Тоо-кен тармагы жакшырат

7 - Марта  2018 | 10 : 4171
Тоо-кен тармагы жакшырат

 

Жалал-Абад областында 135 кен чыккан жер, 195 перспективдүү участоктор жана 57 рудалык көрүнүштөр бар.  Быйылкы “Аймактарды өнүктүрүү” жылында  бул тармакка  өзгөчө көңүл бурулат өңдүү. Анткени аткарыла турган иштер, чече турган маселелер  жана келечекте ишке ашыруучу жагдайлар оголе көп. Ушул маселеде жергиликтүү жетекчилердин ой-пикирин, сунуштарын угуу максатында  КРнын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин орун басары Азиз Сапаралиев Жалал-Абад  обасттык  өкүлчүлүктө аймактардагы жетекчилер менен жолугушту. 2017-жылдагы өнөр жай ишинин жыйынтыгы жана аны өнүктүрүү боюнча чаралар, отун-энергетикалык комплексин өнүктүрүү ошондой эле тоо кен казып чыгаруу тармагы тууралуу кыскача маалымат берилди.

Негизинен келген инвесторлор менен жергиликтүү тургундар ортосундагы пикир келишпестиктер орчундуу маселелерге айланууда. Азиз Сапаралиев компания тарабынан биздин мыйзамдар толук кандуу аткарылбагандыктан жана жумуш маселесиндеги көйгөйлөр чыр-чатактардын чыгуусуна өбөлгө болуп жатат деп эсептейт.   Ошондой эле экологиялык коопсуздуктар тууралуу маалыматтар да жеткиликтүү берилбегендиктен кен иштетүүчү ишканалар менен тургундар ортосунда  пикир келишпестиктер болууда. Быйылкы аймактарды өнүктүрүү үчүн ушул жагдайларга кылдат мамиле кылынмак болду.

Чаткал районунун акими  Канжарбек Эшалиевдин белгилөөсүндө  райондо 157 лицензият  иштеп, алардан түшкөн акча каражаты менен социалдык төлөмдөр өз нугу менен эле ишке ашып жатат.

Гүлнура КЕЛДИБАЕВА 

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Аймакка ичүүчү таза суу берилди Аймакка ичүүчү таза суу берилди

    Жалал-Абад шаарынын Чыңгыз Айтматов аймактык башкаруусуна караштуу 120 кожолук тургундар бир апта бою таза суунун жоктугунан кыйынчылык тартып келишкен. “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгына...

11 - Мая  2018 | 10 : 4933
IT чөйрөсүндө окууга кабыл алат IT чөйрөсүндө окууга кабыл алат

  Программалык жабдуулар жана Кызматтар Өндүрүүчүлөрүнүн Кыргыз Ассоциациясы жана IT Академиясы өзгөчө муктаждыктары бар жарандарга IT тармагында кыска мөөнөттүк окутуу боюнча жаңы долбоордун ишке...

11 - Мая  2018 | 10 : 5814
Жалал-Абад областында инвестиция тартуу көбөйүүдө Жалал-Абад областында инвестиция тартуу көбөйүүдө

  Жалал-Абад областында ар кайсы тармактарды өнүктүрүү багытында тартылып жаткан инвестицияинын көлөмү улам артып баратат. Быйылкы жылдын биринчи чейрегинде област боюнча 2 миллиард 399 миллион сомдук...

11 - Мая  2018 | 11 : 2316
Кыргыз сомуна 25 жыл Кыргыз сомуна 25 жыл

  1993-жылы 10-майда Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн арасынан алгачкылардан болуп өзүнүн жеке улуттук валютасын сомду жүгүртүүгө киргизген. Бул күнү баалар, эмгек акылар, стипендиялар пенсиялар, ишкана-мекемелердин...

10 - Мая  2018 | 8 : 326
Базар-Коргондун тургуну 19 жаштагы айылдашын бычактап салды Базар-Коргондун тургуну 19 жаштагы айылдашын бычактап салды

Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айылынын тургундары өз ара урушуп кетишип, 19 жаштагы И.А. аттуу тургунга 24 жаштагы айылдашы М. уулу Н. бычак уруп жиберген. Анын кесепетинен 19 жаштагы...

8 - Мая  2018 | 4 : 5415
Премьер-министр «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалдык... Премьер-министр «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалдык...

    Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарында «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалынын...

8 - Мая  2018 | 5 : 030
Россияга жетээриңиз менен катталыңыз! Россияга жетээриңиз менен катталыңыз!

    Россия Федерациясында быйылкы жылдын 14 – июнунан 15-июлуна чейин футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат болуп өтөт. Ага байланыштуу Кыргыз Республикасынын Россияга бара жаткан тургундары миграциялык...

8 - Мая  2018 | 5 : 1113