Эртеңки кыйроо – эрте никеден башталат

16 - Февраля  2018 | 10 : 9854
Эртеңки кыйроо – эрте никеден башталат

 

Өлкөдөгү кризистик борборлордун берген маалыматында Кыргызстанда 160 миң бойго жете элек кыз турмушка чыккан. Алардын 6 миңге жакыны 15 жашында күйөөгө тийген. Эрте турмушка чыгуу көрүнүшү өлкөнүн Талас, Чүй, Ош жана Жалал-Абад областтарында көп кездешет.  

Сузак районунун жашоочусу Умида  (ысымы өзгөртүлүп берилди) тургуну 9-класстын окуучусу. Ал 17 жашында ата-энесинин мажбурлоосу менен турмушка чыккан. Эрте никеге туруунун курмандыгы болгон өспүрүм кыз, өзү бала болгонуна карабай,  кайын журту тарабынан кагуу соккуларга дуушар болгонун айткан.  

-Мектепте окуп жүргөн учурумда коңшу көчөдөн ата-энемдер макулдашып жуучу болуп,  9-классты бүтөөрүм менен турмушка чыктым. Жаш экениме карабай,  ата-энем эрте турмушка берип койгон. Жолдошум болсо, кайын энемдин тилине кирип,  күндө үйдө жаңжал салчу.

Кыргызстандын аялдары башка өлкөлөргө салыштырганда өтө эрте куракта бала төрөй башташат. 15-19 жаш курактагы 1000 аялга карата  төрөлгөндөрдүн саны боюнча Азербайджандан кийинки  2 - орунда турат. 18 жашка чейинки курактагы энеден адатта алсыз бала төрөлөт. Бул болсо калктын генефондуна терс таасир тийгизет. Билимсиз жакыр үй-бүлөлөрдүн жана ажырашуу же толук кандуу эмес,  үй-бүлөлөрдүн саны көбөйөт. Бул болсо мамлекеттин саламаттыгына, коопсуздугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Негизи эрте турмушка чыгуунун себептери жана анын кесепеттери кандай болору бир канча тараптар менен болгон сурамжылоодо белгиленди. 

 

Анаргүл Машаева, Жалал-Абад шаарындагы “Аймира” бейөкмөт уюмунун жетекчиси:

-Менин көз карашымда, үй-бүлөлүк баалуулуктарга да көз караштар абдан өзгөрдү. Эмнегедир айрым адамдар

өз кыздарын эрте турмушка берүүнү  алардын көйгөйлөрү ийгиликтүү чечилиши деп эсептешет. Башкача

айтканда, бул экономикалык кыйынчылыктар, жакырчылыктын өсүшү менен байланыштуу, ашыкча бала, ашыкча курсак деген түшүнүктө. Ал эми кыз бала башынан эле башка үй-бүлөнүн келечектеги мүчөсү, ага салым кошуунун кереги жок, ансыз да үй-бүлөнүн ресурстары чектелген. Мындан тышкары, биздин элдин менталитетине акыркы он жылдыктарда “үчүнчү дүйнөнүн” өлкөлөрүнүн кандайдыр бир бурмаланган каадалары кирип жатат. Ислам каадасынын мындай бир түшүнүгү кирип жатат, ал боюнча кыз бала эрте турмушка чыгууга тийиш деген. Айта кетсек, мындай көз караш менен диний кызматчылардын расмий өкүлдөрү да дээрлик макул эмес. Ошентсе да, жергиликтүү деңгээлде өспүрүм кызды 15 жашынан тартып,  күйөөгө берүүгө болот деген пикир кеңири таралып жатат. Анын аң-сезиминин, интеллектинин өсүшү жөнүндө, билиминин деңгээли, турмуштук тажрыйбасы тууралуу сөз кылбаганда да, кыздын жаш организми үй-бүлөлүк турмушка эч даяр эмес. Ал өзү үчүн гана эмес, өзүнүн баласын тарбиялоого жоопкерчилик тарта турган аял, эне же инсан катары калыптанып бүтө элек.  Анткени, ал өзү бала.

 

Гульзат Нурумбетова, Жалал-Абад областтык калкты  репродуктивдик саламаттыгын сактоо борборунун акушер-гинекологу:

-Дүйнөлүк саламаттыкты  сактоо уюмунун маалыматында 15тен 19 жашка чейинки курактагы энелер 20-24 жаштагы энелерге караганда төрөт учурунда эки эсе көп каза болушат. Эрте курактагы кош бойлуулук жана төрөт ымыркайлардын да ден-соолугуна терс таасир тийгизет, анткени өспүрүм курактагы энелердин арасында мөөнөтүнөн мурда төрөө жана мөөнөтүнө жетпей төрөгөн энелер арасында каза болгон учурлар көп кездешет. Биологиялык, психологиялык жана социалдык жактан жетилбегендиктен өспүрүмдүн кыздын организми эне болууга даяр эмес болот. Ал эми жаш энелердин балдары көп көйгөйлөрдөн улам ден-соолугунун начардыгы менен айырмаланып турат. Жалал-Абад областтык калкты  репродуктивдик саламаттыгын сактоо борбору 1998-жылы ачылгандан бери област  боюнча жашы жете элек кыздар боюнча гинеколог болуп эмгектенип келемин. Мурда деле бар болчу бул көрүнүш, бирок анда башка жактан келгендер. Мисалы, Тажикстандан келген,  же башка жактан келгендер ошол эле кыздар гонорея, сифилис менен ооругандары болгон. Жакында эле күбө болдум,  13ж ашар кыз областтык ооруканада кыз төрөдү. Бирок, ал да Оштон келген кыз болуп чыкты. Андан сырткары медициналык көз караш менен караганда Кыргызстанда 20 жашка чейинки  куракта төрөлгөн наристелердин салмагы 2,5 кг чейин гана болот. Жаңы төрөлгөн наристелердин өлүмү эки эсе жогору болот. Баласы бар 15-19 жаш курактагы эне организминде темир жетишсиздиги жана аз кандуулук менен оорушат.

Өткүр Жабаров, “Справедливость” бейөкмөттүк уюмдун өкүлү:

-Тилекке каршы, абдан жана абдан көп. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, жашы жете элек кыздар көп учурда өзү үчүн тура алышпайт. Ошондуктан өзүнөн улуу болгон күйөөсүнүн үй-бүлөсүндө, эреже катары  дээрлик бардык улуу адамдардын зомбулугуна туш болушат. Көптөгөн эрте нике туруулардан  кийин колундагы жаш баласы менен ажырашып кетишет.  Эмгек мигранттарынын үй-бүлөлөрүндө алар күйөөсүнүн карыган ата-энелеринин бекер үй кызматчысына айланышат. Аны адам катары да эсептебеши мүмкүн, анын түйшүктүү оор жумуш жасап жатканына эч ким тынчсызданбайт. Жаш кызды дароо эле бала төрөөгө мажбурлашат, аны менен ал, толук азыктуу тамак-аш, витамин, медициналык байкоодон алыс болот. Мындай мамиле кылуу жана жашоо шарттары ансыз да анын толук калыптанып бүтө элек репродуктивдүү ден соолугун талкалайт, ал эми төрөлө турган балдар жөнүндө айтуу андан да кыйын! Изилдөөлөр көрсөткөндөй эрте турмушка чыгуунун себептери эмнеде дегенде интернет желеси кенен ачылгандыктан болуп жатат деген түшүнүктөр берилген. Анткени,  кыз  15 жашынан тарта турмушка чыгууга макулдугун берсе,  эркек киши 25 жашында үйлөнөт.

Нуркан Соурбаева - Жалал-Абад шаардык жарандык абалдын актыларын каттоо жана жарандарды жекелештирип эсепке алуу бөлүмүнүн башчысы:  -Эрте никеге туруу көрүнүшү өлкөнүн түштүк аймагында орун алган дешет адистер. Анткени,  алар дин боюнча нике менен гана чектелүүдө. Учурда 10 үй-бүлө үйлөнүп, 2-3 айга жетпей анын алтоосу ажырашып жатканын  социологиялык изилдөөлөрдө аныкталган. Мунун бирден-бир себеби  - эрте турмушка чыгуу. Эрте күйөөгө чыгуу менен бүлө күтүп жашап кеткендин ордуна ажырашуу менен коомчулукка терс таасирин тийгизүүдө.  Мисалы , 2017-жылы Жалал-Абад шаарында бирөө 18 жашка толо элек жаш  жубайлар нике күбөлүгүн алышкан. Азыр 16-17 жашар кыздарды күйөөгө берип жатышат. Бирок,  нике жашын 18 - 17 жашынан да кыскартса болот, никени бирок мэриянын буйругу менен. Анан ойлоп көргүлө, 18-17 жашар кыз бир үй-бүлөдөн чыгып, бир үй-бүлөгө барып түйшүгүн артып , бүлө куруу өтө кыйын. 2017-жылы 8245 жаран никесин мамлекеттик каттоодон өткөргөн болсок,  анын 1579унун никеси ажыратылган.

Абдиназар Хаджибеков -Жалал-Абад облустук казыятынын жооптуу катчысы:

-Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев дин башкармасынын түзүмүндөгү расмий дин кызматкерлери тарабынан казыяттарга, райондук хатибдерге, жалпы имамдар жана диний окуу жайлардын мугалимдерине жашы 18ге жете электерге нике кыйылбасын деген буйрукка кол койгон. Аталган буйрукту ишке ашырууда молдокелер арасында түшүндүрүү иштери жүрүүдө.

Арсланбек Мурзаев - Жалал-Абад шаарынын прокурору:

- Нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу менен никеге туруу боюнча диний каада жасалган адамдын  (кыздын)  ата-энелери (аларды алмаштыруучу адамдар)  никеге туруу боюнча диний кааданы жасаган, булар менен бирдей эле жашы жетпеген менен никеге туруп жаткан адам 3-5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.

154-берене 17 жашка толо элек адамды иш жүзүндө никелик мамилелерге өтүүгө мажбурлоо беренеси боюнча 100-500 миң сомдук эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка,  же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына,  же  эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө жазаланат. 17 жашка толо элек адамды иш жүзүндө никелик мамилелерге өтүү үчүн ала качуу 5-10 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

 

Сиздин кызыңызды балалыктан ажыратат.  Өмүрү жана ден-соолугу үчүн коркунуч алып келет. Неберелериңиздин өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунуч жаратат. Кызыңыздын билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат. Кызыңыз күйөөсү жана анын бир туугандары тарабынан зомбулукка кабылышына алып келет. Көп учурда ажырашуу менен аяктайт. Жакырчылыкка алып келет. Жашы жете элек жубай – бул мүмкүнчүлүктөрү эч качан ишке ашпай турган  жаш кыз.

Жашы жете элек куракта нике кыюу балдардын укуктарын бузат – бул болсо, кылмыш-жазык кодекси менен жазага тартыла турган кылмыш болуп саналарын эсиңизден чыгарбаңыз!

   

Элиза АКЖОЛТОЕВА 

 

 

 

 

 

 

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Майлуу-Суудагы уран калдыгы кайда изилденүүдө? Майлуу-Суудагы уран калдыгы кайда изилденүүдө?

                 Майлуу-Суу шаарында  1946-1967-жылдары «Кыргызэлектроизолит» заводунда уран калдыктарын иштетилип, чыныгы уран сырт өлкөлөргө жөнөтүлүп турган. Ал...

21 - Сентября  2018 | 10 : 4143
Каттоонун камылгасы, камсыздандыруунун кадамы кечеңдөөдө Каттоонун камылгасы, камсыздандыруунун кадамы кечеңдөөдө

  Өлкөдө 2020-жылы боло турган элди жана турак жайды каттоого даярдыктар Жалал-Абад областында  солгун жүрүүдө. Ар он жылда эл каттоо болгонуна карабастан бүгүнкү күнгө чейин айрым айылдардын,...

21 - Сентября  2018 | 11 : 23153
Бир короодогу эки мектептин зарылдыгы канчалык? Бир короодогу эки мектептин зарылдыгы канчалык?

  Ала-Бука районуна караштуу 1-Май айыл аймагынын Айры-Там айылында 5 миңге чукул калк жашайт. Кызыгы андагы айылда бир короодо М. Алымбеков жалпы орто мектеби жана Айры-Там мектеп-гимназиясы  жайгашкан,...

21 - Сентября  2018 | 11 : 29153
«Кан жетишсиз… Эмнеге?....» «Кан жетишсиз… Эмнеге?....»

                                                                                                               ...

27 - Июня  2018 | 9 : 38215
Дарбыз эмес дарт жейбизби? Дарбыз эмес дарт жейбизби?

    Учурда мөөнөтүнөн мурун, күч менен бышып жаткан мөмө-жемиштерден баш тартуу кыйынга турары белгилүү. Күн да ысып, тарс жарып дарбыз жегиң келген учур. Бирок, алардын ар дайым көзөмөлдө болуусу...

27 - Июня  2018 | 9 : 46238
Абактан кийинки азаптан кантип чыгабыз?.. Абактан кийинки азаптан кантип чыгабыз?..

    Түрмөгө түшкөн аялдардын көбү жакындарын өлтүрүп, же баңгизат менен кармалгандар. Арасында уурулук кылгандары да бар. Республиканын абак жайларында кармалган...

27 - Июня  2018 | 10 : 35229
Башкы плансыз болочок күткөн шаар Башкы плансыз болочок күткөн шаар

  Жалал-Абад шаары алгач шаар статусун алгандан тартып, 1950-жылы шаардын өнүгүшү үчүн алгачкы башкы (генералдык-генплан) планы бекитилген. Областтык керек-жарак коому, түштүк кыргыз жаңгак токойлору...

29 - Мая  2018 | 4 : 1228