуулар жана Кызматтар Өндүрүүчүлөрүнүн Кыргыз Ассоциациясы жана IT Академиясы өзгөчө муктаждыктары бар жарандарга IT тармагында кыска мөөнөттүк окутуу боюнча жаңы долбоордун ишке...

11 - Мая  2018 | 10 : 5861
Жалал-Абад областында инвестиция тартуу көбөйүүдө Жалал-Абад областында инвестиция тартуу көбөйүүдө

  Жалал-Абад областында ар кайсы тармактарды өнүктүрүү багытында тартылып жаткан инвестицияинын көлөмү улам артып баратат. Быйылкы жылдын биринчи чейрегинде област боюнча 2 миллиард 399 миллион сомдук...

11 - Мая  2018 | 11 : 2352
Кыргыз сомуна 25 жыл Кыргыз сомуна 25 жыл

  1993-жылы 10-майда Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн арасынан алгачкылардан болуп өзүнүн жеке улуттук валютасын сомду жүгүртүүгө киргизген. Бул күнү баалар, эмгек акылар, стипендиялар пенсиялар, ишкана-мекемелердин...

10 - Мая  2018 | 8 : 387
Базар-Коргондун тургуну 19 жаштагы айылдашын бычактап салды Базар-Коргондун тургуну 19 жаштагы айылдашын бычактап салды

Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айылынын тургундары өз ара урушуп кетишип, 19 жаштагы И.А. аттуу тургунга 24 жаштагы айылдашы М. уулу Н. бычак уруп жиберген. Анын кесепетинен 19 жаштагы...

8 - Мая  2018 | 4 : 5472
Премьер-министр «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалдык... Премьер-министр «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалдык...

    Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарында «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалынын...

8 - Мая  2018 | 5 : 0108