Мамлекеттик Туу жана ак калпак күнү шаңдуу белгиленди

3 - Марта  2018 | 6 : 35357
Мамлекеттик Туу жана ак калпак күнү шаңдуу белгиленди

 

3-март- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туу күнүнө, 5-март ак калпак күнүнө карата Жалал-Абад шаарынын тургундары жана мекеме ишканалардын кызматкерлери, студенттер эки топ болуп жөө жүрүшкө чыгышты. Алгач Жалал-Абад шаардык мэрия баштаган топ Ленина көчөсүнөн тартып жөө жүрүш жасаса, 2-топ Пушкина көчөлөрүнөн борбордук “Эркиндик” аянтына ак калпакчан, ак жоолукчан 3000ге жакын адамдар келишти.  Жөө жүрүш учурунда Мекенди, тууну, ак калпакты даңазалаган ураандар айтылып, катышуучулар тарабынан сүрөөнгө алынды. Эки жактан келген жөө жүрүшчүлөр борбордук аянтка чогулушуп, ал жерде расмий майрамдык салтанат өттү. Чогулгандарды Өкмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Турдалы Темирбаев, Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Мураталы Тагаев жана башкалар куттукташып, Кыргызстандын мамлекеттик желегинин жана улуттук ак калпактын мааниси тууралуу кеп салышты.

  • Улуттун баалуулуктары катары ак калпак күнү жылда белгидленип жатканы бул мамлекеттин ата-баларалдан бери келе жаткан нарк-салттарын сактоо катары кабыл алуубуз керек. Ал эми 3-март туу күнү өлкөдө жашаган ар бир атуул мамлекеттик символикаларды жаралуу тарыхын жатка билүү менен мекеме-ишканаларда алардын туура илинип туруусу кажет- деп баса белгиледи областтын өкүлү К.Сатыбалдиев.

Куралдуу күчтөрүнүн Аскер бөлүгүнүн жоокерлери мамлекеттик тууну салтанаттуу алып келишип, ал 27 метрлик асабага көтөрүлдү жана айдарым желге желбиреди. Жергиликтүү өнөрпоздордун күчү менен уюштурулган кеңири программадагы концерт берилип, шаардыктарга эстетикалык рахат тартууланды.

Ушундай эле иш-чара Жалал-Абад ОИИБнын жана шаар райондук ички иштер бөлүмдөрүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Туусу күнүнө карата жалпы өздүк курам астында кыргыз туусу көтөрүлдү.

 Элиза АКЖОЛТОЕВА

 

 

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Ок атуучу курал алынды Ок атуучу курал алынды

                            Жума ичинде Жалал-Абад областында жарандардан 3 сайлуу ок атуучу куралдар алынды. ОИИБнын аймактардагы бөлүмдөрү эл арасында мыйзамсыз сакталган ок атуучу...

21 - Сентября  2018 | 11 : 3264
Колдоодон качкан мекемелер кимдер? Колдоодон качкан мекемелер кимдер?

                              Бүткүл дүйнөлүк III көчмөндөр оюнуна аттанаардан бир күн мурда Жалал-Абад областтык Барпы театры жана Т. Тыныбеков...

30 - Августа  2018 | 9 : 39104
Жаш жарандардын келечеги үчүн Жаш жарандардын келечеги үчүн

   Он жети миң калкы бар Кочкор-Ата шаарында  социалдык буйрутмалар ишке ашырылганы турат. Тактап айтканда, шаардагы 12-18 жаштагы 2000 ге чукул  балдардын бош убактысын туура пайдалануусу,...

27 - Июня  2018 | 9 : 52152
АЙМАКТАРГА МИГРАЦИЯ КЫЗМАТЫ КЕРЕК АЙМАКТАРГА МИГРАЦИЯ КЫЗМАТЫ КЕРЕК

  Эми Жалал-Абад шаарындагы бардык мекеме-ишканаларда, коомдук бирикмелерде, маалыматтар кату кызматтарында адам сатууга каршы ар кандай расмий, коомдук иш-чаралар күчөтүлөт. Ал эми аймактарда мурда болуп...

21 - Июня  2018 | 6 : 3254
Сандарыгер жетишпейт Сандарыгер жетишпейт

            Жалал-Абад шаардык оорулардын алдын алуу жана санитардык көзөмөл борборунун маалыматына караганда шаарда 900 обьект, областын аймагында 4000 миңден ашык обьект  жылына бир жолу...

21 - Июня  2018 | 6 : 7129
Ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет Ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет

    Кыргызстанда алгачкы жолу  Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын базасында  ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет.  Бейтаптарды чукул кабыл алып, андан ары тиешелүү...

21 - Июня  2018 | 6 : 14121
Азык-түлүк коркунучун алдын ал! Азык-түлүк коркунучун алдын ал!

  Азыркы учурдагы 5 мамлекеттен турган (Россия, Белорусия, Казакстан, Армения жана Кыргызстан) Евроазиялык экономикалык Бажы союзунун курамына кирип,  калкты коопсуз тамак-аш жана башка товарлар менен...

21 - Июня  2018 | 6 : 19136