Мунарбек Куланбаев ,Токтогул районунун тургуну, чабандес-саяпкер: “Аппалуза жылкысынын түпкү теги биздин чаар жылкылар “

7 - Марта  2018 | 9 : 47284
Мунарбек  Куланбаев ,Токтогул районунун тургуну, чабандес-саяпкер: “Аппалуза жылкысынын түпкү теги биздин чаар жылкылар “

 

Токтогул районунун тургуну Мунарбек Кулданбаев дүйнөгө белгилүү жана жоголуп бара жаткан чаар жылкыларды багып келет.  Кыргыз элинин тарыхы камтылган жылкыларды изилдегенине 10 жыл болсо, үйүр түптөп бага баштаганына 8 жыл толду.  Анын короосундагы  Чаар сулуу жылкысы дүйнөдө белгилүү “ГЕРМЕС” аттуу Франциялык компания чыгарган жоолукта элеси түшүрүлгөн.   Мунарбек мырза дүйнөдө  популярдуу болгон Америкадагы  “аппалуза” жылкыларынын ата-теги биздин чаар жылкылар деп эсептейт. Анткени ал бир катар изилдөөлөрдүн кийин ушундай пикирге келген.  Жаңы Зеландиялык жылкычы айым Скотт Ингстром да телефильм көрүп олтуруп, кыргыздын чаар жылкысына көзү түшүп калат. Атайын Кыргызстанга келип, биздин чаар жылкыны сүйүүчүлөр менен биргеликте изилдөөгө да катышкан жайы бар.  Генетикалык иликтөөдөн соң ал да   “аппалуза” аттарынын түпкү мекени   өлкөдөгү чаар жылкылар экенине ишенип,  “Түндүк Америкага Европадан эмес Беринг кысыгы аркылуу Азиядан барган болушу мүмкүн” деп боо лгоп кеткен.  Дүйнөдө белгилүү жана жоголуп бара жаткан жылкылардын катарына кирээрине эл маани бербей жатканына өкүнгөн биздин каарман, өзү көбөйтүүнү колго алган.  Мындан улам Мунарбек мырзаны маекке тартып көрдүк.

- Мунарбек мырза, дүйнөгө белгилүү “аппалуза” жылкылары биздин чаар жылкылардан тараган деген пикирдеиайтып жүрөсүз.  Ага кандай негиздер бар?

-2008-жылы дүйнөлүк Би-Би- Си  телеканалынын журналисти Конор Вудман “Дүйнөнүн чар тарабындагы 80 соода” аттуу программасынын бир сериясын Кыргызстанда тарткан. Фильмдин максаты жылкы эмес ,соода сатык жөнүндө болчу. Ошондо  фильмге түшкөнбүз. Анда чаар жылкы да  кадрларга түшүп калган. Фильм дүйнө элине көрсөтүлгөн. Аны жаңы зеландиялык жылкычы аял көрүп, кызыгып, байланышка чыгып, сураштыра баштады.  Биздин жылкыларга чет өлкөлүктөр кызыга баштаганда өзүм бул жылкылар боюнча иликтей баштадым.  Көрсө чаар жылкылар  байыркы көчмөн кыргыздардын тарыхы менен терең байланышта болуп чыгууда. 2012-жылы Кыргызстандан, Европадан жана Америкадагы бир нече чаар жылкылардын ДНКсын алдырып, генетикалык анализ жасаганбыз. Изилдөөнүн жыйынтыгы менен дүйнөгө белгилүү болгон  “аппалуза” менен биздин чаар жылкылардын генетикалык маалыматы дал келген. Биз изилдөөлөргө таянып, “Америкага  Беринг кысыгы аркылуу өтүп кеткен” деп айтып жатабыз. Бүгүнкү күнгө чейин да изилдөөлөрдү жүргүзүп келе жатам. Ветеринардык генетикалык изилдөөлөр менен чектелип  калбастан ,тарыхый маалыматтардан, адабияттардан да маалыматтарды издеп келебиз.   Жылкылар боюнча түрдүү маалыматтарга ээ боло баштаган соң, өзүм да кыргыздын тарыхы камтылган жылкыларды көбөйтүүнү туура көрдүм. 2012-жылы  биринчи жолу Соң-Көлдөн  чаар сулууну  сатып алдым,  калгандарын ар тараптан  алып келдим.  Азыр бир үйүргө жетип калды. Ат жалында өскөн калкпыз дегенибиз менен өзүбүздүн жылкылардын кадырын билбей жатканыбыз мени  өкүндүрөт.

-Башка жылкылардан кандай өзгөчөлүктөргө ээ?

-Чаар  сулуудан  төртүнчү жолу кулун алынды. Бул жылкылар аябай акылдуу жаныбар. Денесиндеги кооз түстөрү,  оор климаттык шартка чыдамдуу,  акылдуу, күчтүү,  кубаттуу туяктары менен айырмаланат.  Негизгиси тоолуу шарттарга ылайыкталган, жем чөптү көп талап кыла бербейт, этин дагы жоготпойт, арыктаса да бат калыбына келет.  Чаар жылкынын 5 түрдүү өңү бар.  Өңүнө эле карабастан туяктарына, көз чанактарына да маани берилет.  Мунун басыгы да өзгөчө болот. Желдирип чуркаганда жерге бир гана туягы тиет.  Анан да  алыс жолго минген адамды чарчатпайт. 10-15 күн минүүгө туруштук бере алат,  анткени туягы бекем,  мык оңой менен кирбейт. Ден-соолугу да башка жылкыларга салыштырмалуу бекем болот. Бул жылкылар деле оорушат бирок башка жылкыларга салыштырмалуу оорусу жеңил өтөт, кээде байкабай да каласың.  Дагы бир өзгөчөлүгү дүйнөдө белгилүү, ошол эле тапта жоголуп бара жаткан  жылкылардын катарын толуктайт.  Негизгиси көчмөн кыргыз элинин бай тарыхы жатат.

-Тарыхый булактарда, китептерде чаар жылкылар боюнча жазылган  маалыматтардан да мисал келтире кетпейсизби?  

- Чаар жылкылар кытайдын тарыхый маалыматтарында, өзүбүздүн адабияттарда, “Манас”  эпосубуздан кездештирүүгө болот. “Манас” эпосунда Манастын  Ак  Кууласы тууган чаар бээ деп С. Каралаевдин баянында айтылат.Ошону менен бирге Манас бала кезинде Тору Чаар ат мингени да айтылат. Өзүбүздүн адабияттарда Толубай сынчы хандын бир да аты чаар жылкыга жетпегенин айткан үчүн, хан Толубай сынчынын көзүн  ойдурган.  Айта берсең мисалдар арбын.

 Ал эми кытай жазууларында болсо,  биздин заманга чейинки 141 жана 87 -жылдардагы император У Динин башкаруусунда жазылган. У Ди талаа согуштарына абдан чон аттар армиясын түзгөн. Бирок кытай жылкылары  жапыз бойлуу алсыз,  жай жүргөн  жана көтөрүмсүз болуп,  Хун империясынын күчтүү   жылкыларына тең  келе  алган эмес.  Иликтөөлөрүбүз токтой элек,  дагы да кызыктуу маалыматтарды таап чыгабыз деген ойдомун. 

-Сиз туристтерге дал ушул чаар жылкыларды сунуштайт экенсиз. Эмне чакырымды көп басабы? 

-Бул жылкылар бир калыпта жүрөт, узак чакырымды басып өтөт.  Күнүнө түздүктө 80-90 чакырымга чейин чарчабай жүрө алат,  тоолуу аймакта өйдө-ылдыйды эсептегенде жалпысы 40 чакырым жолду басып өтөт.  Акылдуу жаныбарлар биздин жашоо шартыбызга ылайыкташкан.  Мен туризм тармагында иштейм, башында түшүнбөстүктөн чоң аттарды алчуубуз. Туристтерге ат мингизгенибизде 1-2 күндө эле  чарчап, ооруп  калышчу.  Чаар жылкылар болсо  чарчоону билишпейт.  Азыр келген туристтерди  “талаа түздө жакшы жүрөт, чарчатпайт” деп  чаар жылкылар  менен көп күндүк турларды уюштуруп жатабыз.   Кыргызстанда акырындык менен туризм тармагы өнүгүп келе жатат. Буйруса чаар жылкыларды да көбөйтсөк, туристтерди  тейлөөдө зор күч болуп бере алат.  

-Сиздин Чар сулуу деген жылкыңызды  дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна келген   дүйнөгө белгилүү жылдыз Стивен Сигал минип чыкканы айтылып жүрөт...

- Чаар сулуу дүйнө элине көрсөтүлгөн фильмге тартылып калып, популярдуу болду.  Франциядагы белгилүү парфюмериялык каражаттарды чыгаруучу “ГЕРМЕЦ” деген фирма чыгарган жоолуктарынын бирине  Чаар сулуунун элесин түшүрүшүптүр.   Бул маалыматты ойлоп таап жатканым жок.  Швецарияга  барып калганымда аталган фирманын директору, жолукту жасаган дизайнери менен көзмө-көз сүйлөштүм, ошондо алар биз тарткан фильмди көрүшүп, Чаар жылкы Кыргызстандын кооз жаратылышы жана маданияты ушул жоолукту жаратууда илхом бергенин билдиришти. Эл оозуна алынып калган Чаар сулууну Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышкан    Стивен Сигалга мингизүү  пландалган. Бирок жылкынын бою жапыз болгон үчүн, тиги адам бойлуу болгон үчүн минбей калган.

-Жылкыларды кармоо менен өзүңүзгө пайда таба алдыңызбы?

-Мен пайда  үчүн баккан эмесмин. Менин максатым кыргыздын жоголуп бара жаткан жылкыларын сактап калуу,  кыргыз элинин терең тарыхын да изилдеп чыгуу болду. Башта базарлардан чаар жылкы көрүп калсам сатып алууга аракет жасачумун. Азыр эми өзүмдүн жылкыларым бир үйүр болуп калды, атагы чыккан Чаар сулуудан төрт жолу кулун алдым. Бир мезгилде Чаар сулууну чет өлкөлүктөргө сатканы макул болгом,  бирок ветеринардык сертификаттар дүйнөлүк стандарттарга туура келбегендиктен сыртка кетпей калган.  Азыр Чаар сулуу экөөбүз бири-бирибизге байланып калганбыз, шаардан келсем дароо тааныйт, өзү басып келип калат.  

Мени өкүндүргөн нерсе “ат жалында жүргөн элбиз” деп мактанганыбыз менен өзүбүздөн жоголуп бара жаткан жылкыларыбызды барктай албай жатабыз, маани берилсе жакшы болмок.

-Үйүргө салууда да өзгөчөлүгү болсо керек?

-Бир адамды жакшы көрүп калса, ошол адам үчүн күйөт. Өлүп баратса да жеткирчү жерге жеткирет. Үйүргө кошкондо кооптуу жерлерге алып барбайт, жакшы үйрүп, жакшы коргойт. Үйүрдө 20,25 бээни кармай алат.  Акылдуу жаныбар да.

-Алдыдагы  пландарыңыз?

-Эң  негизги максат  ушул жылкыны расмий кыргыз чаар жылкысы деген парода катары каттап алуу болуп жатат. Андан соң бул жылкынын ар тараптуу баалуулугун элге жеткирүү жана көбөйтүп ,сактап калуу.

Маектешкен Жумагүл ШАЙЫКОВА 

 

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Максат Абышкаев: “Биздин максат эс алуучуларга жакшы шарт жаратып... Максат Абышкаев: “Биздин максат эс алуучуларга жакшы шарт жаратып...

  Минералдык булактарга бай Жалал-Абад курорту кыйла кылымдан бери эле канчалаган элге белгилүү болуп келет. Жалал-Абад шаарын гана эмес өлкөнүн даңкын даалайга чыгара турган кооз жайлардын бири десе...

27 - Июня  2018 | 9 : 3188
Гүлзина Мөндөева, тележурналист :”Мекенчил сезим сөздө эмес жүрөктө... Гүлзина Мөндөева, тележурналист :”Мекенчил сезим сөздө эмес жүрөктө...

Гулзина Мөндөева деген ысым кыргыз журналистикасында өз ордун таап, бул тармактын өнүгүүсүнө опол тоодой салым кошуп жаткан  таланттуу, мээнеткеч кыздарыбыздын бири. Айрыкча телекөрүүчүлөргө “жоктон...

29 - Мая  2018 | 4 : 35174
Дамира Алимжанова, Жалал-Абад областтык Аялдар кеңешинин төрайымы:... Дамира Алимжанова, Жалал-Абад областтык Аялдар кеңешинин төрайымы:...

  Статистикалык маалыматка таяна турган болсок, Жалал-Абад областында бир миллион эки жүз миңден ашуун калк жашаса,  анын  52 пайызын аялзаты түзөт экен. Демек, жергебизде аруулукту кучагына камтыган,...

7 - Марта  2018 | 10 : 43283
Чакан шаардын чактап көтөргөн жүгү бар” Чакан шаардын чактап көтөргөн жүгү бар”

Өмүржан Бабатаев, Таш-Көмүр шаарынын мэринин милдетин аткаруучу:         Азыркы кезде бардык тармактарда, анын ичинде район-шаарларда ушул жылдын тогуз ай аралыгында аткарылган иш...

16 - Ноября  2017 | 8 : 47215
Айтбай Мусаев : “Жүз  жылдык суу түтүктөрү коюлууда” Айтбай Мусаев : “Жүз жылдык суу түтүктөрү коюлууда”

    Учурда суу түтүктөрүн алмаштыруу жана суу эсептегичтерди коюу иштери жүрүп жаткан учур. Окурмандарды ушул иштердин күңгөй-тескейи туурасында кабардар кылуу максатында...

27 - Октября  2017 | 10 : 16217
Фритс Йепсен : “Келечекте мал чарба азык-түлүгүнүн маркетингине жана... Фритс Йепсен : “Келечекте мал чарба азык-түлүгүнүн маркетингине жана...

  ИФАД(айыл чарбасын өнүктүрүү эл аралык фонду -IFAD -International Fund for Agricultural Development) - аталган уюмдун мүчөлөрү болуп эсептелген өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин айыл чарбасын өнүктүрүүгө жеңилдетилген...

9 - Октября  2017 | 5 : 52494
Мамасалы Акматов: “Областтагы талаш жерлердин көбү чечилип калды” Мамасалы Акматов: “Областтагы талаш жерлердин көбү чечилип калды”

    Учурда чек арага жакын талаштуу жерлерди тактоо иштери боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын атайын комиссиялары биргелешип чоң иштерди жүргүзүп жатышканы маалым. Ага биздин...

29 - Сентября  2017 | 6 : 22293