ЖАМУнун СТУДЕНТИНИН ДОЛБООРУ МЫКТЫЛАРДЫН КАТАРЫНА КИРДИ

16 - Февраля  2018 | 10 : 31346
ЖАМУнун СТУДЕНТИНИН ДОЛБООРУ МЫКТЫЛАРДЫН КАТАРЫНА КИРДИ

 

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенти “Социалдык ишкердикти өркүндөтүү” долбооруна катышып, сертификатка ээ болду. Долбоор Борбордук Азия университети жана Coca-Colaкомпаниясы тарабынан уюшулуп, ага республикадагы бардык университеттин студенттери катышышкан. Бул тууралуу ЖАМУнун ректоратынан билдиришти.

Адегенде Кыргызстанда жайгашкан университеттерде уюштуруучулар тарабынан атайын семинар өткөрүлүп, сынак жарыяланган. Анда жалпы 806 долбоор жактырылып, анын ичинен 20 студенттин долбоору тандалып алынган.

Жогорудагы 20 долбоорундын катарына ЖАМУнун Экономикалык-юридикалык факултетинин 4-курсунун  студенти Адина Нийзанованын долбоору да кирген. Ал Борбордук Азия университетинде “Социалдык ишкердик” программасы боюнча  1 айлык  курста окуп, уюштуруучулардын сертификатын алды. Андан соң өзү окуган окуу жайдагы жаштарга аталган долбоор боюнча кенен маалыматтарды берүү үчүн, атайын тегерек үстөл уюштурган.

 

Жумагул Закирова

 

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Жаш жарандардын келечеги үчүн Жаш жарандардын келечеги үчүн

   Он жети миң калкы бар Кочкор-Ата шаарында  социалдык буйрутмалар ишке ашырылганы турат. Тактап айтканда, шаардагы 12-18 жаштагы 2000 ге чукул  балдардын бош убактысын туура пайдалануусу,...

27 - Июня  2018 | 9 : 5268
АЙМАКТАРГА МИГРАЦИЯ КЫЗМАТЫ КЕРЕК АЙМАКТАРГА МИГРАЦИЯ КЫЗМАТЫ КЕРЕК

  Эми Жалал-Абад шаарындагы бардык мекеме-ишканаларда, коомдук бирикмелерде, маалыматтар кату кызматтарында адам сатууга каршы ар кандай расмий, коомдук иш-чаралар күчөтүлөт. Ал эми аймактарда мурда болуп...

21 - Июня  2018 | 6 : 3100
Сандарыгер жетишпейт Сандарыгер жетишпейт

            Жалал-Абад шаардык оорулардын алдын алуу жана санитардык көзөмөл борборунун маалыматына караганда шаарда 900 обьект, областын аймагында 4000 миңден ашык обьект  жылына бир жолу...

21 - Июня  2018 | 6 : 771
Ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет Ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет

    Кыргызстанда алгачкы жолу  Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын базасында  ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет.  Бейтаптарды чукул кабыл алып, андан ары тиешелүү...

21 - Июня  2018 | 6 : 1473
Азык-түлүк коркунучун алдын ал! Азык-түлүк коркунучун алдын ал!

  Азыркы учурдагы 5 мамлекеттен турган (Россия, Белорусия, Казакстан, Армения жана Кыргызстан) Евроазиялык экономикалык Бажы союзунун курамына кирип,  калкты коопсуз тамак-аш жана башка товарлар менен...

21 - Июня  2018 | 6 : 1976
ОИИБнин өздүк курамы ыктыярдуу кан тапшырууда ОИИБнин өздүк курамы ыктыярдуу кан тапшырууда

  Областтык кан борборунун кызматкерлери жана Улуттук Кызыл Ай Коому, ИИМдин Жалал-Абаддагы медицина кызматы менен биргеликте Жалал-Абад ОИИБнин өздүк курамына барып жолугушуп, жеринде ыктыярдуу...

21 - Июня  2018 | 6 : 2586
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИ КАНДАЙ САРПТАЛДЫ? ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИ КАНДАЙ САРПТАЛДЫ?

  Жалал-Абад шаарынын мэри Бишкектеги Жылуулук электр борборунун чатагы менен арызын жазып, кызматынан кетти. Ал эми Жалал-Абад шаарынын депутаттары 2016-2017-жылда шаар бюджетинин кандай иштетилгени тууралуу...

29 - Мая  2018 | 5 : 55160