Рысбек Жабиров, кинорежиссер: ”Улуттук баалуулуктарга эшик ачтым”

7 - Марта  2018 | 9 : 4469
Рысбек Жабиров, кинорежиссер:  ”Улуттук баалуулуктарга эшик ачтым”

 

Азыркы кыргыз кинорежиссерлорунун арасында өз орду бар, таланттуу жана жаңычыл жигит Рысбек Жабиров  буга чейин “Кайып булак”, “Түндүктүк келин”, “Достор”, “ Талак”, “Учкуч”, “Мал доктур”, “Мезгил даарылайт”, “Квартирант” сыяктуу  ондогон кыргыз кинолорун көрүүчүлөргө тартуулады. Мындан сырткары бир катар  маанилүү иш чаралардын демилгечилеринин бири. Азыркы кезде “Журналист” аталышындагы  көркөм кинотасманын үстүндө иштеп, чарчап-чаалыгып турганына карабастан, андан эксклюзив интервью алууга жетиштик.

- Рысбек мырза, 5-мартты “Ак калпак күнү” деп жарыялоо демилгесин сиз көтөрүп чыккансыз, мындайча айтканда, ушул күндүн автору катары тарыхта калып жатасыз. Эмне үчүн ушундай күн болушун кааладыңыз?

- 2010-жылы менин  үй-бүлөмдө эки жакшы окуя жүз берди. Биринчиси кызыбызды турмушка узаттык. Анын артынан эле уул той, үй той өткөрдүм. Айтканга оңой болгону менен   ага даярдык көрүү, уюштуруу иштерин жасоо, өткөрүү кыйла  шайыңды алып коет го. Мен да ошондой иштер менен жүрө берип, сакалымды алганга да чолом тийбептир. Ал эми  ак калпакты бала күнүмдөн эле башымдан түшүрбөй кийип жүргөндү жактырамын. Ошол жакшылыктарымда деле башымдан түшкөн жок. Бирок, сакалым кыйла өсүп кетиптир. Аны өзүм деле, келинчегим деле байкабаптырбыз. Негедир адамдар мага  таң кала карап жатканын бир эки жолу байкап калдым. Анан бирөө ачык эле “эмне сенде “жаман иш” болуп кеттиби?” дегендей суроо салат. Мен таң калдым. “Кандай жаман иш болушу мүмкүн, менде азыр жакшылык болуп жатат да” дейм. Ойлоп көрсөм  башымда калпак, сакалым өскөн. Бизде  жакындарын каза тапса, аза катары эркектер сакалын  бир топ күн алышпайт эмеспи. Кыязы ошондой ойлошсо керек. Анан мага  “эмне үчүн ак калпакты“ жаман иш” болгондо, анан айрым улуттук майрамдарда, же тойлордо гана киебиз. Дайыма кийип жүрсөк болбойбу?“ деген ой кетти да, жүрөгүмдү өйүй баштады. Ал оюмду эч кимге деле айтпадым, ичимде эле сактап жүргөм.  Убакыт өтө берди. Жаңы жыл  да келди. Бир күнү   Бишкекте, Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда чоң концерт уюштурганбыз. Ал жерге белгилүү опера ырчысы Марат Ибраев деген  досум да келген. Ал дагы башына ак калпак кийип алыптыр. Экөөбүз сүйлөшүп турдук. Мен негедир баягы оюмду ушул досума айттым. “Эмне үчүн  улуттук ак калпагыбызды дайыма башыбыздан түшүрбөй кийгенге болбойт, бир күндү “Ак калпак күнү” деп жарыялап салбайлыбы?”-дедим. Ал дагы мени чын дилинен колдоп жатты. Анын мага минтип колдоо көрсөтүп жатканынан улам, “демек колдоого ала турган эле маселе өңдөнөт?” - деп, аз болсо да өзүмө канат байлап калгансыдым. Мен эми бул ойду кантип ишке ашырыштын жолун издеп жатканымда  кыргыздын белгилүү бир жигити чакырып, жаңы партия түзүп жатканын, анан менде жакшы идея бар экенин, ошол идеяны бирге ишке ашыруу сунушун айтты. Албетте, ал идеянын баасы да жогору болорун билдирди. Мен ошол жаңы партия ачып жаткандарга тилектеш болуп,  ойлонуп олтуруп, журналисттердин, коомдук активисттердин тобуна пресс-конференция уюштуруп, ушул ойду ортого салдым. Коомдук активисттер колдошту, журналисттер жазышты, элге таркатышты. Ошол жылы эле 5-мартты- “Ак калпак күнү “ деп жарыялап салдык. Биринчи майрамды өз эсебимден төрт миң доллар каражат жумшап,  өткөрдүк. Анда эч ким деле жеткиликтүү баа беришпеди, түшүнө деле алышкан жок. Кийинки жылы андан азыраак каражат жумшадык, андан кийинкисине дагы азыраак кетти. Анан эл да колдой башташты. Себеби, ак калпактын баасын, улуулугун биле башташты. Кантсе да бул баш кийим ата-бабаларыбыздын аздектеп кийип келген, кыргыз экенибизди тааныткан  ыйык буюм да. Аны аздектей албай,  тепсендиге таштаган, же  барктай  албаган, баасын билбегендерге белек катары тартуулап жүргөн күндөрүбүз болгон да. Биз ушул маселени көтөрүп, көшөрө бердик. Колдоочулар улам арбый берди. Дегинкиси баары бир кыргыз деген каныбыздагы намыскөйлүк, улуу сапатыбыз жашап келе жатыптыр. Ошол сапатыбызды жоготкон эмес экенбиз. Акыры  2016-жылы Кыргыз Өкмөтү “5-март-Ак калпак жана улуттук баалуулук күнү” деп жарыялады. Мына ошол Жарлыктын  негизинде республиканын бардык булуң - бурчунда бул күн улуттук баалуулукту барктай билген чоң майрам катары белгиленип жатат.

- Демек, максатыңызга жетиптирсиз да?

- Мен ушул ишим менен бир чоң жаңылык ачтым, же укмушту кыйратып салдым дегим келбейт. Болгону кыргыздын улуттук баалуулуктарын барктай билүүнүн эшигин гана ачтым . Ал эшикке кантип баш багат, андан аркы төргө кантип өтөт, ал жагы кыргыз элине көз каранды.

- Бул жолу “Ак калпак күнү”  беш бармак жасоо акциясы менен коштолот деген маалымат бар эле?

- Ооба, кыргыздын баалуулуктарын даңктап жаткан Даана  Асылбекова жана  Элнура Кулуева деген кыздарыбыз жана аларды колдоочулар  бар. Алар буга чейин “Ак элечек”  майрамын өткөрүп келишти. Эми “Беш бармак” акциясын өткөрөлү дешкен. Анда бир тонна беш бармак жасалып, элге акысыз таркатылмак. “Ала-Тоо” аянты суралган. Тилекке каршы, ал жерге уруксат берилген жок. Себеби, эл жүрө турган аймакта тамак аш бышырылганга болбойт экен.  Анан  “Аю-грант” соода борборунун алдына уруксат берилди. Бирок, ал аянтта чоң чоң  контейнерлер бар экен. Аларды башка жакка жылдыруу үчүн убакыт керек. Ошондуктан  убактысы 11-мартка жылдырылды. Буюрса ошол күнү  борбор каалабыздын тургундары, меймандары, жалпы коомчулук  кыргыздын улуттук тамагынын ана башы делген беш бармактан даам сызышат. Ал эми  “Ак калпак күнү” өз шааниси менен өлкөбүздүн бардык аймагында белгиленет.

- Маегинизге ырахмат.

Маек курган:

Бактыкан АЖЫМАМАТОВА

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Катюша минген жалгыз Кыргызстандыктын ысымы көчөгө неге ыйгарылбайт? Катюша минген жалгыз Кыргызстандыктын ысымы көчөгө неге ыйгарылбайт?

       Улуу Ата Мекендик согушта кан кечип,  согуш деген апаатты баштан кечирип, эл жердин бейпил жашоосу  үчүн өз өмүрүн аябаган, согушта катюша минген жалгыз Кыргызстандык Турду Исмановдун...

4 - Мая  2018 | 5 : 2252
Ааламдашуу доорун артка тарткан агымдар Ааламдашуу доорун артка тарткан агымдар

      Дегеле  жер алкагындагы  бардык мамлекеттерге коркунуч алып келген, анын ичинде  Кыргызстан үчүн да опурталдуу деп эсептелген   экстремисттик  аракеттер  ачык эле жүрүп...

6 - Апреля  2018 | 7 : 47129
Мечит менен мектептин атаандаштыгы күч алдыбы? Мечит менен мектептин атаандаштыгы күч алдыбы?

  Акыркы мезгилде  мектепке караганда мечиттердин көп курулуп, ага мектеп жашындагы балдардын да арбын тартылуусу коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурган орчундуу маселеге айланып бараткандай. Башка аймакты...

6 - Апреля  2018 | 8 : 3449
Заманбап бут кийим тиккен өтүкчү Заманбап бут кийим тиккен өтүкчү

  Сузак районунун Ырыс айылынын тургуну Шарабидин Рахимбердиев өз колу менен заманбап жана сапаттуу бут кийимдерди тигип сатып, киреше табууда. Эч кандай техника колдонулбастан кол жумушу менен...

19 - Марта  2018 | 9 : 5290
Аярлуу катмарлар да пайда келтирүүдө Аярлуу катмарлар да пайда келтирүүдө

Бүгүнкү экономикалык каатчылыкта алты саны аман, ишке толук жарактуу адам гана эмес, табияттын жазмышы менен көзү көрбөй, угуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган адамдар да кол куушуруп, олтуруп алганы жок. Алар да эч кимден...

26 - Февраля  2018 | 5 : 18117
Электрди үнөмдөп, кирешени көбөйтүңүз Электрди үнөмдөп, кирешени көбөйтүңүз

       Жыл өткөн сайын электр энергияга болгон муктаждык да өстү. Бир кезде бир үйдө бир эле сыналгы болсо азыр  экиден-үчтөн кезиктирүүгө болот. Электр тогу аркылуу иштей турган үй-тиричилигине...

6 - Февраля  2018 | 5 : 18118
“Жалалабатэлектро” ачык акционердик коомунун 6 жыл аралыгында... “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коомунун 6 жыл аралыгында...

        "Жалалабатэлектро" ачык акционердик коомунун негизги иш-милдеттери 35-10-6-0,4 кВ электр тармактары аркылуу электр энергиясын бөлүштүрүү жана сатуу, колдонууга уруксат берилген...

5 - Февраля  2018 | 4 : 55227