Күйөө бала алты адамга бычак сайды

26 - Февраля  2018 | 5 : 36270
Күйөө бала  алты адамга бычак сайды

 

Ош областынын Өзгөн районунун тургуну Т. Максатбек Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Ай айылына  түн жамынып  барып,  кайын атасынын үйүнө кирип, бүлө мүчөлөрүнө бычак менен кол салган.  Милиция кабарлагандай  ал Кызыл-Ай айылындагы Ч. Баянбектин үйүнө бычак менен кирип келип, алгач кайын атасына бычак урган.  Күйөө жолдоштун жубайы 1993-жылы туулган Ж. кызы Гүлбарчын жана апасы Уулжан  кылмышкер менен алышкан. Мындан улам кайненеси кошуналарын жардамга чакырып, сыртка жүгүргөн. Күйөө бала анын артынан барып,  жардамга келген эки кошунасын бириктирип,   үчөөнө тең бычак шилтеп, денелерине оор жаракат келтирген. Натыйжада жардам берүү үчүн келген Кадырбек Бешкемпиров  алган жаратынан улам дүйнө салды. 

Кылмышка шектүү кайрадан үйгө кирип,  жубайы Гүлбарчынды жана уктап жаткан алты жашар балага да бычак сайып, окуя болгон жерден качып кеткен.  Иликтөө иштеринин жүрүшүндө ал айылдардын биринин четинде жашырынып жүргөн жеринен кармалды.

Аталган факты боюнча өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү беренесине ылайык  кылмыш иши козголду. Кармалган жаран мал уурулук боюнча да мурда бир нече жолу соттолгондугу жана издөөдө жүргөндүгү такталды. Ал бир нече ай мурда шарттуу түрдө жаза алып, сот залынан бошотулган. Азыр камакка алынып, кылмыш иш иликтенип жатат.  Ошол эле күнү үй-бүлө мүчөлөрү райондук ооруканага жеткирип, аларга операция жасалган. Бирок, абалдары оор бойдон калууда.

 

Жумагүл ШАЙЫКОВА

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИ КАНДАЙ САРПТАЛДЫ? ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИ КАНДАЙ САРПТАЛДЫ?

  Жалал-Абад шаарынын мэри Бишкектеги Жылуулук электр борборунун чатагы менен арызын жазып, кызматынан кетти. Ал эми Жалал-Абад шаарынын депутаттары 2016-2017-жылда шаар бюджетинин кандай иштетилгени тууралуу...

29 - Мая  2018 | 5 : 5576
Аймакка ичүүчү таза суу берилди Аймакка ичүүчү таза суу берилди

    Жалал-Абад шаарынын Чыңгыз Айтматов аймактык башкаруусуна караштуу 120 кожолук тургундар бир апта бою таза суунун жоктугунан кыйынчылык тартып келишкен. “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгына...

11 - Мая  2018 | 10 : 4981
IT чөйрөсүндө окууга кабыл алат IT чөйрөсүндө окууга кабыл алат

  Программалык жабдуулар жана Кызматтар Өндүрүүчүлөрүнүн Кыргыз Ассоциациясы жана IT Академиясы өзгөчө муктаждыктары бар жарандарга IT тармагында кыска мөөнөттүк окутуу боюнча жаңы долбоордун ишке...

11 - Мая  2018 | 10 : 5860
Жалал-Абад областында инвестиция тартуу көбөйүүдө Жалал-Абад областында инвестиция тартуу көбөйүүдө

  Жалал-Абад областында ар кайсы тармактарды өнүктүрүү багытында тартылып жаткан инвестицияинын көлөмү улам артып баратат. Быйылкы жылдын биринчи чейрегинде област боюнча 2 миллиард 399 миллион сомдук...

11 - Мая  2018 | 11 : 2349
Кыргыз сомуна 25 жыл Кыргыз сомуна 25 жыл

  1993-жылы 10-майда Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн арасынан алгачкылардан болуп өзүнүн жеке улуттук валютасын сомду жүгүртүүгө киргизген. Бул күнү баалар, эмгек акылар, стипендиялар пенсиялар, ишкана-мекемелердин...

10 - Мая  2018 | 8 : 384
Базар-Коргондун тургуну 19 жаштагы айылдашын бычактап салды Базар-Коргондун тургуну 19 жаштагы айылдашын бычактап салды

Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айылынын тургундары өз ара урушуп кетишип, 19 жаштагы И.А. аттуу тургунга 24 жаштагы айылдашы М. уулу Н. бычак уруп жиберген. Анын кесепетинен 19 жаштагы...

8 - Мая  2018 | 4 : 5471
Премьер-министр «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалдык... Премьер-министр «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалдык...

    Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарында «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалынын...

8 - Мая  2018 | 5 : 0106