Таштандыга төлөм кымбаттайбы?

26 - Февраля  2018 | 5 : 12200
Таштандыга төлөм кымбаттайбы?

Жалал-Абад шаардык «Тазалык» ишканасы  жаз алды менен тарифтерди жогорулатууну пландоодо. Бул тууралуу шаардык кеңештин сегизинчи чакырылышынын бешинчи сессиясында сөз болду.

Күн тартибинде каралган он маселенин орчундуусу болгон тариф таржымалы көп талкуу жаратты.“Тазалык” ишканасынын жетекчиси Төлөнбек Бакиров 2014-жылдан бери таштандыга болгон төлөмдөр көтөрүлбөгөндүктөн ишкананын айрым көйгөйлүү маселелерин чечүү кыйынга туруп жатканын кыйытты.

Буга чейин көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары жан башына 20 сомдон, жер үйдө жашагандар 23 сом 68 тыйындан төлөп келишкен. Эми көп кабаттуу үйлөрдө тургандар 25 сомдон, жер үйдөгүлөр 30 сомдон төлөө керектиги сунушталды. Бул сунушту депутаттар кабыл алып, токтом чыгарып берсе, март айынан баштап таштанды төлөмдөрү жаңы тариф менен ишке аша баштайт.

Айрым депутаттар бул сунушка макул болушпай, тарифтердин кымбатташы шаар тургундарына оор келерин айтышты. Депутат Мирлан Туманов финансылык маселелерди тарифтерди көтөрүү менен чечпестен, таштандыга убагында төлөбөй жаткан абоненттердин артынан түшүп төлөтүү менен кыйынчылыктан чыгуунун аракетин көргөн оң  деп эсептейт.

-Мен каршымын,силер жергиликтүү бюджеттен да 8 миллион 800 миң сурап жатасыңар. Бөлүнгөн ушул акча менен деле ички маселеңерди чечип алсаңар болот. Ошол эле учурда тарифтерди көтөрүүнү да көздөп жатасыңар. Муну жетекчинин иштин көзүн билбегендиги, чабалдыгы деп бааласа болот- дейт Мирлан Туманов.

Эгер баа көтөрүлсө,  ишканада иштеп жаткан 87 жумушчунун айлык акылары көбөйөт. Тактап айтканда, “Тазалыктын” капчыгына 3 миллион 450 сом кошулат. Андан сырткары эки күндө бир таштанды алууга мүмкүнчүлүк жаралат. Учурда 53 миң абонент таштанды төлөмдөрүн төлөшөт. Анын ичинен 15 миңи ар кандай себептерден улам таштандыга төлөөдөн баш тартышкан. Айрым акыр-чикир акы төлөөчүлөрдүн көчөсү менен турак-жайлардын арасына  таштанды ташуучу унаалардын кирүүгө мүмкүндүгү жок.  Бүгүнкү күндө ишкананын 1 миллион 268 миң дебитордук карызы бар. Көп жылдан бери16 үй бүлө таштандыга акча төлөбөй,  соттун кийлигишүүсү менен гана төлөп башташкан. Учурда эки жылдан бери таштанды үчүн акча бербеген жети адамдын иши сотто каралууда.    

Кошуна Ош шаарында таштандыга болгон тарифтер 25, 30 сомго көтөрүлгөн. Областтын аймагында да баалар бирдей эмес. Ала-Букада таштанды үчүн 27 сомдон алынат. Таштанды төлөмдөрүн кыбаттатуу Жалал-Абад шаарында эми гана көтөрүлүп жатат. Шаар мэри Салайдин Авазов “бул кескин кымбаттатуу эмес” деп эсептейт. Анын айтымында тарифтерди көтөрүү менен иштин сапаты да артышы керек. Учурда укук коргочулар, массалык маалымат каражаттары жана аймактык башкаруу кызматкерлери менен абоненттерди көбөйтүү аракеттери жүрүүдө.         

                                    

Гүлнура КЕЛДИБАЕВА

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИ КАНДАЙ САРПТАЛДЫ? ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИ КАНДАЙ САРПТАЛДЫ?

  Жалал-Абад шаарынын мэри Бишкектеги Жылуулук электр борборунун чатагы менен арызын жазып, кызматынан кетти. Ал эми Жалал-Абад шаарынын депутаттары 2016-2017-жылда шаар бюджетинин кандай иштетилгени тууралуу...

29 - Мая  2018 | 5 : 5576
Аймакка ичүүчү таза суу берилди Аймакка ичүүчү таза суу берилди

    Жалал-Абад шаарынын Чыңгыз Айтматов аймактык башкаруусуна караштуу 120 кожолук тургундар бир апта бою таза суунун жоктугунан кыйынчылык тартып келишкен. “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгына...

11 - Мая  2018 | 10 : 4981
IT чөйрөсүндө окууга кабыл алат IT чөйрөсүндө окууга кабыл алат

  Программалык жабдуулар жана Кызматтар Өндүрүүчүлөрүнүн Кыргыз Ассоциациясы жана IT Академиясы өзгөчө муктаждыктары бар жарандарга IT тармагында кыска мөөнөттүк окутуу боюнча жаңы долбоордун ишке...

11 - Мая  2018 | 10 : 5860
Жалал-Абад областында инвестиция тартуу көбөйүүдө Жалал-Абад областында инвестиция тартуу көбөйүүдө

  Жалал-Абад областында ар кайсы тармактарды өнүктүрүү багытында тартылып жаткан инвестицияинын көлөмү улам артып баратат. Быйылкы жылдын биринчи чейрегинде област боюнча 2 миллиард 399 миллион сомдук...

11 - Мая  2018 | 11 : 2349
Кыргыз сомуна 25 жыл Кыргыз сомуна 25 жыл

  1993-жылы 10-майда Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн арасынан алгачкылардан болуп өзүнүн жеке улуттук валютасын сомду жүгүртүүгө киргизген. Бул күнү баалар, эмгек акылар, стипендиялар пенсиялар, ишкана-мекемелердин...

10 - Мая  2018 | 8 : 384
Базар-Коргондун тургуну 19 жаштагы айылдашын бычактап салды Базар-Коргондун тургуну 19 жаштагы айылдашын бычактап салды

Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айылынын тургундары өз ара урушуп кетишип, 19 жаштагы И.А. аттуу тургунга 24 жаштагы айылдашы М. уулу Н. бычак уруп жиберген. Анын кесепетинен 19 жаштагы...

8 - Мая  2018 | 4 : 5471
Премьер-министр «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалдык... Премьер-министр «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалдык...

    Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарында «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалынын...

8 - Мая  2018 | 5 : 0106