Күйүк оорулар бөлүмү ачылат

7 - Марта  2018 | 9 : 41206
Күйүк оорулар бөлүмү ачылат

 

 

Жалал-Абад дубанында биринчи жолу 50 койкалуу күйүк оорулар бөлүмү  үчүн имарат салынып баштады.  Аталган бөлүмгө ылайыкталган имараттын капсула салуу аземи болуп, ага имаратты салууну колго алган “Ассанабил” фондунун Кувейттеги  өкүлдөрү,  Кыргызстандагы директору Нурмухаммед Миңбаев, КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев жана тармакка тиешелүү жетекчилер катышты.

Маалым болгондой,  бир да район-шаарлардагы ооруканаларда  күйүк оорулар үчүн бөлүмү жок, денелеринен күйүк алып ооруканага келген бейтаптар Ошко же Бишкек шарына жөнөтүлүп келет. Мисалы былтыркы жылы эле  областтык клиникалык оорукана 450 бейтапта ордолуу Ош шаарына жана борбор калаага жиберген.   

-Биз үчүн чоң кубаныч болуп турат. Анткени бизге жаны ооруп келген жарандарыбызга жетиштүү деңгээлде жардам көрсөтө албай  башка аймакка жөнөтүп келебиз. Бул  абал бейтаптарга эле оорчулук жаратып келди. Буйруса бөлүм ачылып калса, бизге түшкөн оорулуулар кыйналбай калышат.  Фонддун өкүлдөрүнө, министрликке, бөлүмдү ачуу зарылдыгын демөөрчүлөргө жеткирип демилге көтөргөн ыйгарымдуу өкүлгө ыраазычылыгыбызды билдиребиз-деди Ж. Карабаев.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана демөөрчүлөр имарат сапаттуу бүткөрүлүүсүн деген тилек менен капсула салышып, элге кызмат кылсын деген ойлорун ортого салышты.

Кошумчалай кетсек, ыйгарымдуу өкүл “Ассанабил” фондунун өкүлдөрүн кабыл алып, эки тараптуу сүйлөшүүлөр  да жүрдү. Анда К. Сатыбалдиев күйүк оорулар бөлүмүн ачуу зарылдыгы боюнча айткан сунуштарын четке какпай, колдоо көрсөтүшкөндүктөрү үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ал өз сөзүндө 1 миллиондон ашуун калкы бар областка күйүк оорулар борборун ачуунун зарылдыгы күч экендигин, ишке кирсе калк кыйналбай калаарын белгиледи. Демөөрчүлөр имаратты төрт айда бүтөөрүнө жана экинчи этапта жабдууларына да көмөк көрсөтүшөөр айтып, убада беришти.

Баарлашууда фонд өкүлдөрү  областтык оорукананын  дагы эки бөлүмүнө  имарат салууну ойлонуп жатышкандыгын айтышты.

Баса белгилей кетүүчү жагдай,  “Ассанабил” фондунун каржылоосунда  өлкөдө 20дан ашык медициналык мекеме салынган.

 

Жумагүл ШАЙЫКОВА

 

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Аймакка ичүүчү таза суу берилди Аймакка ичүүчү таза суу берилди

    Жалал-Абад шаарынын Чыңгыз Айтматов аймактык башкаруусуна караштуу 120 кожолук тургундар бир апта бою таза суунун жоктугунан кыйынчылык тартып келишкен. “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгына...

11 - Мая  2018 | 10 : 4933
IT чөйрөсүндө окууга кабыл алат IT чөйрөсүндө окууга кабыл алат

  Программалык жабдуулар жана Кызматтар Өндүрүүчүлөрүнүн Кыргыз Ассоциациясы жана IT Академиясы өзгөчө муктаждыктары бар жарандарга IT тармагында кыска мөөнөттүк окутуу боюнча жаңы долбоордун ишке...

11 - Мая  2018 | 10 : 5814
Жалал-Абад областында инвестиция тартуу көбөйүүдө Жалал-Абад областында инвестиция тартуу көбөйүүдө

  Жалал-Абад областында ар кайсы тармактарды өнүктүрүү багытында тартылып жаткан инвестицияинын көлөмү улам артып баратат. Быйылкы жылдын биринчи чейрегинде област боюнча 2 миллиард 399 миллион сомдук...

11 - Мая  2018 | 11 : 2316
Кыргыз сомуна 25 жыл Кыргыз сомуна 25 жыл

  1993-жылы 10-майда Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн арасынан алгачкылардан болуп өзүнүн жеке улуттук валютасын сомду жүгүртүүгө киргизген. Бул күнү баалар, эмгек акылар, стипендиялар пенсиялар, ишкана-мекемелердин...

10 - Мая  2018 | 8 : 326
Базар-Коргондун тургуну 19 жаштагы айылдашын бычактап салды Базар-Коргондун тургуну 19 жаштагы айылдашын бычактап салды

Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айылынын тургундары өз ара урушуп кетишип, 19 жаштагы И.А. аттуу тургунга 24 жаштагы айылдашы М. уулу Н. бычак уруп жиберген. Анын кесепетинен 19 жаштагы...

8 - Мая  2018 | 4 : 5415
Премьер-министр «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалдык... Премьер-министр «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалдык...

    Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарында «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалынын...

8 - Мая  2018 | 5 : 030
Россияга жетээриңиз менен катталыңыз! Россияга жетээриңиз менен катталыңыз!

    Россия Федерациясында быйылкы жылдын 14 – июнунан 15-июлуна чейин футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат болуп өтөт. Ага байланыштуу Кыргыз Республикасынын Россияга бара жаткан тургундары миграциялык...

8 - Мая  2018 | 5 : 1113