“Аксы кардио плюс” аары менен дарылайт

10 - Июня  2016 | 16 : 554368
“Аксы кардио плюс” аары менен дарылайт

     Аксы районунун борбору Кербен шаарынын Жетиген участкасына караштуу айыл четиндеги  калың бактын ичинде “Аксы кардио плюс” медициналык борбору иштеп келет.  Жолдун бир аз ыңгайсыздыгына карабастан мында келгендердин аягы үзүлбөйт.  Дарылоонун жыйырма үч түрүн жүргүзгөн бул борбордо  алты медицина кызматкери иштесе, ал топтун башында турган  чыгыш медицинасынын мыкты адиси Алмейиз Айтуганов республикадагы бирден бир дарыгерлердин сабында турат. Ал Бишкек шаарында туулуп-өсүп, ошол шаарда көп жылдан бери адистиги боюнча иштеп келген. Акыркы эки жылдан бери ушул борборго келип, эми эч жакка кеткиси жок.

-Мага бул жактын шарты, абасы, адамдардын сый мамилеси, таза пейили, меймандостугу жакты. Ошондуктан башка жакка кетүүнү ойлогон жокмун, буюрса  ушул жерден эч жакка жылбай адамдарга кызмат кыла берем деген ниеттемин, - дейт ал.

     Борбордогу шарт, андагы акыркы үлгүдөгү дарылоочу жабдыктар  келгендердин көңүлүн көтөрөт. Нерв, жүрөк кан тамыр, гипертония, ичеги-карын, гинекологиялык дарттарды   ийне саюу,  дененин бардык бөлүгүн укалоо, ылай жана парафин жабуу, суу, чөп менен дарылоодон сырткары бул жерде аары менен дарылоону да киргизишкен. Өзгөчөлүгү –     аары менен чактырышпайт, атайын тосмолонуп  жасалган орундуктун алдына аарылардын тобун  жайгаштырышып, алардын үнү менен гана дарылоо жүргүзүлөт.

-Аарынын ызылдаган добушу адам организмине оң таасирин тийгизет, нерв клеткаларын калыбына келтирип, жүрөктүн согуусун нормалдаштырат. Негизи  бул  жайда жарым саат жатуу менен адам  организми калыбына келет, - дейт дарыгер.

Бактыкан Ажымаматова

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИ КАНДАЙ САРПТАЛДЫ? ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИ КАНДАЙ САРПТАЛДЫ?

  Жалал-Абад шаарынын мэри Бишкектеги Жылуулук электр борборунун чатагы менен арызын жазып, кызматынан кетти. Ал эми Жалал-Абад шаарынын депутаттары 2016-2017-жылда шаар бюджетинин кандай иштетилгени тууралуу...

29 - Мая  2018 | 5 : 5578
Аймакка ичүүчү таза суу берилди Аймакка ичүүчү таза суу берилди

    Жалал-Абад шаарынын Чыңгыз Айтматов аймактык башкаруусуна караштуу 120 кожолук тургундар бир апта бою таза суунун жоктугунан кыйынчылык тартып келишкен. “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгына...

11 - Мая  2018 | 10 : 4982
IT чөйрөсүндө окууга кабыл алат IT чөйрөсүндө окууга кабыл алат

  Программалык жабдуулар жана Кызматтар Өндүрүүчүлөрүнүн Кыргыз Ассоциациясы жана IT Академиясы өзгөчө муктаждыктары бар жарандарга IT тармагында кыска мөөнөттүк окутуу боюнча жаңы долбоордун ишке...

11 - Мая  2018 | 10 : 5861
Жалал-Абад областында инвестиция тартуу көбөйүүдө Жалал-Абад областында инвестиция тартуу көбөйүүдө

  Жалал-Абад областында ар кайсы тармактарды өнүктүрүү багытында тартылып жаткан инвестицияинын көлөмү улам артып баратат. Быйылкы жылдын биринчи чейрегинде област боюнча 2 миллиард 399 миллион сомдук...

11 - Мая  2018 | 11 : 2352
Кыргыз сомуна 25 жыл Кыргыз сомуна 25 жыл

  1993-жылы 10-майда Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн арасынан алгачкылардан болуп өзүнүн жеке улуттук валютасын сомду жүгүртүүгө киргизген. Бул күнү баалар, эмгек акылар, стипендиялар пенсиялар, ишкана-мекемелердин...

10 - Мая  2018 | 8 : 387
Базар-Коргондун тургуну 19 жаштагы айылдашын бычактап салды Базар-Коргондун тургуну 19 жаштагы айылдашын бычактап салды

Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айылынын тургундары өз ара урушуп кетишип, 19 жаштагы И.А. аттуу тургунга 24 жаштагы айылдашы М. уулу Н. бычак уруп жиберген. Анын кесепетинен 19 жаштагы...

8 - Мая  2018 | 4 : 5472
Премьер-министр «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалдык... Премьер-министр «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалдык...

    Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарында «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалынын...

8 - Мая  2018 | 5 : 0108