Укуктук сабатсыздык –адам сатууга ачылган каалга

7 - Марта  2018 | 9 : 54440
Укуктук сабатсыздык –адам сатууга ачылган каалга

 

Жакында Өкмөт башчы Сапар Исаков адам аткезчилиги боюнча мыйзам долбооруна кол койгон. Ага ылайык, жарандарды чет өлкөгө жөнөткөн агенттиктердин иши тыкыр көзөмөлгө алынып, адам сатуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги  жогорулаган. Адам сатуу - глобалдык масштабдагы кылмыш болуп эсептелет жана белгилүү өлкөлөрдө арзан жумушчу күчүнө болгон керектөөдөн башталып, аягы эксплуатация, мажбурлап иштетүү, кулдук, күнкордук  жана көп учурларда курмандык  менен бүтөт. Адам сатуунун басаңдабоосу мигранттардын санынын артышы менен түшүндүрүлүүдө. Мындай ойлор жакында 32 өкмөттүк эмес уюм укук коргоо органдары менен биргеликте Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык миграция уюму, КРнын ички иштер министрлигинин криминалдык милиция кызматы, “Аймира” коомдук  фонду жана жергиликтүү бийлик менен биргеликте  «Кыргызстанда адамдарды сатуу: коркунучтар, көйгөйлөр жана аларды чечүү»-деген аталышта өткөн жыйында айтылды.  

   

Төрт жыл кул болушуп...

 35 жаштагы  Нургүл менен жолдошу  Бакыт(аттары өзгөртүлдү)  экөө чет өлкөгө барып, кул болуп калышкан . “Бизди  жакын эле тууганыбыз тамеки талаасында иш таап бермекчи болуп, чет өлкөгө ээрчитип барып ,  сатып койгон” дейт жолдошу Бакыт.
- Жашоо-шарт жок, үй-жай жок. Айылда жашачубуз. Атам үйдү сатып салды. Арга жок шаарга келдик.  Бир жерде батирде турчуубуз. Бажам менен иштөө үчүн Кахакстандын тамеки талаасына иштөөгө макул болуп, үй-бүлөм менен барганмын. Анан документтердин баарын алып калып,  акча бербей иштетти. Анан качып келгенбиз-дейт ал.

 Төрт жыл жубайлар Казакстанда тамеки талаасында кул болуп жүргөн. Жубайы Нургүлдүн  айтымында эки баласын кулчулукта  жүрүп төрөгөн.

-Анан тамекиге иштетип-иштетип алып,кайра бизди карызсыңар деп,  мойнубузга  акча илип койду (көзүнөн жаш алып)...Ал жакта чоң балам боюмда бар эле. Өзүм ооруп, бир ай ооруканада жаттым. Тилден кетип, кулактан калып, сүйлөй албай, же укпай калдым. “Отуз миң теңге карызсыңар” деп, бизди бекер иштетти.  Анан, айла жок Казакстандын талаасы менен жөө жүрүп олтуруп, качып келгенбиз- деди , ал.        

Көздөгөн максатына жетпей, тескерисинче, кор болуп, иштеген эмгек акысын ала албай 4 жыл дегенде кулчулуктан чек ара аркылуу качып келишкен төрт баласы бар каармандар  учурда бараар жери жок, көчөлөрдө күн кечирип келишүүдө. 

 

Билбеген шорго малынат болуп...

“Аймира” коомдук  уюмунун өкүлү Нургуль Жолоева: -Көпчүлүк учурларда адамдар кайсыл жакта, эмне жумушта иштей тургандыктарын билбей туруп , кулчулукка дуушар болушат. Биздин коомдук уюм 2009-жылдан бери кулчулукка кабыл болгон жарандар менен иштеп келет. Көбүнчө адам сатууга кайсы катмарлар кабылышат? Бул калктын өтө оор , кыйналган жана аярлуу катмары. Жумушу жок, жашоо шарттары өтө татаал, кыйынчылыкка учурагандар тобокелге салып, негизги максат акча табуу болуп  калат да, бара беришет.  

Мындай  ойго, психолог Гүлмира Бөрүбаева да кошулат:

 -Мисалы, бизге кулчулукка кабылып келгендердин 90 пайызы  кыздар  жана алар кат жазууну билбейт. Өзүнүн атын да жаза албагандар бар. “Вербовщиктер” алардын психологиясын аябай жакшы билишет. Мисалы, Бишкекте иштеп жүргөн бир кызды ошол жердеги бир топ  кыздар “Кореяга барып иштеп келебиз” деп, азгыра башташат. “Мен тил билбеймин да” деп, жакшы эле кыйылат. “Ээ, ал жакка тилдин кереги жок, бара бер, ошол жактан бизге котормочу болот”-деп,  аны алдап, алып кетишет. Бирок,кыздар Кореяга барбастан, Түркияга барып калышат. Аларды башка бирөөлөр тосуп алат. Ал кыз ошондо гана аны алдашканын тушүнөт. Бирок,арга жок, ал жакта калып калат. Көрсө  ошол топ кыздарды кимдир бирөөлөр сексуалдык кулчулукка саткан экен. Колдорунда документтери, кайтып келели дешсе,акчалары жок,аргасыздан ошол жумушта иштеп калышат. Мисалдар толтура. Мындай абал кыргызстандык жаш кыздардын  коңшу  Казакстан менен Орусияга жумуш издеп барган учурларда да кездешет- дейт ал.

Ал эми көп жылдардан бери адам сатуудан жабыркаган жарандар менен иш алып барган “Эл аралык миграция” уюмунун өкүлү Амина Курбанова:

 -Адам сатуу деген түшүнүк өзүнө  “жалдоо, транспортировкалоо, адамдарды сатып жиберүү жана адамдарды өткөрүп алуу” дегенди камтыйт.Негизги максаты киреше табуу. Дүйнөнүн ар бир өлкөлөрүндө орун алган, миллиарддаган оборотторду жүгүртүүчү, уюмдашкан кылмышкерликти колдогон криминалдык аракет. Жарандар мамлекеттик чек аралар аркылуу мыйзамсыз алып өтүлөт, алардын көпчүлүгү аялдар жана жаш балдар. Кара жумушта эркинен айрылып ,кул болуп жүрүшөт. Андан сырткары, белгилүү өлкөлөрдө арзан жумушчу күчүнө болгон керектөөдөн башталып, аягы эксплуатация, мажбурлап иштетүү, кулдук, күнкордук  жана көп учурларда курмандык  менен бүтөт ,-деген оюн айтат.

Бөтөн жерде кулчулукка кабылгандарды куткаруу дагы бир топ мыйзамдык түйшүктөр менен коштолууда-дейт юрист  Кайыргуль Садыбакасова. Анын белгилөөсүндө адам сатуунун ар кандай түрлөрү бар, сексуалдык жактан кызмат көрсөтүү үчүн кыздарды алып кетишет. Алдап, алардын документтерин алып коет дагы, ал жакка баргандан кийин “ошол кызматтарды аткарасын” деп, зордук-зомбулукка да салышат. Көбүнчө буга себеп, маалыматтын жоктугу жана миграциядан каттоодон өтүшпөгөндүгү, өздөрүнүн укуктарын жакшы билишпегендиги болуп саналат.  

-Ата-энесине кыздар айта албайт. Андан кийинки турмушуна да кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн. Акча таап келдим ооба модель болуп иштедим деп гана коюшат. Укук коргоо органдарына берсе, эми алар башка мамлекет да, алардын укук коргоо органдары менен байланыш керек. Ал абдан татаал система. Бул жака келип арыз жазбайт. Адам сатуу – глобалдык масштабдагы кылмыш болуп эсептелет -дейт юрист.

 

Себеп менен күрөшүү натыйжалуубу?

Серепчилердин айтымында кулчулук менен күрөшүүдө анын кесепеттери менен эмес, себептери менен күрөшүш керек. Ошондуктан күрөшүүнүн бир ыкмасы–мигрантардын аң-сезимин жана билимдүүлүгүн жогорулатуу. КР ИИМ Криминалдык милиция кызматынын улук опери Жылдыз Ахмедгалиева жарандар кандай жолдор менен сыртка чыгуу керектигине токтолду:

 -Адам сатуу чоң кылмыш болуп эсептелет. Аны далилдөө өтө кыйын. Кулчулукка кабылгандар Кыргызстанга келип айтуудан уялышат. Дагы бул уурулар жана трафикерщиктер-булар адамды Казакстангабы же Россиягабы алып барып тапшырып коюшат. Алар кандай иштейт, иши жок. Бирөө келип эле паспортун берип коюшат. Паспортту алууга эч кимдин укугу жок, бирөөгө эч качан бербеш керек. Официалдуу түрдө укук коргоо органдары келсе, жөн гана текшерип карап коет, же кайра кайтарып бериш керек. Аны билбей эле паспортторун иш берген адамдарга берип коюп жатышат. Бизде Казакстан жана Россия менен биргеликте келишим бар ошого байланыштуу миграцияга кайрылып, анан кетиши керек. Жарандар кыйынчылыкты өздөрү түзүп жатат. Ошондуктан укуктук сабат берүү жагынан коомчулук жакшы аракеттерге өтүүсү кажет,-деген оюн билдирди. 

Үшул өңүттөн улай, адам сатуунун жана кулчулукка кабылган учурларды азайтуу үчүн Кыргызстанда калкка ММКнын атайын социалдык роликтердин көрсөтүүлүсү жана аэропортто, темиржол бекетинде эмгек мигранттар үчун маалымат баракчалары таркатуу  керек деген сунуштар да айтылды. Балким ошондо миграциянын агымы азайбаса дагы, мигранттар керекттүү билимге ээ болуп, укугун дагы эркин дагы сактай алышат.

П.С.:

Дүйнө жүзүндө 27 миллионго жакын адам кулчулуктун ар кандай формасынан жабыр тартат жана анын улуту, жынысы, жашы чектелген эмес. Эл аралык миграция уюмунун маалыматына ылайык, Кыргызстан кулчулукка туш болгон жарандарынын саны боюнча Борбор Азияда Өзбекстан менен Тажикстандан кийинки 3-орунда турат.

 

Элиза АКЖОЛТОЕВА 

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Майлуу-Суудагы уран калдыгы кайда изилденүүдө? Майлуу-Суудагы уран калдыгы кайда изилденүүдө?

                 Майлуу-Суу шаарында  1946-1967-жылдары «Кыргызэлектроизолит» заводунда уран калдыктарын иштетилип, чыныгы уран сырт өлкөлөргө жөнөтүлүп турган. Ал...

21 - Сентября  2018 | 10 : 46
Каттоонун камылгасы, камсыздандыруунун кадамы кечеңдөөдө Каттоонун камылгасы, камсыздандыруунун кадамы кечеңдөөдө

  Өлкөдө 2020-жылы боло турган элди жана турак жайды каттоого даярдыктар Жалал-Абад областында  солгун жүрүүдө. Ар он жылда эл каттоо болгонуна карабастан бүгүнкү күнгө чейин айрым айылдардын,...

21 - Сентября  2018 | 11 : 239
Бир короодогу эки мектептин зарылдыгы канчалык? Бир короодогу эки мектептин зарылдыгы канчалык?

  Ала-Бука районуна караштуу 1-Май айыл аймагынын Айры-Там айылында 5 миңге чукул калк жашайт. Кызыгы андагы айылда бир короодо М. Алымбеков жалпы орто мектеби жана Айры-Там мектеп-гимназиясы  жайгашкан,...

21 - Сентября  2018 | 11 : 295
«Кан жетишсиз… Эмнеге?....» «Кан жетишсиз… Эмнеге?....»

                                                                                                               ...

27 - Июня  2018 | 9 : 3899
Дарбыз эмес дарт жейбизби? Дарбыз эмес дарт жейбизби?

    Учурда мөөнөтүнөн мурун, күч менен бышып жаткан мөмө-жемиштерден баш тартуу кыйынга турары белгилүү. Күн да ысып, тарс жарып дарбыз жегиң келген учур. Бирок, алардын ар дайым көзөмөлдө болуусу...

27 - Июня  2018 | 9 : 46124
Абактан кийинки азаптан кантип чыгабыз?.. Абактан кийинки азаптан кантип чыгабыз?..

    Түрмөгө түшкөн аялдардын көбү жакындарын өлтүрүп, же баңгизат менен кармалгандар. Арасында уурулук кылгандары да бар. Республиканын абак жайларында кармалган...

27 - Июня  2018 | 10 : 35131
Башкы плансыз болочок күткөн шаар Башкы плансыз болочок күткөн шаар

  Жалал-Абад шаары алгач шаар статусун алгандан тартып, 1950-жылы шаардын өнүгүшү үчүн алгачкы башкы (генералдык-генплан) планы бекитилген. Областтык керек-жарак коому, түштүк кыргыз жаңгак токойлору...

29 - Мая  2018 | 4 : 1144