Кызмат адамдары жемкорлук менен жоопко тартылышты

2 - Марта  2018 | 12 : 14239
Кызмат адамдары жемкорлук менен жоопко тартылышты

 

Коррупцияга каршы күрөшүү багыты боюнча былтыркы жылы областтык прокуратура органдары тарабынан  келтирилген  прокурордук актылардын негизинде 303 кызмат адамды тартиптик, 87 кызмат адамы административдик  жоопкерчиликке тартылган. Жалал-Абад областтык прокуратурадан алынган маалыматка караганда,  прокуратура органдары тарабынан коррупцияга каршы күрөшүү багыты боюнча 2017-жыл ичинде 405 текшерүү жүргүзүлгөн. 

-Жыйынтыгында  ченемдик укуктук актыга карама-каршы келген укуктук актыга карата 21 прокурордук каршылык билдирүү, ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндө 182 сунуш берген.  Мыйзам талаптарынын бузулушун четтетүү  жөнүндө 84 талап, мыйзамды бузууга жол берилбестик жөнүндө 7 эскертүү берилген. Администрациялык жана тартиптик укук бузуулар жөнүндө 98 өндүрүш козголуп, администрациялык өндүрүш ишин кароонун жыйынтыгы менен 87 кызмат адамы администрациялык жоопкерчиликке тартылышты. Келтирилген прокурордук актылардын негизинде 303 кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке тартылды.  Прокурордук актылардын негизинде 5860859 сомдук (3149887 сом) мамлекетке келтирилген зыян өндүрүлдү.  Коррупцияга каршы аракеттенүү багытында 69 кылмыш иши козголду,-деп маалымдалат мекемеден.

Талдоо көрсөткөндөй,  2017-жыл ичинде прокуратура органдарынын текшерүүлөрдү жүргүзүү жана алардын жыйынтыгы менен аныкталган мыйзам бузууларга карата чара көрүү Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан бекитилген прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүн баалоонун критерийлерине ылайык жүргүзүлүп, көрүлгөн прокурордук чаралар сапат жагынан өзгөрүп, келтирилген зыянды аныктоо тажрыйбасы жакшы жолго коюлган.

Жумагүл ШАЙЫКОВА

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Жаш жарандардын келечеги үчүн Жаш жарандардын келечеги үчүн

   Он жети миң калкы бар Кочкор-Ата шаарында  социалдык буйрутмалар ишке ашырылганы турат. Тактап айтканда, шаардагы 12-18 жаштагы 2000 ге чукул  балдардын бош убактысын туура пайдалануусу,...

27 - Июня  2018 | 9 : 5272
АЙМАКТАРГА МИГРАЦИЯ КЫЗМАТЫ КЕРЕК АЙМАКТАРГА МИГРАЦИЯ КЫЗМАТЫ КЕРЕК

  Эми Жалал-Абад шаарындагы бардык мекеме-ишканаларда, коомдук бирикмелерде, маалыматтар кату кызматтарында адам сатууга каршы ар кандай расмий, коомдук иш-чаралар күчөтүлөт. Ал эми аймактарда мурда болуп...

21 - Июня  2018 | 6 : 3104
Сандарыгер жетишпейт Сандарыгер жетишпейт

            Жалал-Абад шаардык оорулардын алдын алуу жана санитардык көзөмөл борборунун маалыматына караганда шаарда 900 обьект, областын аймагында 4000 миңден ашык обьект  жылына бир жолу...

21 - Июня  2018 | 6 : 778
Ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет Ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет

    Кыргызстанда алгачкы жолу  Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын базасында  ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет.  Бейтаптарды чукул кабыл алып, андан ары тиешелүү...

21 - Июня  2018 | 6 : 1478
Азык-түлүк коркунучун алдын ал! Азык-түлүк коркунучун алдын ал!

  Азыркы учурдагы 5 мамлекеттен турган (Россия, Белорусия, Казакстан, Армения жана Кыргызстан) Евроазиялык экономикалык Бажы союзунун курамына кирип,  калкты коопсуз тамак-аш жана башка товарлар менен...

21 - Июня  2018 | 6 : 1982
ОИИБнин өздүк курамы ыктыярдуу кан тапшырууда ОИИБнин өздүк курамы ыктыярдуу кан тапшырууда

  Областтык кан борборунун кызматкерлери жана Улуттук Кызыл Ай Коому, ИИМдин Жалал-Абаддагы медицина кызматы менен биргеликте Жалал-Абад ОИИБнин өздүк курамына барып жолугушуп, жеринде ыктыярдуу...

21 - Июня  2018 | 6 : 2594
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИ КАНДАЙ САРПТАЛДЫ? ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИ КАНДАЙ САРПТАЛДЫ?

  Жалал-Абад шаарынын мэри Бишкектеги Жылуулук электр борборунун чатагы менен арызын жазып, кызматынан кетти. Ал эми Жалал-Абад шаарынын депутаттары 2016-2017-жылда шаар бюджетинин кандай иштетилгени тууралуу...

29 - Мая  2018 | 5 : 55167