Суу ташкындан коргоо максаты

26 - Февраля  2018 | 4 : 57304
Суу ташкындан коргоо максаты

 

 

 

Өткөн аптада  республиканын  Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаев Жалал-Абад областындагы быйыл жазда күтүлүүчү суу ташкындардын алдын алуу максаты менен министрлик тарабынан аткарылып жаткан иштерге кызыкты. Анткени, областтын дарыя, сай-каналдарынын жээктери  жетиштүү түрдө  ишенимдүү бекемделген эмес. Маселен, Сузак районунун Благовещенка участкасындагы Көк-Арт дарыясындагы дамбалардан алыс эмес жерлерден шагыл казган ишкерлердин аракети дагы да токтой элек. Колдонуу мөөнөтү бүтө элек дамбалардын айланасынан шагыл көп казылгандыктан сай дамбанын тулку боюнан бир метрге төмөндөп кеткен. 

- Тармактык уюмдардын нечен жолку  эскертүүлөрүнө карабай, Жалал-Абад областында сел жана суу ташкындарынан коргоо максатында курулган дамбаларга жакын суу жээктеринен шагыл казуу иши дагы эле улантылууда. Эгер бул жагдайга жергиликтүү бийлик тарабынан өз учурунда чара көрүлбөсө, жаз жана жай айларында сел кырсыгы көптөгөн чыгымдарды алып келиши мүмкүн - деди министрдин орун басары Р. Рысбаев.

Азыркы мезгилде ушул эле Көк-Арт дарыясында №4 - коргоочу тосмонун төрт жүз элүү чакырым аралыгын кайра калыбына келтирүү иши жүргүзүлүп жатат. Тосмонун бул аралыгы өткөн жылы жаз айында болгон суу ташкында жарактан чыккан. Дамбанын сметалык баасы жыйырма беш миллион сом. Жогоруда аталган райондун  Чаңгыр-Таш участкасын бойлогон Кара-Дарыя суусунун жээгиндеги № 20 - суу тосмосун куруу иши да улантылууда. Үч жүз элүү метр келген суу тосмонун сметалык баасы 28 млн сомду түзөт.

Ноокен районунда да өткөн жылдагы селдин кесепетинен бузулган суу тосмолорду жаңылоо иштери жүрүүдө. Арал айыл аймагынын Арал участкасында №2 -тосмо турат. Учурда тосмонун жарактан чыккан 270 метр аралыгы курулуп жатат. Кара-Үңкүр дарыясынан жабыр тарткан Сакалды айыл аймагынын Кыргызстан участкасында №6 - суу тосмонун алты жүз метр аралыгында курулуш иштери кызуу жүрүп жатат.

Министрдин орун басары Р.Рысбаев ӨКМдин “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” мамлекеттик агенттиги тарабынан курулуп жаткан суу тосмолорун кыдырып чыккандан кийин  бардык участоктордогу ишти март айы ичи бүтүрүү тапшырмасын берди. Анткени,  атайын адистер болжогондой эрте жаздан тарта суулардын деңгээли көтөрүлүп, дарыялардын жээктерине жакын жайгашкан айылдарга коркунуч келе башташы мүмкүн.


Ырысбай Абдыраимов

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Жаш жарандардын келечеги үчүн Жаш жарандардын келечеги үчүн

   Он жети миң калкы бар Кочкор-Ата шаарында  социалдык буйрутмалар ишке ашырылганы турат. Тактап айтканда, шаардагы 12-18 жаштагы 2000 ге чукул  балдардын бош убактысын туура пайдалануусу,...

27 - Июня  2018 | 9 : 5271
АЙМАКТАРГА МИГРАЦИЯ КЫЗМАТЫ КЕРЕК АЙМАКТАРГА МИГРАЦИЯ КЫЗМАТЫ КЕРЕК

  Эми Жалал-Абад шаарындагы бардык мекеме-ишканаларда, коомдук бирикмелерде, маалыматтар кату кызматтарында адам сатууга каршы ар кандай расмий, коомдук иш-чаралар күчөтүлөт. Ал эми аймактарда мурда болуп...

21 - Июня  2018 | 6 : 3102
Сандарыгер жетишпейт Сандарыгер жетишпейт

            Жалал-Абад шаардык оорулардын алдын алуу жана санитардык көзөмөл борборунун маалыматына караганда шаарда 900 обьект, областын аймагында 4000 миңден ашык обьект  жылына бир жолу...

21 - Июня  2018 | 6 : 775
Ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет Ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет

    Кыргызстанда алгачкы жолу  Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын базасында  ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет.  Бейтаптарды чукул кабыл алып, андан ары тиешелүү...

21 - Июня  2018 | 6 : 1474
Азык-түлүк коркунучун алдын ал! Азык-түлүк коркунучун алдын ал!

  Азыркы учурдагы 5 мамлекеттен турган (Россия, Белорусия, Казакстан, Армения жана Кыргызстан) Евроазиялык экономикалык Бажы союзунун курамына кирип,  калкты коопсуз тамак-аш жана башка товарлар менен...

21 - Июня  2018 | 6 : 1979
ОИИБнин өздүк курамы ыктыярдуу кан тапшырууда ОИИБнин өздүк курамы ыктыярдуу кан тапшырууда

  Областтык кан борборунун кызматкерлери жана Улуттук Кызыл Ай Коому, ИИМдин Жалал-Абаддагы медицина кызматы менен биргеликте Жалал-Абад ОИИБнин өздүк курамына барып жолугушуп, жеринде ыктыярдуу...

21 - Июня  2018 | 6 : 2592
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИ КАНДАЙ САРПТАЛДЫ? ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИ КАНДАЙ САРПТАЛДЫ?

  Жалал-Абад шаарынын мэри Бишкектеги Жылуулук электр борборунун чатагы менен арызын жазып, кызматынан кетти. Ал эми Жалал-Абад шаарынын депутаттары 2016-2017-жылда шаар бюджетинин кандай иштетилгени тууралуу...

29 - Мая  2018 | 5 : 55162