Тергөөчүлөрдүн кемчиликтери айтылды

2 - Марта  2018 | 12 : 8245
Тергөөчүлөрдүн кемчиликтери айтылды

 

Кызматтык кылмыштардын ар бири сотко жетиши керек. Мындай пикирди Жалал-Абад областынын прокурору Өткүрбек Жамшитов кызматтык жана коррупциялык кылмыштар талкууланган ведомостволук ыкчам кеңешмеде билдирди. Анда коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 12-февралындагы “Сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча актуалдуу чаралар жөнүндө” чечимин ишке ашыруу башкы тема катары каралды.  Коррупциялык жана кызматтык кылмыштарды териштирүүдө кылмыш иш козголгон мезгилден баштап шектүүнүн мүлкүн издөө боюнча убагында чара көрүү зарылдыгы белгиленди. 

Областтагы  тергөө органдарынын кызматтык иштерди иликтөөдөгү кемчиликтер сөз болду. Буга байланыштуу Ө. Жамшитов алардан мамлекетке келтирилген чыгымды толугу менен төлөө боюнча каралган чараларды аткарууну талап кылды. Тергөөчүлөрдөн кызматтык кылмыштарды иликтөөдө өз мезгилинде катуу чараларды көрүү зарылдыгы да баса белгиленди. Маалым болгондой,  кызматтык кылмыштар боюнча 120 кылмыш иши козголуп,  мамлекетке 35 миллион 760 миң сомдук  зыян келтирилгени аныкталган. Козголгон кылмыш иштин 36сы УКМКга, 49 экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү органына, 35и ИИМге тергөө иштерин уюштуруу үчүн жиберилген. Тергөөнүн жыйынтыгы менен 44 кылмыш гана сотко жиберилген, мамлекетке 2 миллион сом өндүрүлгөн. Бул көрсөткүч  жумуштун жетиштүү иш алып барылбай жаткандыгынан кабар берет. Андыктан жумушту күчөтүү зарылдыгы турат.

 2017-жылы УКМК  органдары тарабынан 23, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү органдары тарабынан 13 кылмыш иш токтотулган. Буга байланыштуу  област прокурору аталган категориядагы бардык кылмыш иштерди сотко жеткирип, келтирилген чыгымды толугу менен төлөөнү талап кылды.

-Перспективасы бар кылмыштарды козгоп сотко өткөрүп беришибиз керек. Биз өз аракетибизге  сын көз караш менен карайлы, изденели, иштейли.  Жактоочу катары бир тарапка кетип жатабыз, экспертизага берип убакыт өткөрүп кызыкчылыктарга жол  берип койгон учур болууда, андайга жол бербейли. Чындыгында тергөөчүгө 20 күн жетиштүү, бирок  эки ай убакыт бар деп создуктуруп жиберүүдөбүз. Кызматтык  кылмыштардын ар бири сотко жетүүсү керек. Коррупциялык жана кызматтык кылмыштарды териштирүүдө кылмыш иш козголгон мезгилден баштап шектүүнүн мүлкүн издөө боюнча убагында чара көрүү керек.

Областтык прокуратурада  кызматтык жана коррупциялык кылмыштар, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык менчикти уурдоо боюнча токтотулган бардык иштерди иликтөө боюнча 24 адамдан турган жумушчу топ түзүлдү.  Токтоп турган кылмыш иштер бүт анализге алынат. Милицияда (3 пункт менен) 12 миңден ашуун иш токтоп турат. Анын ичинде экономикалык кылмышка байланышкандары да бар. Бүт баары такталышы керек, ушунун үстүндө иштейли,- деди ал.

Айтор, казынага кол салгандарды ачыктап, кылмыш жоопкерчилигине тартуу, коррупциялык иштерге бөгөт коюуга болгон мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу, мамлекеттин элдин кызыкчылыгы үчүн таза иштөө тартиптери катуу айтылды.

 

Жумагүл ШАЙЫКОВА 

 

 

 

 

 


 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Майлуу-Суудагы уран калдыгы кайда изилденүүдө? Майлуу-Суудагы уран калдыгы кайда изилденүүдө?

                 Майлуу-Суу шаарында  1946-1967-жылдары «Кыргызэлектроизолит» заводунда уран калдыктарын иштетилип, чыныгы уран сырт өлкөлөргө жөнөтүлүп турган. Ал...

21 - Сентября  2018 | 10 : 4224
Каттоонун камылгасы, камсыздандыруунун кадамы кечеңдөөдө Каттоонун камылгасы, камсыздандыруунун кадамы кечеңдөөдө

  Өлкөдө 2020-жылы боло турган элди жана турак жайды каттоого даярдыктар Жалал-Абад областында  солгун жүрүүдө. Ар он жылда эл каттоо болгонуна карабастан бүгүнкү күнгө чейин айрым айылдардын,...

21 - Сентября  2018 | 11 : 23249
Бир короодогу эки мектептин зарылдыгы канчалык? Бир короодогу эки мектептин зарылдыгы канчалык?

  Ала-Бука районуна караштуу 1-Май айыл аймагынын Айры-Там айылында 5 миңге чукул калк жашайт. Кызыгы андагы айылда бир короодо М. Алымбеков жалпы орто мектеби жана Айры-Там мектеп-гимназиясы  жайгашкан,...

21 - Сентября  2018 | 11 : 29247
«Кан жетишсиз… Эмнеге?....» «Кан жетишсиз… Эмнеге?....»

                                                                                                               ...

27 - Июня  2018 | 9 : 38287
Дарбыз эмес дарт жейбизби? Дарбыз эмес дарт жейбизби?

    Учурда мөөнөтүнөн мурун, күч менен бышып жаткан мөмө-жемиштерден баш тартуу кыйынга турары белгилүү. Күн да ысып, тарс жарып дарбыз жегиң келген учур. Бирок, алардын ар дайым көзөмөлдө болуусу...

27 - Июня  2018 | 9 : 46309
Абактан кийинки азаптан кантип чыгабыз?.. Абактан кийинки азаптан кантип чыгабыз?..

    Түрмөгө түшкөн аялдардын көбү жакындарын өлтүрүп, же баңгизат менен кармалгандар. Арасында уурулук кылгандары да бар. Республиканын абак жайларында кармалган...

27 - Июня  2018 | 10 : 35287
Башкы плансыз болочок күткөн шаар Башкы плансыз болочок күткөн шаар

  Жалал-Абад шаары алгач шаар статусун алгандан тартып, 1950-жылы шаардын өнүгүшү үчүн алгачкы башкы (генералдык-генплан) планы бекитилген. Областтык керек-жарак коому, түштүк кыргыз жаңгак токойлору...

29 - Мая  2018 | 4 : 1300