Кайдыгерликке кабылган музейлер

26 - Февраля  2018 | 9 : 5326
Кайдыгерликке кабылган музейлер

 

Областтагы  тарых музейлерди жакшыртууга анан да жетекчилеринин ишмердигине   көз салууну күчөтүү зарыл болуп турат. Анткени көпчүлүк музей жетекчилери иш учурунда каалагандай жүрүшөт, жумуш мезгилинде  каалганы кулпу кайтарган учурлар толук жоюлбай келет.  Мындай пикир КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков, КРнын маданият маалымат жана туризм министрлигинин областтагы координатору Рахматулла Козукеев баштаган бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда  социалдык тармактын иш планын иштеп чыгуу, маданий мекемелердин абалы талкууланган жыйында айтылды. Маалым болгондой, дубанда жалпы 337 маданият мекемелери бар, тактап айтканда 112 клуб, 190 китепкана, 21 музыкалык мектеп, 9 музейди түзөт. Андагы мекемелердин ичинен  КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан  8 маданият үйүн, Таш-Көмүр шаарындагы бир музыкалык мектепти жана  жети китепкананын имаратты кооптуу абалда деп тапкан. Маданий мекемелердин үчөөсү, ошондой эле 1926-жылы түзүлгөн областтык китепкананын имараты титулдук тизмеге кирип,  үмүт жанып турат.  Айылдагы клубдарга  кош көңүл мамиле жок, мүмкүнчүлүккө жараша жакшыртууга аракеттер көрүлүп жатат. Мисалы,  Ала-Бука районуна караштуу Ак-Коргон аймагындагы  маданият үйүн оңдоо үчүн  республикалык бюджеттен 3,5 миллион бөлүнүп, капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн.  Көк-Серек айыл аймагындагы маданий мекеме үчүн “Казакмыс Голд Кыргызстан” ишкана 700 миң сом бөлүп, оңдоо жумуштары колго алынган.  Быйыл дагы райондогу  2-3 маданий мекемелерди жакшыртуу кадамы пландалууда. Мындан башка район-шаарларда да аракеттер бар.  Жыйында айтор аймактагы маданий мекемелерди өнүктүрүү, социалдык тармактардын пландык иш-мерчемдери,  билим сапатын көтөрүү маселелери талкууланып, бир катар кемчиликтер да айтылды. Ошондой эле, өкмөт башчынын  областтын бренддин иштеп чыгууну 2018-жылдын бюджетине бекитүү боюнча атайын протоколдук тапшырмасы келген.  Мындан улам өкүлчүлүк тарабынан  экологиялык туризмдин бренддин иштеп чыгуу боюнча  Аксы, Базар-Коргон райондорунун жетекчилигине сунуш жиберилген. Анткени аталган райондордо Орто Азия мамлекеттерине белгилүү болгон   Сары-Челек көлү  менен  жаңгак токойунун мекени болгон Арстанбап аймагы бар, дал ушул жаратылышы кооз жерлер областтын брендди боло алат.  Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бул жаатта да иш алып барылып жаткандыгын айтышты. 

 

Көңүл жылытпаган көрүнүштөр

 

Жыйында айтылгандай, КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругуна ылайык түзүлгөн жумушчу топ  областтагы музейлердин ишмердүүлүгү  жеринде  текшерилди. Ыйгарымдуу өкүлчүлүктүн социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү  адиси Канышай Кадырованын айтымында, музейдин имараттары жергиликтүү башкаруу органдарынын балансында турат. Имараттарды оңдоп-түзөөгө, айланасын тосмолоого көмөк көрсөтүлүп келет. Токтогул районундагы Жоомарт Бөкөмбаев атындагы үй музейине райондук атайын өнүктүрүү фонддун эсебинен 201-жылы 2 миллион 400 миң сом бөлүнүп, капиталдык оңдоодон өткөн. Эшигинин алды толук брусчатка төшөлүп, чатыры жабылып, ички залдарына евроремонт жасалган. Эшик терезелери платискалык айнектерге алмаштырылган.  Ал эми Коргоол Досуевдин адабият музейине 500 миң  сом бөлүнүп, ремонт иштери жүргөн.   Аксы районундагы Жеңижоктун музейине КРнын маданият, маалымат жана туризм министрлигинен 29 миң 300 сом акча каражаты бөлүнүп, кароолкана, ажаткана курулган. Ноокендеги А. Кулумбетов атындагы тарыхый-этногрфиялык музейине Масы айыл өкмөтү тарабынан колдоо көрсөтүлгөн.

-Ал эми ички жана сырткы туристтерди тартууга музей кызматкерлерине көз каранды. Токтогулдагы А. Сүйөркулов музейинде чет элден келген туристтер үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк түзүлүптүр. Тактап айтканда музейде экскурсоводдор кыргыз, орус жана англис тилинде кеңири маалымат беришет. Ош-Бишкек жолунун жээгинде жайгашкандыктан чет элден келген туристтердин да саны арбып жатыптыр. Мектептер менен тыгыз иш алып баруу колго алынган. Ноокендеги А. Турумбетов музейи экспонаттарга бай, жетекчисинин дилгирлиги байкалат. Аксы районундагы Жеңижоктун музейинин жетекчисин жолуктура алган жокпуз. Музей жетекчилиги да кызматкерлери да элементардык кагаз иштерин аткарууга, отуруп иштөөгө шарттар уюштурулбаган. Дубал гезиттеринин эскилиги жетип, саргайып жазуулары окулбай калган. Ишти алга жылдыруу, аракеттенүү байкалбайт.  Бул имарат бүтүндөй Жалал-Абад областы суктануучу Сары-Челек коругуна барчу жолдун жээгинде жайгашкан, келген конокторго сөзсүз кызыгуу жаратат. Ага карабастан кош көңүлдүүлүк орун алган.  Жалал-Абад шаарындагы аймак таануу музейинде да жаңыланууга эч кандай аракеттер жасалбаган,- деп билдирди Канышай Кадырова.

Жеңижок музейинин жетекчилигине чара көрүлүүсү керектигин белгилеген  Ы. Ызабеков музей жетекчилеринин ишмердигине да көз салуу керектигин айтты.

-Музей жетекчилиги имараттын короосун кайтарып олтура бербестен элеттиктер менен сүйлөшүп,  түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен илгерки буюмдарды музейге жыйноого  аракет жасаштары керек. Чыгармачылык изденүүчүлүк да болуш керек.    Музейди кайтарып, короосун карап койгондо не пайда. Анан да музейдин жетекчилерине да көз салууга да көңүл бөлүү керек. Мына Аксыда жумушчу топ барганда музей жетекчисин таба алышкан эмес.  Музей жетекчилери каалагандай жүрүшөт, аларды иш  мезгилинде кайда жүргөнүн эч ким билбейт. Тийиштүү жетекчилер олтурасыңар караңыздар,- деди ал.

Ал эми Рахматулла Козукеев Чаткал районуна  ачык асман алдындагы музейди өнүктүрүүгө болоорун, жергиликтүү бийликтин да аракети керектигин белгиледи.

-Өзүңүздөр билгендей биздин областта  Тогуз-Торо районунда  ачык асман алдындагы музей бар. Ушундай  музейди Чаткалдагы тарыхый-архитектуралык Ыдырыс пайгамбардын күмбөзүн ачык асман алдындагы катары уюштурууга болот. Министрликке кайрылуу менен үч штат бирдигин ачтырып алсак жакшы болоор эле. Ал үчүн жергиликтүү бийлик сиздерден да аракет болушу керек.  Келген туристтердин тизмеги да иретке келет, отчет алууга да жакшы болот. Эл да бул комплекске жакшы келет,- деген пикирин ортого салды.

Мында бир кылымдык тарыхы бар Сузак районунда райондук деңгээлде музейдин жоктугу, эмдиги    жылы райондун 100 жылдыгына карата музей салуу зарылдыгы  белгиленди.  Ала-Бука районуна караштуу Сафед-Булан айылында жайгашкан “Шах-Фазл” мемориалдык комплекси үчүн 10 штат бирдиги каралып, бирок аталган айылда үч штаттагы кызматкер гана эмгектенет. Калган кызматкерлери Жалал-Абад шаарындагы областтык мекемеде иш жүргүзүшөт. Мындан улам штат бирдиктерин бириктирүү үчүн иш бөлмөлөр каралууда. Эгер айыл өкмөттөр имарат маселесин чечип берсе 10 штат бирдиги тең андагы аймакта олтуруп иш алып баруулары керек.

Санга эмес сапатка көңүл бөлгүлө

Былтыркы жылы  жалпысынан 3миңден ашуун маданий иш-чара өткөн. Деген менен бул  тактамага ишенүү кыйын болуп турат.

- 3миңден ашуун  саамалыктар өтүптүр, буга ишенүү кыйын. Мындай иш-чара өткөрө элекпиз. Аксыда 274, Ала-Бука районунда 427 иш-чара өткөнү боюнча жүрөт.  Түртүү иштерди өткөргөндөргө рахмат айтабыз, бирок эптеп санын көбөйтүп жазуу максат болбош керек. Карапайым калк катышкан, элге жеткиликтүү болгон  саамалыктар арбын болсун, санга эмес сапатка иштейли-деди  ыйгарымдуу өкүлдүн орун басары Ы. Ызабеков.

Үңкүрдө жашаган үй-бүлө көчүүсү керек

Базар-Коргон районуна караштуу Талдуу-Булак айыл аймагындагы үңкүрдө 15 жылдан бери жашоо кечирип келген Төлөн Мамарасуловдун бүлөөсүнөн кабар алуу  маселесин Рахматулла Козукевв козгоду.

-Үңкүрдө жашап жаткан үй-бүлө боюнча маалымат чыккан сайын ар кандай ойлор жаралып жатат. Ал түтүн жашап жаткан үңкүр кооптуу абалда экени айтылууда, кокустун орун алып дагы терс жагыбыздан өлкөгө дүң болбойлу. Имам өкүлдөрү  менен биргеликте барып түшүндүрүү ишин колго алуу керек-деген пикирин ортого салды.

Ыйгарымдуу өкүлдүн орун басары демилгени колдоп, тийиштүү кызматкерлерди эки аптанын аралыгында кабар алып, алардын үнүн угуп келүү  тапшырмасын берди. 

Жумагүл ШАЙЫКОВА

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Майлуу-Суудагы уран калдыгы кайда изилденүүдө? Майлуу-Суудагы уран калдыгы кайда изилденүүдө?

                 Майлуу-Суу шаарында  1946-1967-жылдары «Кыргызэлектроизолит» заводунда уран калдыктарын иштетилип, чыныгы уран сырт өлкөлөргө жөнөтүлүп турган. Ал...

21 - Сентября  2018 | 10 : 471
Каттоонун камылгасы, камсыздандыруунун кадамы кечеңдөөдө Каттоонун камылгасы, камсыздандыруунун кадамы кечеңдөөдө

  Өлкөдө 2020-жылы боло турган элди жана турак жайды каттоого даярдыктар Жалал-Абад областында  солгун жүрүүдө. Ар он жылда эл каттоо болгонуна карабастан бүгүнкү күнгө чейин айрым айылдардын,...

21 - Сентября  2018 | 11 : 2363
Бир короодогу эки мектептин зарылдыгы канчалык? Бир короодогу эки мектептин зарылдыгы канчалык?

  Ала-Бука районуна караштуу 1-Май айыл аймагынын Айры-Там айылында 5 миңге чукул калк жашайт. Кызыгы андагы айылда бир короодо М. Алымбеков жалпы орто мектеби жана Айры-Там мектеп-гимназиясы  жайгашкан,...

21 - Сентября  2018 | 11 : 2981
«Кан жетишсиз… Эмнеге?....» «Кан жетишсиз… Эмнеге?....»

                                                                                                               ...

27 - Июня  2018 | 9 : 38146
Дарбыз эмес дарт жейбизби? Дарбыз эмес дарт жейбизби?

    Учурда мөөнөтүнөн мурун, күч менен бышып жаткан мөмө-жемиштерден баш тартуу кыйынга турары белгилүү. Күн да ысып, тарс жарып дарбыз жегиң келген учур. Бирок, алардын ар дайым көзөмөлдө болуусу...

27 - Июня  2018 | 9 : 46165
Абактан кийинки азаптан кантип чыгабыз?.. Абактан кийинки азаптан кантип чыгабыз?..

    Түрмөгө түшкөн аялдардын көбү жакындарын өлтүрүп, же баңгизат менен кармалгандар. Арасында уурулук кылгандары да бар. Республиканын абак жайларында кармалган...

27 - Июня  2018 | 10 : 35155
Башкы плансыз болочок күткөн шаар Башкы плансыз болочок күткөн шаар

  Жалал-Абад шаары алгач шаар статусун алгандан тартып, 1950-жылы шаардын өнүгүшү үчүн алгачкы башкы (генералдык-генплан) планы бекитилген. Областтык керек-жарак коому, түштүк кыргыз жаңгак токойлору...

29 - Мая  2018 | 4 : 1162