ЖАМУ: ООГАН СОГУШУНУН АРДАГЕРЛЕРИНЕ СЫЙ-УРМАТ КӨРСӨТҮЛДҮ

16 - Февраля  2018 | 10 : 29336
ЖАМУ: ООГАН СОГУШУНУН  АРДАГЕРЛЕРИНЕ СЫЙ-УРМАТ КӨРСӨТҮЛДҮ

 

Жалал-Абад шаарындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде “Ооганчыларга таазим” аталышындагы иш-чара болуп, анда Ооган согушуна катышып келген окутуучуларга сый-урмат көрсөтулдү.  Ал Ооган Республикасынан советтик аскерлердин чыгарылышынын 29 жылдыгына арналып, ага окуу жайда эмгектенген 6 ардагер конок катары катышышты. Бул тууралуу университеттин ректоратынан билдиришти.

Бул иш-чара Педагогикалык жана маалымат технологиялар факултети тарабынан уюштурулуп, анда студенттер Ооган согушуна арналган сахналык көрүнүштөрдү, концерттик программаны тартуулашты. Ооган согушунун ардагерлери – окутуучулар менен студенттердин жандуу баарлашуусу уюштурулду.

Факультеттин деканы Сапарбек Ажыкуловдун атымында, бул иш-чаранын жаштар үчүн тарбиялык мааниси зор.

-Иш-чаранын максаты Ооган согушунун ардагерлеринин интернационалдык эрдигинкийинки муунга даңазалоо, студенттер менен ардагерлерди жолуктуруп, жаштардын Мекенге болгон сүйүүсүн, патриоттук сезимин ойготуу болду. Өткөндү эстеп, тарыхка саресеп салуу менен келечекке бет алабыз. Андыктан мындай даталарды көз жаздымда калтырбоо керек, - дейт ал.

Эскерте кетсек, Ооган согушу 1979-жылдын 25-декабрында башталып, 1989-жылдын 15-февралына чейин созулган. Он жылга созулган согушта 13 миң 833 жоокер, 179 офицер курман болгон. Оор жаракат алган жоокерлердин саны 49 миң 985ге жетсе, офицерлердин саны 7132ни түзгөн. Майыптардын саны 6669 болсо, 300 жоокер дайынсыз жоголгон. Ал эми 76 аскер Советтер Союзунун Баатыры, 200 миңжоокер күжүрмөн ордендердин ээси болуп, жалпы 546 миң 255 жоокер кызмат өтөгөн.

Ал эми ЖАМУда 6 Ооган ардагери эмгектенет. Алар, окуу жайдын ректору Кеңешбек Усенов жана окутуучу-кызматкерлер Абдыжапар Шерматов, Шамшидин Нурдинов, Рахимжан Сарымсаков, Камчыбек Сабиров, Марат Мамытов. 

 

Нурайым Турдумаматова

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИ КАНДАЙ САРПТАЛДЫ? ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИ КАНДАЙ САРПТАЛДЫ?

  Жалал-Абад шаарынын мэри Бишкектеги Жылуулук электр борборунун чатагы менен арызын жазып, кызматынан кетти. Ал эми Жалал-Абад шаарынын депутаттары 2016-2017-жылда шаар бюджетинин кандай иштетилгени тууралуу...

29 - Мая  2018 | 5 : 5578
Аймакка ичүүчү таза суу берилди Аймакка ичүүчү таза суу берилди

    Жалал-Абад шаарынын Чыңгыз Айтматов аймактык башкаруусуна караштуу 120 кожолук тургундар бир апта бою таза суунун жоктугунан кыйынчылык тартып келишкен. “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгына...

11 - Мая  2018 | 10 : 4982
IT чөйрөсүндө окууга кабыл алат IT чөйрөсүндө окууга кабыл алат

  Программалык жабдуулар жана Кызматтар Өндүрүүчүлөрүнүн Кыргыз Ассоциациясы жана IT Академиясы өзгөчө муктаждыктары бар жарандарга IT тармагында кыска мөөнөттүк окутуу боюнча жаңы долбоордун ишке...

11 - Мая  2018 | 10 : 5861
Жалал-Абад областында инвестиция тартуу көбөйүүдө Жалал-Абад областында инвестиция тартуу көбөйүүдө

  Жалал-Абад областында ар кайсы тармактарды өнүктүрүү багытында тартылып жаткан инвестицияинын көлөмү улам артып баратат. Быйылкы жылдын биринчи чейрегинде област боюнча 2 миллиард 399 миллион сомдук...

11 - Мая  2018 | 11 : 2352
Кыргыз сомуна 25 жыл Кыргыз сомуна 25 жыл

  1993-жылы 10-майда Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн арасынан алгачкылардан болуп өзүнүн жеке улуттук валютасын сомду жүгүртүүгө киргизген. Бул күнү баалар, эмгек акылар, стипендиялар пенсиялар, ишкана-мекемелердин...

10 - Мая  2018 | 8 : 387
Базар-Коргондун тургуну 19 жаштагы айылдашын бычактап салды Базар-Коргондун тургуну 19 жаштагы айылдашын бычактап салды

Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айылынын тургундары өз ара урушуп кетишип, 19 жаштагы И.А. аттуу тургунга 24 жаштагы айылдашы М. уулу Н. бычак уруп жиберген. Анын кесепетинен 19 жаштагы...

8 - Мая  2018 | 4 : 5472
Премьер-министр «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалдык... Премьер-министр «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалдык...

    Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарында «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалынын...

8 - Мая  2018 | 5 : 0108