Дамира Алимжанова, Жалал-Абад областтык Аялдар кеңешинин төрайымы: “Аялзаты-аалам түркүгү”

7 - Марта  2018 | 10 : 43380
Дамира Алимжанова, Жалал-Абад областтык Аялдар кеңешинин төрайымы: “Аялзаты-аалам түркүгү”

 

Статистикалык маалыматка таяна турган болсок, Жалал-Абад областында бир миллион эки жүз миңден ашуун калк жашаса,  анын  52 пайызын аялзаты түзөт экен. Демек, жергебизде аруулукту кучагына камтыган, мээримдүүлүктү жүрөгүнө сыйдырган апаларыбыз, эже-сиңдилерибиз эркектерге караганда кыйла артыкчылык кылышат тура. Ошондон улам да бардык тармактарда кыз-келиндердин саны өйдө тургандай.  Мына ошол артыкчылыктардын сыры эмнеде жана биздин айымдардын майрам алдындагы маанайы кандай, ушул өңүттөгү суроолор менен областтык Аялдар кеңешинин төрайымы Дамира Алимжановага кайрылдык.

-Дамира айым, Жаз менен аялзатын салыштырып келебиз. Жаздагы сулуулукту аялзатынан гана көрүүгө болот. Ошол жаркып келген жаз менен кошо майрамдалып жаткан Аялдардын улуу күнүндөгү маанайыңыз менен бөлүшсөңүз?

- Албетте, жаздын керемети аялзатында гана бар. Андагы ажарлуу жана ажайып сулуулукту тим жеринен аялзатына салыштырышпайт. Кычыраган кыш жер алкагындагы ак мамыкты силкип салып, жашыл кымкап жамына баштаган кез менен туташ келген бул майрамдын улуулугу тууралуу канча айтсак да сөз бүтпөчүүдөй. Демек, маанайыбыз ачык. Мен ойлойм, жалпы областыбыздагы ардактуу ак элечек апаларыбыз, эже-сиңдилерибиздин да маанайы  ачык, жүздөрүндө бакыттын нуру төгүлүп турса керек. Себеби, бул Майрам биздики. Ар жылы белгиленип, ушул күнү жалаң аалам түркүгү болгон аялзатына карата  не деген керемет каалоо-тилектер, куттуктоолор айтылат. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мен дагы жалпы  жергебиздеги  айымдарды куттуктап кетким келет.   Апалар оорубасын, аялзатынын кабагы бүркөлбөсүн, ар биринин энелик бактысы ашып-ташып турсун.

- Кеп кезеги келгенде айта кетпесек болчуудай эмес, эми жергебизден чыккан атактуу айымдардын тизмегин эске  салалы.

- Туура, тээ кылым карыткан кыргыз тарыхындагы атактуу апаларыбызды, эжелерибизди туу туткан нечен даңктуу аялдарыбыз жашап өтүштү. Дайыма кеп салып кеткендей, акылман Каныкей, ажарлуу Айчүрөк, тайманбас Кыз Сайкалдардын көчүн улаган тарыхта аты калган Курманжан датка энебиз жана эмгектин ондогон баатырларын эмне үчүн бүгүн кепке албайбыз. Алардын ысмы менен, алар калтырып кеткен даңаза менен эс тарттык да. Кантип аларды унуталы. Алыс барбай өзүбүздүн областтан чыккан, ысмы легендага айланып бараткан  ондогон, жүздөгөн апаларыбыздын калтырып кеткен эмгектери эч качан унутууга мүмкүн эмес. Мен Айым апа тууралуу көп укчуумун. Анын эрдиги  Курманжан датка энебиздикинен кем эмес. Ааламды  куралы менен багындырып келе жаткан  Александр Македонскийди артка кайтарып, бүтүндөй Фергана өрөөнүн сактап калган апабызды бүгүнкү жана кийинки муун даңазасын ашыра турган кез келди. Ал эми  түштүк жергесинен чыккан алгачкы тракторист кыз Ырыс Кудайбердиева тууралуу да көпчүлүк билиш керек. Анын  тагдыры Уркуя Салиеваныкына окшош. Жыйырмадан эми гана өткөн жаш келин советтик доордун алгачкы кыйын кезеңинде, колхоздоштуруу саясаты башталган учурда басмачылардын колунан ажал тапкан.  Азыр анын атында Сузак районунда бир айыл жана бир айыл аймагы гана бар. Даңазасын дагы да көтөрүүгө эмнеге болбосун?

- Тарыхтан сөз баштап , тээ кылым бүктөмүндө калган доордогу апаларыбызды эске салдыңыз.  Ал эми советтик доордогу  атактуу аялзаты да бир топ эмеспи?

- Ооба, эгер биз тарыхты билсек, келечекке кеңири көз жүгүртө алабыз. Барыбызга белгилүү жергебиз дыйканчылыкка негизделген. Мал чарбачылыгы да жакшы өнүгүп келген. Өнөр жай, энергетика тармагын эске албаганда мамлекетибиздин экономикасынын өнүгүүсүнө эл чарбачылык тармагынын кошкон салымы бараандуу болуп келген. Айрыкча советтик доор өз өкүмүн жүргүзүп, темирдей тартип,  тазалык менен жоопкерчилик жогору бааланып турган кезде  өлкөнүн гүлдөшү үчүн айымдарыбыз ар тараптан салымын кошуп келишкен. Ошондон улам да  Эмгектин Баатырлары, депутат, эл башкарган башчы айымдарыбыз көп болгон. Атап айтсак, “ак алтынды” арбын алып, башкаларга үлгү болуп, анан “Алтын жылдызды” көкүрөккө тагышкан  Социалисттик Эмгектин Баатырлары Өлмөскан Атабекованы, Саадат Ногоеваны,  Анакыз Жумабаеваны кимдер билбейт. Ал эми Өлмөскан апабыз түзүп кеткен “Он алты кыз” пахтачылык бригадасы жана анын жетекчиси, СССР Жогорку Советинин депутаты Асылкан Акматова, Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты  Калипа Акматкулова, пахтакер-механизатор Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты  Алима Жолдошева, бир нече ордендин ээси Өктөмкан Рахманжанова, төрт түлүк малды күтүрөтө асырап, арбын төл алып, атагы алыска угулган, тогуз-торолук чабан, Социалисттик Эмгектин Баатыры      Маруся Турдубаева,  сүт көлүн жараткан даңктуу саанчылар , Социалисттик Эмгектин Баатыры Мариям Узденова, СССР Жогорку Советинин депутаты Рысбүбү  Сулайманова, алардын жолун улаган Рабыкан Канназарова, Ревза Шербаевалардын эмгегин дайыма сыймык менен атап турууга акылуубуз. Мына ушундай ак мээнетин элине арнаган апаларыбыз бар экен, алардын жолу менен азыркы муун келе жатат десек болот.

- Демек, азыркы замандын айымдары ошол көчтүн сабын улап жатат тура?

-Эми ар замандын, ар доордун өзүнчө артыкчылыгы, өзгөчөлүүгү жана баалуулугу болот. Бүгүн биз башка доордо, демократиялык түзүлүштө  жашап жатабыз дегенибиз менен аялзатынын коомдогу аткарган кызматы, орду, ролу ошол эле бойдон. Азыр аялдар бардык тармакта иштешет. Айрыкча базар экономикасынын эң тайманбас баатырлары болуп калышканы да чындык. Үй-бүлө туткасын бекем кармап турган да аялзаты. Айрыкча билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагындагы мээнеттери сөз жеткис. Эң оор жерлерде да айымдарыбыз жүрүшөт. Бийликте, саясаттагы кыз-келиндерибиз жүздөп саналышат. Кыргыз парламентинин көркүн ачкан, маселени орчундуу коюп, керектүү мыйзамдарды жазып, ошол мыйзамдын ишке ашуусуна салымын кошуп  жаткан активдүү, демилгелүү кыздарыбыз бар.

- Ошондой аялзатынын башын кошкон областтык Аялдар кеңешин жетектеп жатасыз. Кандай иш мерчемдерин белгилеп, кандай багытта жумуш жасап жатасыздар?

- Ооба, өткөн жылы областтык Аялдар кеңеши коомдук башталыштагы уюм катары  мыйзамдуу каттоодон өткөн. Юридикалык статус алган соң областтык Конференция өткөрүп, анда мени аялдар кеңешинин төрайымы кылып шайлашкан жана  активисттерибизди түзгөнбүз. Иш багыттарыбыздын негизин  областтагы аялдардын кызыкчылыгын коргоо, алардын коомдогу ролун көтөрүү, активдүүлүгүн арттыруу, эмгегин баалоо, бийликтин төмөнкү бутагынан тартып, жогорку баскычтарына чейин тартуу, саясатка көбүрөөк аралашуусуна шарт жаратуу. Ушундай максаттардын негизинде район-шаарларда  Аялдар кеңештери түзүлгөн. Улуу муундагы апаларыбыздан тартып, мектеп окуучуларына чейинки курамда активисттерди жаратуу үчүн аракеттерди жасап жатабыз. Негизи аялдар бири-бирине тилектеш болсо, бири-бирин колдосо көп жакшы нерсени жарата алабыз. Андыктан эң алдын  айымдардын биримдиги керек. Ушул маселе азыр орчундуу турат.

- Маегиңизге ырахмат, майрамыңыз  менен!

 

Маек курган Бактыкан АЖЫМАМАТОВА, “Акыйкат”

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Рысбек Жабиров, кинорежиссер: ”Улуттук баалуулуктарга эшик ачтым”

   Азыркы кыргыз кинорежиссерлорунун арасында өз орду бар, таланттуу жана жаңычыл жигит Рысбек Жабиров  буга чейин “Кайып булак”, “Түндүктүк келин”, “Достор”, “ Талак”, “Учкуч”, “Мал доктур”, “Мезгил даарылайт”, “Квартирант” сыяктуу  ондогон кыргыз кинолорун көрүүчүлөргө тартуулады. Мындан сырткары бир катар  маанилүү иш чаралардын демилгечилеринин бири. Азыркы кезде “Журналист” аталышындагы  көркөм кинотасманын үстүндө иштеп, чарчап-чаалыгып турганына карабастан, андан эксклюзив интервью алууга жетиштик.

  • Рысбек мырза, 5-мартты “Ак калпак күнү” деп жарыялоо демилгесин сиз көтөрүп чыккансыз, мындайча айтканда, ушул күндүн автору катары тарыхта калып жатасыз. Эмне үчүн ушундай күн болушун кааладыңыз?
  • 2010-жылы менин  үй-бүлөмдө эки жакшы окуя жүз берди. Биринчиси кызыбызды турмушка узаттык. Анын артынан эле уул той, үй той өткөрдүм. Айтканга оңой болгону менен   ага даярдык көрүү, уюштуруу иштерин жасоо, өткөрүү кыйла  шайыңды алып коет го. Мен да ошондой иштер менен жүрө берип, сакалымды алганга да чолом тийбептир. Ал эми  ак калпакты бала күнүмдөн эле башымдан түшүрбөй кийип жүргөндү жактырамын. Ошол жакшылыктарымда деле башымдан түшкөн жок. Бирок, сакалым кыйла өсүп кетиптир. Аны өзүм деле, келинчегим деле байкабаптырбыз. Негедир адамдар мага  таң кала карап жатканын бир эки жолу байкап калдым. Анан бирөө ачык эле “эмне сенде “жаман иш” болуп кеттиби?” дегендей суроо салат. Мен таң калдым. “Кандай жаман иш болушу мүмкүн, менде азыр жакшылык болуп жатат да” дейм. Ойлоп көрсөм  башымда калпак, сакалым өскөн. Бизде  жакындарын каза тапса, аза катары эркектер сакалын  бир топ күн алышпайт эмеспи. Кыязы ошондой ойлошсо керек. Анан мага  “эмне үчүн ак калпакты “жаман иш” болгондо, анан айрым улуттук майрамдарда, же тойлордо гана киебиз. Дайыма кийип жүрсөк болбойбу?“ деген ой кетти да, жүрөгүмдү өйүй баштады. Ал оюмду эч кимге деле айтпадым, ичимде эле сактап жүргөм.  Убакыт өтө берди. Жаңы жыл  да келди. Бир күнү   Бишкекте, Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда чоң концерт уюштурганбыз. Ал жерге белгилүү опера ырчысы Марат Ибраев деген  досум да келген. Ал дагы башына ак калпак кийип алыптыр. Экөөбүз сүйлөшүп турдук. Мен негедир баягы оюмду ушул досума айттым. “Эмне үчүн  улуттук ак калпагыбызды дайыма башыбыздан түшүрбөй кийгенге болбойт, бир күндү “Ак калпак күнү” деп жарыялап салбайлыбы?”-дедим. Ал дагы мени чын дилинен колдоп жатты. Анын мага минтип колдоо көрсөтүп жатканынан улам, “демек колдоого ала турган эле маселе өңдөнөт?” –деп,аз болсо да өзүмө канат байлап калгансыдым. Мен эми бул ойду кантип ишке ашырыштын жолун издеп жатканымда  кыргыздын белгилүү бир жигити чакырып, жаңы партия түзүп жатканын, анан менде жакшы идея бар экенин, ошол идеяны бирге ишке ашыруу сунушун айтты. Албетте, ал идеянын баасы да жогору болорун билдирди. Мен ошол жаңы партия ачып жаткандарга тилектеш болуп,  ойлонуп олтуруп, журналисттердин, коомдук активисттердин тобуна пресс-конференция уюштуруп, ушул ойду ортого салдым. Коомдук активисттер колдошту, журналисттер жазышты, элге таркатышты. Ошол жылы эле 5-мартты- “Ак калпак күнү “ деп жарыялап салдык. Биринчи майрамды өз эсебимден төрт миң доллар каражат жумшап,  өткөрдүк. Анда эч ким деле жеткиликтүү баа беришпеди, түшүнө деле алышкан жок. Кийинки жылы андан азыраак каражат жумшадык, андан кийинкисине дагы азыраак кетти. Анан эл да колдой башташты. Себеби, ак калпактын баасын, улуулугун биле башташты. Кантсе да бул баш кийим ата-бабаларыбыздын аздектеп кийип келген, кыргыз экенибизди тааныткан  ыйык буюм да. Аны аздектей албай,  тепсендиге таштаган,же  барктай  албаган, баасын билбегендерге белек катары тартуулап жүргөн күндөрүбүз болгон да. Биз ушул маселени көтөрүп, көшөрө бердик. Колдоочулар улам арбый берди. Дегинкиси баары бир кыргыз деген каныбыздагы намыскөйлүк, улуу сапатыбыз жашап келе жатыптыр. Ошол сапатыбызды жоготкон эмес экенбиз. Акыры  2016-жылы Кыргыз Өкмөтү “5-март-Ак калпак жана улуттук баалуулук күнү” деп жарыялады. Мына ошол Жарлыктын  негизинде республиканын бардык булуң - бурчунда бул күн улуттук баалуулукту барктай билген чоң майрам катары белгиленип жатат.
  • Демек, максатыңызга жетиптирсиз да?
  • Мен ушул ишим менен бир чон жаңылык ачтым, же укмушту кыйратып салдым дегим келбейт. Болгону кыргыздын улуттук баалуулуктарын барктай билүүнүн эшигин гана ачтым . Ал эшикке кантип баш багат, андан аркы төргө кантип өтөт, ал жагы кыргыз элине көз каранды.
  • Бул жолу “Ак калпак күнү”  беш бармак жасоо акциясы менен коштолот деген маалымат бар эле?

-Ооба, кыргыздын баалуулуктарын даңктап жаткан Даана  Асылбекова жана  Элнура Кулуева деген кыздарыбыз жана аларды колдоочулар  бар. Алар буга чейин “Ак элечек”  майрамын өткөрүп келишти. Эми “Беш бармак” акциясын өткөрөлү дешкен. Анда бир тонна беш бармак жасалып, элге акысыз таркатылмак. “Ала-Тоо” аянты суралган. Тилекке каршы, ал жерге уруксат берилген жок. Себеби, эл жүрө турган аймакта тамак аш бышырылганга болбойт экен.  Анан  “Аю-грант” соода борборунун алдына уруксат берилди. Бирок, ал аянтта чоң чоң  контейнерлер бар экен. Аларды башка жакка жылдыруу үчүн убакыт керек. Ошондуктан  убактысы 11-мартка жылдырылды. Буюрса ошол күнү  борбор каалабыздын тургундары, меймандары, жалпы коомчулук  кыргыздын улуттук тамагынын ана башы делген беш бармактан даам сызышат. Ал эми  “Ак калпак күнү” өз шааниси менен өлкөбүздүн бардык аймагында белгиленет.

  • Маегинизге ырахмат.

Маек курган Бактыкан АЖЫМАМАТОВА 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Максат Абышкаев: “Биздин максат эс алуучуларга жакшы шарт жаратып... Максат Абышкаев: “Биздин максат эс алуучуларга жакшы шарт жаратып...

  Минералдык булактарга бай Жалал-Абад курорту кыйла кылымдан бери эле канчалаган элге белгилүү болуп келет. Жалал-Абад шаарын гана эмес өлкөнүн даңкын даалайга чыгара турган кооз жайлардын бири десе...

27 - Июня  2018 | 9 : 31199
Гүлзина Мөндөева, тележурналист :”Мекенчил сезим сөздө эмес жүрөктө... Гүлзина Мөндөева, тележурналист :”Мекенчил сезим сөздө эмес жүрөктө...

Гулзина Мөндөева деген ысым кыргыз журналистикасында өз ордун таап, бул тармактын өнүгүүсүнө опол тоодой салым кошуп жаткан  таланттуу, мээнеткеч кыздарыбыздын бири. Айрыкча телекөрүүчүлөргө “жоктон...

29 - Мая  2018 | 4 : 35245
Мунарбек  Куланбаев ,Токтогул районунун тургуну, чабандес-саяпкер:... Мунарбек Куланбаев ,Токтогул районунун тургуну, чабандес-саяпкер:...

  Токтогул районунун тургуну Мунарбек Кулданбаев дүйнөгө белгилүү жана жоголуп бара жаткан чаар жылкыларды багып келет.  Кыргыз элинин тарыхы камтылган жылкыларды изилдегенине 10 жыл болсо, үйүр...

7 - Марта  2018 | 9 : 47373
Чакан шаардын чактап көтөргөн жүгү бар” Чакан шаардын чактап көтөргөн жүгү бар”

Өмүржан Бабатаев, Таш-Көмүр шаарынын мэринин милдетин аткаруучу:         Азыркы кезде бардык тармактарда, анын ичинде район-шаарларда ушул жылдын тогуз ай аралыгында аткарылган иш...

16 - Ноября  2017 | 8 : 47286
Айтбай Мусаев : “Жүз  жылдык суу түтүктөрү коюлууда” Айтбай Мусаев : “Жүз жылдык суу түтүктөрү коюлууда”

    Учурда суу түтүктөрүн алмаштыруу жана суу эсептегичтерди коюу иштери жүрүп жаткан учур. Окурмандарды ушул иштердин күңгөй-тескейи туурасында кабардар кылуу максатында...

27 - Октября  2017 | 10 : 16292
Фритс Йепсен : “Келечекте мал чарба азык-түлүгүнүн маркетингине жана... Фритс Йепсен : “Келечекте мал чарба азык-түлүгүнүн маркетингине жана...

  ИФАД(айыл чарбасын өнүктүрүү эл аралык фонду -IFAD -International Fund for Agricultural Development) - аталган уюмдун мүчөлөрү болуп эсептелген өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин айыл чарбасын өнүктүрүүгө жеңилдетилген...

9 - Октября  2017 | 5 : 52565
Мамасалы Акматов: “Областтагы талаш жерлердин көбү чечилип калды” Мамасалы Акматов: “Областтагы талаш жерлердин көбү чечилип калды”

    Учурда чек арага жакын талаштуу жерлерди тактоо иштери боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын атайын комиссиялары биргелешип чоң иштерди жүргүзүп жатышканы маалым. Ага биздин...

29 - Сентября  2017 | 6 : 22378