Ооганчылар күнү эскерилди

16 - Февраля  2018 | 9 : 7476
Ооганчылар күнү эскерилди

Ооган согушунун ардагерлеринин ошол кездерде жасаган күжүрмөн эрдиги өлкөбүз үчүн чоң кызмат жана Мекенди сүйүүнүн үлгүсү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын вице-мэри Турдаалы Темирбаев Жалал-Абад шаарындагы “Жеңиш” багында Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 29 жылдык эскерүү күнүндө билдирди.  

Анын айтымында, Ооган согушуна катышкан жоокерлер Мекенди сүйүүгө үндөө менен бирге Кыргызстандын келечегин өз колуна ала турган жаш муундарды тарбиялоодо эмгектери зор.

“Жергиликтүү бийликтер ооган согушунун ардагерлерине керектүү жеңилдиктерди көрүп, жардамдарын берип келе жатышат. Бирок, ал берилип жаткан жардамдар, камкордуктар толук кандуу жетиштүү деп айтуу кыйын. Мунун баары өлкөнүн социалдык-экономикалык абалына байланыштуу.  Бирок, эң негизги камкордук–булл сиздерге болгон көңүл буруу, сиздердин коомдук статусуңуздар, коомдогу аброюңуздар болуп саналат”,-деди Т.Темирбаев.  

Ооган согушунун 27 жылдык эскерүү аземине шаар аймагындагы Ооган согушунун ардагерлери, мекеме-ишкана жетекчилери катышып, эстеликке гүлчамбарлар коюлуп, Ооган согушунда курман болгон жоокерлерге арналып куран түшүрүлдү. Ооган согушунун катышуучусу Камчыбек Сабыровдун маалыматында Жалал-Абад шаарындагы Ооган согушунун ардагерлеринин саламаттыгын чыңдоо үчүн реаблитациялык борбор керек. Антикени, Жалал-Абад шаарындагы Ооган согушунун ардагерлери саламаттыгын чыңдоого Бишкек жана Ош шаарындагы реаблитациялык борборлорго барып 10 күнгө саламаттыгын чыңдашып келишет.

-Учурда Жалал-Абад шаарында 88 Ооган согушунун ардагери бар. Алардын арасынан үчөөсүнүн мүмкүнчүлүгү чектелген. Убакыт өткөн сайын алардын катары азайып барууда. Согуштан кайтып келгенден кийин 20сы кайтыш болуп кетишти. Мурда жол акы, саламаттыкты чыңдоо боюнча жеңилдиги менен жолдомолор сыяктуу кепилдиктер каралып келген. Кийин монетаризациялоо менен ал жеңилдиктерди акчага которушкан болчу. Азыр ардагерлер айына 6 миң сомдон ошол жеңилдиктерди алып турушат. Анан саламаттыгын чыңдоого Бишкек, Ош шаарларына реаблитациялык борборлорго барабыз-деп кошумчалады К.Сабыров 

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарынан 150 аскер Ооганстанга аттанган, 2 жоокер согуш талаасында курман болсо, кийин тынчтык күндөрү 25 жоокер каза тапкан. Бүгүнкү күндө шаарда 88 ардагер бар. Аларга жергиликтүү казынадан 90 миң 600 сом бөлүнүп, ар бир ардагерге 700 сомдон акчалай сый көрсөтүлдү жана сый тамак тартууланды.

 

Элиза АКЖОЛТОЕВА  

 

 

 

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Ок атуучу курал алынды Ок атуучу курал алынды

                            Жума ичинде Жалал-Абад областында жарандардан 3 сайлуу ок атуучу куралдар алынды. ОИИБнын аймактардагы бөлүмдөрү эл арасында мыйзамсыз сакталган ок атуучу...

21 - Сентября  2018 | 11 : 32116
Колдоодон качкан мекемелер кимдер? Колдоодон качкан мекемелер кимдер?

                              Бүткүл дүйнөлүк III көчмөндөр оюнуна аттанаардан бир күн мурда Жалал-Абад областтык Барпы театры жана Т. Тыныбеков...

30 - Августа  2018 | 9 : 39169
Жаш жарандардын келечеги үчүн Жаш жарандардын келечеги үчүн

   Он жети миң калкы бар Кочкор-Ата шаарында  социалдык буйрутмалар ишке ашырылганы турат. Тактап айтканда, шаардагы 12-18 жаштагы 2000 ге чукул  балдардын бош убактысын туура пайдалануусу,...

27 - Июня  2018 | 9 : 52190
АЙМАКТАРГА МИГРАЦИЯ КЫЗМАТЫ КЕРЕК АЙМАКТАРГА МИГРАЦИЯ КЫЗМАТЫ КЕРЕК

  Эми Жалал-Абад шаарындагы бардык мекеме-ишканаларда, коомдук бирикмелерде, маалыматтар кату кызматтарында адам сатууга каршы ар кандай расмий, коомдук иш-чаралар күчөтүлөт. Ал эми аймактарда мурда болуп...

21 - Июня  2018 | 6 : 3306
Сандарыгер жетишпейт Сандарыгер жетишпейт

            Жалал-Абад шаардык оорулардын алдын алуу жана санитардык көзөмөл борборунун маалыматына караганда шаарда 900 обьект, областын аймагында 4000 миңден ашык обьект  жылына бир жолу...

21 - Июня  2018 | 6 : 7179
Ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет Ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет

    Кыргызстанда алгачкы жолу  Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын базасында  ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет.  Бейтаптарды чукул кабыл алып, андан ары тиешелүү...

21 - Июня  2018 | 6 : 14158
Азык-түлүк коркунучун алдын ал! Азык-түлүк коркунучун алдын ал!

  Азыркы учурдагы 5 мамлекеттен турган (Россия, Белорусия, Казакстан, Армения жана Кыргызстан) Евроазиялык экономикалык Бажы союзунун курамына кирип,  калкты коопсуз тамак-аш жана башка товарлар менен...

21 - Июня  2018 | 6 : 19197