Жашылдандыруунун үч айлыгы жарыяланды

6 - Марта  2018 | 11 : 49187
Жашылдандыруунун үч айлыгы жарыяланды

 

Кыргыз Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдин “Областтын аймагында айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык абалын жакшыруу жөнүндө”  2018-жылдын 5-мартында  №65-б номурлуу Жарлыгы чыкты. Ага ылайык областтын аймагында 1-марттан 31-майга чейинки аралыкта Жашылдандыруу жана көрктөңдүрүүнүн үч айлыгы жарыяланды. Бул маанилүү иш чараны өткөрүү боюнча  областтык штабдын курамы жана иш чаралары бекитилди. Өнөктүк областтын бардык аймагын камтыйт жана аны уюшкандыкта өткөрүү боюнча  райондордун акимдерине, шаарлардын мэрлерине жогорку жоопкерчилик жүктөлдү.

  Калктуу конуштардагы эс алуучу жайларга, сейил бактарына, аллеяларга, автожолдордун, көчөлөрдүн четине, имараттардын айланасына  бак-дарактардын, гүлдөрдүн түрдүү көчөттөрүн олтургузуу, айлана –чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөңдүрүү, жашылдандыруу,санитардык абалын жакшыртуу иштерин уюштуруу жана бул ишке жалпы калкты тартуу, жолдорду, тротуарларды ремонттоо, көчөлөрдү түнкүсүн  жарыктандыруу, бак-дарактарды актоо, арыктарды, сел арыктарды тазалоо, дарыя жээктерин тосуу, жер көчкү , суу ташкыны коркунучу бар аймактарга тез өсүүчү дарактарды, бадалдарды олтургузуу сыяктуу орчундуу милдеттер белгиленди.

”Акыйкат”

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИ КАНДАЙ САРПТАЛДЫ? ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИ КАНДАЙ САРПТАЛДЫ?

  Жалал-Абад шаарынын мэри Бишкектеги Жылуулук электр борборунун чатагы менен арызын жазып, кызматынан кетти. Ал эми Жалал-Абад шаарынын депутаттары 2016-2017-жылда шаар бюджетинин кандай иштетилгени тууралуу...

29 - Мая  2018 | 5 : 5576
Аймакка ичүүчү таза суу берилди Аймакка ичүүчү таза суу берилди

    Жалал-Абад шаарынын Чыңгыз Айтматов аймактык башкаруусуна караштуу 120 кожолук тургундар бир апта бою таза суунун жоктугунан кыйынчылык тартып келишкен. “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгына...

11 - Мая  2018 | 10 : 4981
IT чөйрөсүндө окууга кабыл алат IT чөйрөсүндө окууга кабыл алат

  Программалык жабдуулар жана Кызматтар Өндүрүүчүлөрүнүн Кыргыз Ассоциациясы жана IT Академиясы өзгөчө муктаждыктары бар жарандарга IT тармагында кыска мөөнөттүк окутуу боюнча жаңы долбоордун ишке...

11 - Мая  2018 | 10 : 5860
Жалал-Абад областында инвестиция тартуу көбөйүүдө Жалал-Абад областында инвестиция тартуу көбөйүүдө

  Жалал-Абад областында ар кайсы тармактарды өнүктүрүү багытында тартылып жаткан инвестицияинын көлөмү улам артып баратат. Быйылкы жылдын биринчи чейрегинде област боюнча 2 миллиард 399 миллион сомдук...

11 - Мая  2018 | 11 : 2349
Кыргыз сомуна 25 жыл Кыргыз сомуна 25 жыл

  1993-жылы 10-майда Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн арасынан алгачкылардан болуп өзүнүн жеке улуттук валютасын сомду жүгүртүүгө киргизген. Бул күнү баалар, эмгек акылар, стипендиялар пенсиялар, ишкана-мекемелердин...

10 - Мая  2018 | 8 : 384
Базар-Коргондун тургуну 19 жаштагы айылдашын бычактап салды Базар-Коргондун тургуну 19 жаштагы айылдашын бычактап салды

Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айылынын тургундары өз ара урушуп кетишип, 19 жаштагы И.А. аттуу тургунга 24 жаштагы айылдашы М. уулу Н. бычак уруп жиберген. Анын кесепетинен 19 жаштагы...

8 - Мая  2018 | 4 : 5471
Премьер-министр «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалдык... Премьер-министр «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалдык...

    Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарында «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалынын...

8 - Мая  2018 | 5 : 0106