Эмканалар жаңы имараттарга муктаж

28 - Февраля  2018 | 11 : 17256
Эмканалар жаңы имараттарга муктаж

 

 

Жалал-Абад шаарында сегиз үй бүлөлүк дарыгерлер тобу бар.Дээрлик баары эле заман талабына жооп бербейт. Айрыкча №1-, №5-, жана №7-эмканалар жаңы имаратка муктаж. Областтык үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчисинин орун басары Хадича Пратованын маалыматына караганда азыр №7 үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын “Катар” коомдук фонду жаңыдан куруп бермек болууда. Талаштуу жери оңунан чечилсе эле араб инвесторлору кайрымдууук ишин бажарышмак. 1928- жылы курулган  №1- Уй бүлөлүк дарыгерлер тобунун да имаратын ӨКМ  өтө кооптуу деп бүтүм чыгаргандыктан жаңыдан куруу зарылдыгы бар.  Учурда эмкана шаардыктарды жана шаар сыртынан келгендерди, жалпысынан 17000 калкты тейлейт.Эске салсак өткөн жылдын декабрь айында  Премьер министир Сапар Исаков  ушул жайды өз көзү менен көрүп  быйыл заманбап жаңы типтүү эмкана  куруларын билдирген. ҮДТнын жетекчиси Анара Алымкулова жыл сайын сылап-сыйпаган оңдоо иштеринен майнап чыкпай жатканын белгилейт.

-Бизде абдан чоң иштер жүргузүлөт. Жакынкы Сузак, Базар-Коргон райондорунун айылдарынан да оорулуулар келип көрүнүшөт. Профилактикалык жана лабороториялык анализдер да ушул жерде жүргүзүлөт. Лабороториябыздын абалы өтө оор. Полдору чирип түшүп калган. Жылына өзүбүз аракет кылып актап, сырдап алабыз- дейт Анара Алымкулова.

Жыртык-тешигин жергиликтүү бийликтин жардамы менен бүтөп келген бул эмкана быйыл жайында республикалык бюджеттин эсебинен жаңы, типтүү имарат курулат деп үмүт артып жаткан учур. Жетекчи А.Алымкулова  үмүтүбүз орундалбай калбаса экен дейт. Анткени буга чейин бир канча жолу мэриядан, ӨКМдан, архитектурадан келип кабар алышкан менен конкреттүү кадамдар башталган эмес. Шаар тургуну Айнура Кебекбаева  быйыл жаңы, типтүү эмкана курулса экен дейт. Ал бул жерде оорулууларды кабыл алуу жагдайы өтө начар экенин белгилейт.

-Анан калса ӨКМ бүтүм чыгарган соң кайсы күнү кай жагы көчүп басып калат деген коркунуч да болбой койбойт. Быйылкы региондорду өнүктүрүү жылында ак халатчандардын арманы эске алынаар дейт А.Кебекбаева.

Өкмөттүн бул кадамына сырттан келген фонддор да кол кабыш кылууда. Тактап айтканда, Жалал-Абад шаарындагы тез жардам кызматы араптардын “Асам Абилл” фонду тарабынан курулууда. Буга чейин тез жардамдын абалы тууралуу массалык маалымат каражаттары аркылуу бир канча жолу жогору жактарга кулак кагыш кагылган.

 

Гүлнура КЕЛДИБАЕВА

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИ КАНДАЙ САРПТАЛДЫ? ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИ КАНДАЙ САРПТАЛДЫ?

  Жалал-Абад шаарынын мэри Бишкектеги Жылуулук электр борборунун чатагы менен арызын жазып, кызматынан кетти. Ал эми Жалал-Абад шаарынын депутаттары 2016-2017-жылда шаар бюджетинин кандай иштетилгени тууралуу...

29 - Мая  2018 | 5 : 5576
Аймакка ичүүчү таза суу берилди Аймакка ичүүчү таза суу берилди

    Жалал-Абад шаарынын Чыңгыз Айтматов аймактык башкаруусуна караштуу 120 кожолук тургундар бир апта бою таза суунун жоктугунан кыйынчылык тартып келишкен. “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгына...

11 - Мая  2018 | 10 : 4981
IT чөйрөсүндө окууга кабыл алат IT чөйрөсүндө окууга кабыл алат

  Программалык жабдуулар жана Кызматтар Өндүрүүчүлөрүнүн Кыргыз Ассоциациясы жана IT Академиясы өзгөчө муктаждыктары бар жарандарга IT тармагында кыска мөөнөттүк окутуу боюнча жаңы долбоордун ишке...

11 - Мая  2018 | 10 : 5860
Жалал-Абад областында инвестиция тартуу көбөйүүдө Жалал-Абад областында инвестиция тартуу көбөйүүдө

  Жалал-Абад областында ар кайсы тармактарды өнүктүрүү багытында тартылып жаткан инвестицияинын көлөмү улам артып баратат. Быйылкы жылдын биринчи чейрегинде област боюнча 2 миллиард 399 миллион сомдук...

11 - Мая  2018 | 11 : 2349
Кыргыз сомуна 25 жыл Кыргыз сомуна 25 жыл

  1993-жылы 10-майда Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн арасынан алгачкылардан болуп өзүнүн жеке улуттук валютасын сомду жүгүртүүгө киргизген. Бул күнү баалар, эмгек акылар, стипендиялар пенсиялар, ишкана-мекемелердин...

10 - Мая  2018 | 8 : 384
Базар-Коргондун тургуну 19 жаштагы айылдашын бычактап салды Базар-Коргондун тургуну 19 жаштагы айылдашын бычактап салды

Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айылынын тургундары өз ара урушуп кетишип, 19 жаштагы И.А. аттуу тургунга 24 жаштагы айылдашы М. уулу Н. бычак уруп жиберген. Анын кесепетинен 19 жаштагы...

8 - Мая  2018 | 4 : 5471
Премьер-министр «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалдык... Премьер-министр «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалдык...

    Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарында «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалынын...

8 - Мая  2018 | 5 : 0106