Улуу жазуучу Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата: “Кыяматтагы” кыяматтар жөнүндө

2 - Марта  2018 | 12 : 43671
Улуу жазуучу Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата:  “Кыяматтагы” кыяматтар жөнүндө

 

Талас өрөөнүн жарып, Күркүрөө суусу агып өтөт. Анын боюнда Шекер деген кичинекей айыл бар. Ошол айылда улуу ойчул, ааламга аты чыккан жазуучубуз Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда туулган. Быйылкы жылы анын 90-жылдыгы белгиленүү алдында турат. Ал аз өмүрүндө көөнөрбөс улуу ойлорду камтыган чыгармаларды калтырды. Ошол чыгармалардын ичинен “Кыямат” романы жөнүндө сөз кылууну туура көрдүк.

    Бул чыгарма өз ичине камтыган окуялар: Европадан башталып, Кавказ тоолорун, Казакстандын улуу чөлдөрүн аралап, Өзбекстандын мейкиндиктери аркылуу Чүй бооруна, Ысык-Көл тоолоруна чейин келип жетет.

       Ал эми жазуучунун адам пендесине кыяматтар аркылуу эскертүү берүүлөрү жогоруда аталган территориялардан да арымдап өтүп, Аалам маселелерине  айланат.

 Чыгарманын каармандары да башка улуттан болуп бир бүтүндүктү түзүп турат. Башкы каарман Авдий Каллистратов -  улуту боюнча орус. Белгилүү чиркөө кызматкерлеринин үй-бүлөсүндө туулуп, дин кызматындагы семинарияда окуган. Бирок семинариядан көз карашы боюнча чиркөө окуларына каршы ойлору тууралуу айдалып кеткен.

     Сандро-грузин, жаңы доордун адамы, чекист.

  Бостон - кыргыз. Акыл-эстүү, ар кандай ишке көзү жеткен ишкер адам.

  Чыгарманын баштан аягына чейин катышкан бир жуп карышкыр, Ташчайнар менен Акбара. Бул бир жуп жырткычтар адам пендесинин бардык кыяматчылыгын тартып,  адам колунан өлөт.

 

Жетинин бири ( же “ Кыяматтын” биринчи кыяматы).

            Грузин балладасы

“ Эгер Чыңгызхан менен Гитлердин таланты бүткүл адамзаттын жакшылыгына багытталганда, жер шары азыркыдан сөөлөттүүрөөк абалга келип, жазыксыз миллиондогон элдердин каны бекерге төгүлбөйт эле. Бирок экөө тең дүйнөгө зор арман-тозок, кайгы-муң алып келген кара таланттар катарында тарыхта калышты”. Ч.Айтматов . “ Сократты эскерүү түнү” 474 бет,  2 – том.  3-басылыш “ Улуу тоолор”,  Бишкек, 2014-жыл.

Гурам  Джохадзе деген өткүр жигит топ курап, жаңы бийликке жанталаша каршы чыгат. Өзү мурдагы жылкычы, бу чөлкөмдөгү тоо арасын беш колундай билген неме. Куюндай чабуул коюп, кайра кайыптай жок болуп, колго түшпөй жүрөт. Ошондон улам анын тобуна Сандро аттуу чекист жиберилет. Чекисттин аракети менен Гурамдын тобу дарыядан өтөр жердеги кечүүдө мурдатан даярдалган буктурмага кабылат. Бул убакта Сандро дарыяга кире бериш жерде атынын басмайылы үзүлгөн болуп, бир бадалдын түбүнө түшүп,  байкоо салып турат. Джохадзе топ жигиттери менен дарыяда суу жиреп барат. Суунун дал  ортосуна жетип, алаканга салгандай дап-даана болуп берген кезде, өйүз-бүйүз эки жээктен эки пулемёттон каршы-терши ок мөндүрдөй төгүп кирет. Адамдар ат үстүнөн топтой учуп, сууга кулап, октон өлбөгөнү суунун ичинде тумчугуп, андан өлүп, суу үстү ат менен адам өлүгүнө толуп чыгат. Бирок, Гурам Джохадзе шарт артка бурулуп, аргымагынын күчү менен жээкке жетип, бадал аралай чаап,  октон кутулуп кетет. Ажалдан аман калган бир нече ишенимдүү жигиттери анын артынан жөнөйт. Көр башынын кутулуп кетип баратканын көргөн чекист Сандро ошол замат  атына мине аларга аралашып кошо кетет. Дарыянын ортосундагы бул кыргын Гурам кураган бул топтун жок болуп бүтүшү эле. Терең тоо арасына кирип, куугундан кутулганына көзү жетип , Гурам токтогондо анын артындагылар кошо өзүн кошо санаганда жетөө болуп чыкты.

  Тоо арасын жакшы билген Гурам ал күнү кечке кокту -колотту аралай жүрүп отуруп, кеч күүгүмдө Түркиянын чек арасына жакын жердеги токойлуу жерге өрүү кылышты.

   Бул түн Гурам үчүн уйкусуз болуп, ажыраган жигиттери жөнүндө, андан да келечек тагдыры тууралуу ой туманында болду. Ошондой эле Сандро да, канткенде корбашы Гурамды беш жигити менен жок кылары тууралуу ой, ага да уйку бербеди.

 Эртеси эрте Гурам аттарды токугула деп буйруду. Алтоо тең токулган аттарын жетелеп, корбашынын алдында турушту. Гурам терең үшкүрүнүп:

- Жок,  туулган жерден мынтип кеткенибиз туура болбойт. Бүгүн киндик кан тамган жер менен коштошобуз, анан ар кимибиз каалаган жолубузга түшөбүз. Мен Түркияга жол тартам. –

Анан ал эки жигитти шарап менен тамак алып келгиле деп, ишенимдүү кишилери турган жакынкы айылга жөнөттү. Сандро менен дагы бир жигитке отун чогултуп, аттарды күзөтүп турууну тапшырды. Өзү болсо,  жанына эки жигитти алып,  кечки тамакка бирдеме атып келели деп жөнөп кетти.

Кечинде баары,  алты адам жана жетинчи киши кайрадан чогулушту. Токойдун четине оттон улуу жагышты. Тасмалды жайып,  үстүнө Гурамдын ишенимдүү кишилери берип жиберген нан, шарап, туз, тамак-ашты коюшту. Бардыгы отко жакын отурушту мына ошондо Гурам мындай деди:

 –Досторум, биз жеңилдик, эки тарап согушса,  бири жеңет, бири жеңилет. Ошон үчүн согушат. Биз нечендин канын төктүк, биздин кан да кем төгүлгөн жок. Өткөн өттү, болору болду. Набыт болгон достордон да набыт болгон душмандардан да кечирим сураймын. Урушта өлгөн душман,  сага душман болуудан калат. Биз жеңилдик,  жеңиш бизден жүз үйрүп кетти. Бул жерде бизге эми орун жок. Бизге эч ким кечирим бербейт. Эгер жеңиш мен тарапта болгондо,  мен да душмандарымды эч аямак эмесмин. Эми биздин алдыбызда бир гана жол бар - бул жерден оолактап кетип , башыбызды бөтөн эл, бөтөн жер менен калкалашыбыз керек. Жети киши калдык. Бир аздан кийин жетөөбүз жети тарапка, бөтөн эл, бөтөн жерди көздөп кетебиз, тагдырдын башка салганын көрөбүз. Кана досторум, бири-бирибиз менен коштошолу, жерибиз менен коштошолу, грузин наны, тузу менен коштошолу, биздин мына бу шарабыбыз менен коштошолу.

    Ата-Мекенди алып кетүү мүмкүн эмес, алып кетсек сарсанаа, кусалыкты гана алып кетүүгө болор. Эгер Ата-Журт деген баштыктай сүйрөп, өзүң менен кошо алып жүрө турган нерсе болсо, анда анын баасы сокур тыйынга турбас эле. Кана эми, коштошоор алдында шараптан алалы да, биздин ырлардан үн созуп ырдайлы, анан коштошолу.

Шарап - грузин дыйкандарынын колунан чыккан накта шарап эле. Ичти жалындатып, ой сезимди сапырып, жан дүйнөдөн шаттык менен муңду бирдей чакырып, кайгы-касиеттин баарын козгоду.

Өзүнөн-өзү толкуп ташып, көөдөнгө батпай ыр төгүлүп кетти. Жетөөнүн тең үнү мыкты эле. Ырды теңир грузинге берген, ырдабаган грузин жок эмеспи, биринин үнү бирине шайкеш ар кимиси өзүнчө өз алына жараша үн созгону менен, бир бүтүн ыр жаралып, ал ыр өздөрү тегеректеп турган улуу оттой улам күч алып баратты.

                Алты адам менен жетинчи кишинин коштошуу ыры мына ушинтип башталды. Жетинчи киши өзүнүн мойнуна тагылган милдет тууралуу саамга да унуткан жок. Ырга ыр уланды. Алар тегеле туруп алып, колдорун бири-биринин ийинине артып коюп термелип, бирде бош таштап коюп ырдашты. Сандарын чаба бүт көңүлдөрү менен бийлешти. Бир гана Сандро  улам-улам ары жактан отун алып келип, отко таштоо менен бирге өз милдетин аткаруу үчүн мүмкүндүктү күтүп жатты. Ушул түнү коштошуп, айрылышаар алдында кайгылуу көөдөндөн эргип-эргип үн созгон ушу жети грузиндей бири-бирине жакын, бири-бирине бир туугандай жуурулушуп турду.

  Ичинде жетишерлик огу бар, бат атаар маузерди Сандро кезей кармап, биринчи ок менен топ башы Гурам Джохадзени сулата атты. Ошол замат ооздон чыгып жаткан ырдын абазы өчө электе калганын да биринен сала, бирин сулатты. Эмне болуп кеткенин билүүгө алардын чамасы да жетпеди. Иреңи куудай өчүп, купкуу болгон Сандро оттун тегерегинде сулап жаткан алтоонун куралдарын жыйнап алып,    аттардын үстүндөгү ээр - каштарына илди.  Андан кийин алардын башынан жүгөндөрүн шыпырып,  баарын коё берди. Анан Сандро сулап жаткан алтоону коштошкон сымал бир сыйра карап чыкты да, мындайраак басып барып, маузердин оозун чыкыйына такады. Октун үнү дагы бир жолу тоону жаңыртты. Сулап түшкөн бул адам грузин ырын ырдап бүткөндөрдүн жетинчиси эле.  Грузин балладасы мына ушинтип бүтөт.

    Жанагы жетинин бири тирүү калган соң,  сайраңдап жашай берсе болмок го, бирок өлүп тынды - себебин түшүндүрүү кыйын. Ар ким өзүнчө түшүндүрөөр жөнү бар. Мен болсом грузин болмушунун алигидей аякташынын  негизги себеби - жетөөнүн тең дил ишениминин биримдиги болгон - жетөө ырдаган ырда деген ойго келдим - дейт башкы каарман Авдий Каллистратов.

                Бул ойго кошумча катары менин пикиримде, ошол алты адам менен жетинчи кишинин мекен жоокерлери болгон жалпылыгы болсо керек деген сунуш айтаар элем.

  Сандронун өлүмүнөн улам автордун Атуулдук согуш трагедиясына каршы чакырыгы, Атуулдук согуш ошол улут үчүн - улут жоготуусу, улут кыяматы болоорун эскертет деген ойдомун.

                Ушул мезгилде ислам өлкөлөрүндө жүрүп жаткан Атуулдук согуштарга каршы ошол элдин тараптарына ыман келип, акыл калчап, тынчтыкка келсе,  Гурам, Сандро сыяктуу жоокерлеринин өлүмүн улуттун өлүмү деген түшүнүккө алып, ар кандай көз карашты бүтүн улуттун кызыкчылыгына, улут кыяматына эмес, улут тынчтыгына келсе деген бүтүм ушул грузин балладасы аркылуу сунуш айтылып жаткандай болот.

            Алимбай Мамиев, ардагер мугалим.

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Чыгыш менен Батыштын Чолпондору Чыгыш менен Батыштын Чолпондору

“Чыгыш менен Батыштын Чолпондору” дегенде, сөз кытайлык акын Ли Бо менен италиялык Данте Алигьери жөнүндө экендигин  окумал адамдар дароо билишет. Анткени, бул экөө өз чыгармалары менен таң келеринен кабар...

1 - Сентября  2016 | 13 : 511947
Элеттик акын элге отчет берет Элеттик акын элге отчет берет

    Тагдырын кыргыз журналистикасына арнап, катардагы кабарчылыктан, бир канча газеталарга редактор болуп иштеп жүрүп, азыркы күндө эс алууга чыкса да чыгармачылыкты таштабай, эргиген ырларды, прозалык...

24 - Июня  2016 | 11 : 371716