Суусуз калган аймактарды эпидемия каптайбы?

6 - Марта  2018 | 2 : 53465
Суусуз калган аймактарды эпидемия каптайбы?

Эпидемия каптап кетиши мүмкүн. Анткени мал-жандыктын баары сасып, ыпласка айланган сууну ичип жатат. Жагдай оор, өзгөчө кырдаалды киргизе турган абалга келип калды. Мындай маалыматты Ала-Бука районунун 1-Май айыл кеңешинин депутаты Адылбек Кожонов билдирди.

Анын айтымында  Көк-Таш, Көк-Серек жана 1-Май айыл аймактарын суугат суу менен камсыздап келген Чуст каналында акыркы 2 жумадан бери бир да тамчы суу акпай, жака белдеги аймактарда жашаган 10 000ден ашуун эл аябай кыйынчылыкка батып турган кези. Аймактар аркылуу Өзбекстандын Чуст районуна суугат суу кыштын кыраан чилдесинде да токтобой агып турган. Бирок, учурда Ызар айыл аймагына көпүрө курулуп жатат деген шылтоо менен суугат суу берүү 2018-жылдын 24-февралынан бери толук токтотулуп турат. Ал эми жергиликтүүлөрдүн 5000ден ашык кара малы, 30 000ден ашык кой-эчкиси суусуз кыйналганы аз келгенсип, жүздөгөн гектар эгин талаалар, элдин бак-дарактары, күздүк буудайлары аба-ырайынын кескин ысып кеткендигине байланыштуу, чаңкап турган маал. Адамдар кезек менен суу түтүктөрүнөн чыккан сууну аңдып, ошону менен малын суугарып, өтө кыйынчылык менен тирилик өткөрүп жатат.

Ал эми жергиликтүү бийликтердин бул жагдайга болгон аракетин сураганыбызда бир гана 1-Май айыл өкмөтүнүн башчысы Муктар Шербаев, чынында абал оор экендигин белгиледи.

-Элде мал көп болгондуктан, суу жеткирүү оор болуп жатат, күнү-түнү кезмет(дежурство) уюштуруп, Сумсар сайдын суусун арык менен да чакалап ташып да каналга куюп жатабыз, бирок бул аздык кылып жатат. Эгиндер, бак-дарактар эмес, мал-жанга араң суу жеткирип жатабыз. Маселеге тиешелүүлөр Т. Балтагулов айыл аймагында курулуп жаткан көпүрөгө шылташты. Көпүрө кураарда биздин аймак менен эч ким макулдашкан эмес. Бирок, ал жердегилер суу өтүп эле жатат, тык токтогон жок дейт. Анын үстүнө, алар суу бизге келбей жатканын билишпейт экен. Бизге суу Орто-Токой суу сактагычынан Өзбекстандын Касан-Сай району аркылуу келет да Чуст районуна өтүп кетет. Демек, суу Өзбекстан тарапта калып жаткандай-деди Муктар Шербаев.

Айыл кеңешинин депутаты Адылбек Кожоновдун белгилешинче 10 күндөн ашуун убакыт суусуз калган бул аймактарды ойлонгон адам  жоктой. Анткени аким же башка тиешелүү тармак  жетекчиликтеринен эч ким басып барган эмес.

-Ал эми эл болсо суу Өзбекстан алганда гана бизге келет экен, Орто-Токой суу сактагычы дале болсо бизге өтө элекпи деген маселелер менен кайрылышууда. Канал болсо сасып кетти, эпидемия каптап кетеби деген коркунуч бар-дейт ал.

 

Нурумбет Алишов, Жалал-Абад областы  

  

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Ок атуучу курал алынды Ок атуучу курал алынды

                            Жума ичинде Жалал-Абад областында жарандардан 3 сайлуу ок атуучу куралдар алынды. ОИИБнын аймактардагы бөлүмдөрү эл арасында мыйзамсыз сакталган ок атуучу...

21 - Сентября  2018 | 11 : 32116
Колдоодон качкан мекемелер кимдер? Колдоодон качкан мекемелер кимдер?

                              Бүткүл дүйнөлүк III көчмөндөр оюнуна аттанаардан бир күн мурда Жалал-Абад областтык Барпы театры жана Т. Тыныбеков...

30 - Августа  2018 | 9 : 39169
Жаш жарандардын келечеги үчүн Жаш жарандардын келечеги үчүн

   Он жети миң калкы бар Кочкор-Ата шаарында  социалдык буйрутмалар ишке ашырылганы турат. Тактап айтканда, шаардагы 12-18 жаштагы 2000 ге чукул  балдардын бош убактысын туура пайдалануусу,...

27 - Июня  2018 | 9 : 52190
АЙМАКТАРГА МИГРАЦИЯ КЫЗМАТЫ КЕРЕК АЙМАКТАРГА МИГРАЦИЯ КЫЗМАТЫ КЕРЕК

  Эми Жалал-Абад шаарындагы бардык мекеме-ишканаларда, коомдук бирикмелерде, маалыматтар кату кызматтарында адам сатууга каршы ар кандай расмий, коомдук иш-чаралар күчөтүлөт. Ал эми аймактарда мурда болуп...

21 - Июня  2018 | 6 : 3306
Сандарыгер жетишпейт Сандарыгер жетишпейт

            Жалал-Абад шаардык оорулардын алдын алуу жана санитардык көзөмөл борборунун маалыматына караганда шаарда 900 обьект, областын аймагында 4000 миңден ашык обьект  жылына бир жолу...

21 - Июня  2018 | 6 : 7179
Ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет Ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет

    Кыргызстанда алгачкы жолу  Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын базасында  ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет.  Бейтаптарды чукул кабыл алып, андан ары тиешелүү...

21 - Июня  2018 | 6 : 14158
Азык-түлүк коркунучун алдын ал! Азык-түлүк коркунучун алдын ал!

  Азыркы учурдагы 5 мамлекеттен турган (Россия, Белорусия, Казакстан, Армения жана Кыргызстан) Евроазиялык экономикалык Бажы союзунун курамына кирип,  калкты коопсуз тамак-аш жана башка товарлар менен...

21 - Июня  2018 | 6 : 19197