200 аялга 500 сомдон акчалай сыйлык берилди

7 - Марта  2018 | 10 : 20166
200 аялга 500 сомдон акчалай сыйлык берилди

 

Жалал-Абад шаарынын мэриясы жана шаардык кеңеши Аялдардын эл аралык майрамы карата шаардын өнүгүшүнө активдүү салым кошуп жаткан 200 аялга 100 миң сом акчалай сыйлык беришти. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Барпы драмалык театрында белгиленген майрамдык салтанатка Жалал-Абад областынын район-шаарларынан ар кайсы тармактын алдыңкы аялдары келип катышышты. Аларга област жана шаар жетекчилери тарабынан сый-урмат көрсөтүлдү.

Жалал-Абад шаарынынвице-мэри Руслан Алтымышевдин айтымында, учурда ар тармактан аялдарды көрүүгө болот. Ошондукан аларга белгиленген бир гана күнү жакшы маанай тартуулап калбай, ар убак кам көрүү биздин милдет.

-Ал эми Жалал-Абад шаарынын мэриясы майрамга карата шаардагы 200 аялга 500 сомдон акчалай сыйлык тапшырылды. Аялдарга кандай камкордук керек болсо, ар убак даярбыз. Биз аялзаттарга дайыма жакшы шарттарды түзүп, камкордуктарды күчөтө беребиз,-дейт ал.

Кошумчалай кетсек, аялдардын майрамына арналган салтанатка КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков,  Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Мураталы Тагаев,  Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Руслан Алтымышов жана шаардагы мекеме-ишканалардын мырзаларыөздөрүнүн жакшы каалоо-тилектерин билдиришти. Андан соң, областтык филармониянын жана Барпы драмалык театрынын өнөрпоздору тарабынан кеңири программадагы концерт берилип, салтанаттын катышуучуларына майрамдык маанай тартууланды.

 Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарынын мэрия тарабынан майрамдык иш-чараны өткөрүүгө казынадан 125 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Анын ичинен 100 миң сому аялдарга майрамдык сыйлык катары тапшырылды.

 

Нурайым Турдумаматова

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Аймакка ичүүчү таза суу берилди Аймакка ичүүчү таза суу берилди

    Жалал-Абад шаарынын Чыңгыз Айтматов аймактык башкаруусуна караштуу 120 кожолук тургундар бир апта бою таза суунун жоктугунан кыйынчылык тартып келишкен. “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгына...

11 - Мая  2018 | 10 : 4933
IT чөйрөсүндө окууга кабыл алат IT чөйрөсүндө окууга кабыл алат

  Программалык жабдуулар жана Кызматтар Өндүрүүчүлөрүнүн Кыргыз Ассоциациясы жана IT Академиясы өзгөчө муктаждыктары бар жарандарга IT тармагында кыска мөөнөттүк окутуу боюнча жаңы долбоордун ишке...

11 - Мая  2018 | 10 : 5814
Жалал-Абад областында инвестиция тартуу көбөйүүдө Жалал-Абад областында инвестиция тартуу көбөйүүдө

  Жалал-Абад областында ар кайсы тармактарды өнүктүрүү багытында тартылып жаткан инвестицияинын көлөмү улам артып баратат. Быйылкы жылдын биринчи чейрегинде област боюнча 2 миллиард 399 миллион сомдук...

11 - Мая  2018 | 11 : 2316
Кыргыз сомуна 25 жыл Кыргыз сомуна 25 жыл

  1993-жылы 10-майда Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн арасынан алгачкылардан болуп өзүнүн жеке улуттук валютасын сомду жүгүртүүгө киргизген. Бул күнү баалар, эмгек акылар, стипендиялар пенсиялар, ишкана-мекемелердин...

10 - Мая  2018 | 8 : 326
Базар-Коргондун тургуну 19 жаштагы айылдашын бычактап салды Базар-Коргондун тургуну 19 жаштагы айылдашын бычактап салды

Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айылынын тургундары өз ара урушуп кетишип, 19 жаштагы И.А. аттуу тургунга 24 жаштагы айылдашы М. уулу Н. бычак уруп жиберген. Анын кесепетинен 19 жаштагы...

8 - Мая  2018 | 4 : 5415
Премьер-министр «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалдык... Премьер-министр «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалдык...

    Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарында «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалынын...

8 - Мая  2018 | 5 : 030
Россияга жетээриңиз менен катталыңыз! Россияга жетээриңиз менен катталыңыз!

    Россия Федерациясында быйылкы жылдын 14 – июнунан 15-июлуна чейин футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат болуп өтөт. Ага байланыштуу Кыргыз Республикасынын Россияга бара жаткан тургундары миграциялык...

8 - Мая  2018 | 5 : 1113