Жаз камылгасы кандай?

26 - Февраля  2018 | 5 : 2477
Жаз камылгасы кандай?

           

       

 КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областы боюнча өкүлчүлүгүнүн агро өнөр-жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу секторунун башчысы Нурбек Жээналиевдин маалыматына караганда быйылкы жылы Жалал-Абад областында пахта көп эгилиши мүмкүн. Азыркы күндө 12700 гектарга пахта өстүрүү пландаштырылууда. Өткөн жылы 1708 гектарга пахта өстүрүлгөн. Андан кийин эле тоют өсүмдүгүн өстүрүү көбөйүшү ыктымал. Анткени, акыркы мезгилдерде областта малдын башы көбөйүп, чөптүн баасы да жогорулаган.

Учурда областта 3321 миң 333 бодо мал бар. Кой-эчкилердин саны да өсүп,  2016-жылга караганда  салыштырмалуу түрдө 103 пайызга өскөн. Ошондуктан быйыл 3900 гектар жерге тоют өсүмдүгү өстүрүлүшү күтүлүүдө. Жалпысынан 154 миң 300 гектар айдоо аянты болот.

 Учурда үрөн менен камсыз кылуу иштери кызуу жүрүп жаткан чак. Бүгүнкү күндө жазгы буудайдын үрөнү 77 пайызга, арпа үрөнү 82 пайызга,  жүгөрү үрөнү 93 пайызга жана пахтанын үрөнү  87 пайызга камсыз болду. Айыл чарба техникаларын оңдоп - түзөө иштери да колго алынууда. Областта 2683 айыл чарба тракторлору бар болсо,  анын 1475и тактап айтканда 55 пайызы атайын оңдоодон өттү. Соколордун 60, культивациялардын 62, сеялкалардын 54 жана чиркегичтердин  55 пайызы жумушка даяр. Күнөскана иштеткендердин саны да арбыды. Учурда областта 546 күнөскана иштейт. Бул 2016-жылга караганда 42 пайызга көп. 

 

Гүлнура КЕЛДИБАЕВА

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Ок атуучу курал алынды Ок атуучу курал алынды

                            Жума ичинде Жалал-Абад областында жарандардан 3 сайлуу ок атуучу куралдар алынды. ОИИБнын аймактардагы бөлүмдөрү эл арасында мыйзамсыз сакталган ок атуучу...

21 - Сентября  2018 | 11 : 3259
Колдоодон качкан мекемелер кимдер? Колдоодон качкан мекемелер кимдер?

                              Бүткүл дүйнөлүк III көчмөндөр оюнуна аттанаардан бир күн мурда Жалал-Абад областтык Барпы театры жана Т. Тыныбеков...

30 - Августа  2018 | 9 : 39101
Жаш жарандардын келечеги үчүн Жаш жарандардын келечеги үчүн

   Он жети миң калкы бар Кочкор-Ата шаарында  социалдык буйрутмалар ишке ашырылганы турат. Тактап айтканда, шаардагы 12-18 жаштагы 2000 ге чукул  балдардын бош убактысын туура пайдалануусу,...

27 - Июня  2018 | 9 : 52150
АЙМАКТАРГА МИГРАЦИЯ КЫЗМАТЫ КЕРЕК АЙМАКТАРГА МИГРАЦИЯ КЫЗМАТЫ КЕРЕК

  Эми Жалал-Абад шаарындагы бардык мекеме-ишканаларда, коомдук бирикмелерде, маалыматтар кату кызматтарында адам сатууга каршы ар кандай расмий, коомдук иш-чаралар күчөтүлөт. Ал эми аймактарда мурда болуп...

21 - Июня  2018 | 6 : 3252
Сандарыгер жетишпейт Сандарыгер жетишпейт

            Жалал-Абад шаардык оорулардын алдын алуу жана санитардык көзөмөл борборунун маалыматына караганда шаарда 900 обьект, областын аймагында 4000 миңден ашык обьект  жылына бир жолу...

21 - Июня  2018 | 6 : 7126
Ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет Ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет

    Кыргызстанда алгачкы жолу  Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын базасында  ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет.  Бейтаптарды чукул кабыл алып, андан ары тиешелүү...

21 - Июня  2018 | 6 : 14118
Азык-түлүк коркунучун алдын ал! Азык-түлүк коркунучун алдын ал!

  Азыркы учурдагы 5 мамлекеттен турган (Россия, Белорусия, Казакстан, Армения жана Кыргызстан) Евроазиялык экономикалык Бажы союзунун курамына кирип,  калкты коопсуз тамак-аш жана башка товарлар менен...

21 - Июня  2018 | 6 : 19134