Кургак учук азаюуда

14 - Марта  2018 | 10 : 37309
Кургак учук азаюуда

 

Жалал-Абад областында кургак учуктун дары-дармектерге туруктуу формасы менен катталгандардын саны өстү, анткени ушундай ооруларды аныктоо иши кыйла жеңилдеди. Буга чейин ооруну аныктоо көп убакытты талап кылса, эми жаңы келген аппараттардын жардамы менен оорунун диагнозу 2 саатта дайын болууда. Атайын тесттин жардамы менен аныкталган оорулууларды дарылап айыктыруу жагы колго алынгандыктан, мурдагы жылдарга салыштырмалуу илдетке чалдыккан улуулардын да, балдардын да саны азайып барат.

Областтык калкка кургак учук оорусу боюнча жардам көрсөтүү борборунун директорунун орун басары Кайрынса Дыйканбаеванын айтымында, буга чейин тийиштүү заманбап аппараттардын жоктугунан улам аталган борборунун адистери илдетти аныктоодо кыйналып келишкен. Борборго атайын аппараттар менен жабдылган унаалар келгенден кийин, алар алыскы элет аймактарына барып, калкты тийиштүү тесттен өткөрүү мүмкүндүгүн алышты. Эми атуулдар арасында оорунүн өтүшүп кеткен формасын азайтууга реалдуу техникалык шарт жаралды.

Ал эми ак халатчандар бул социалдык ооруга чалдыкпоо үчүн атуулдар өздөрү да аракет кылуулары зарылдыгын айтышат. Ушул максатта 24-февралдан 24-мартка чейин өтүп жаткан кургак учукка каршы бир айлыктын алкагында түшүндүрүү иш-чаралары жүрүп жатат.

Шаардык кургак учукка каршы күрөшүү борборунун башчысыАкылбек Ормонбековдун айтымында,учурда кургак учук менен күрөшүү боюнча айлыктын алкагында элге түшүндүрүү жана алдын ала аныктоо үчүн текшерүү иштери жүрүп жатат. Жыл сайын жүргүзүлгөн ушундай аракеттердин натыйжасында  Жалал-Абад шаарында ооруга чалдыккандардын санын кыскарууда. Азыр бардык мекеме-ишканаларда, окуу жайларында атайын иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад облусунда 2016-жылы кургак учук менен 981 оорулуу катталса, 2017-жылы анын саны 937ге төмөндөгөн. Анын ичинде илдетке чалдыккан балдардын саны азайган. Ал эми Жалал-Абад шаарында өткөн жылы алгачкы 2 айда 12 атуул кургак учукка кабылган болсо, бул жылы 2 айда 5 адам катталды. Ооруну жуктургандардын басымдуу бөлүгү чет жактарда иштеп келгендер болууда.

 

Нурайым Турдумаматова

 

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Жаш жарандардын келечеги үчүн Жаш жарандардын келечеги үчүн

   Он жети миң калкы бар Кочкор-Ата шаарында  социалдык буйрутмалар ишке ашырылганы турат. Тактап айтканда, шаардагы 12-18 жаштагы 2000 ге чукул  балдардын бош убактысын туура пайдалануусу,...

27 - Июня  2018 | 9 : 5272
АЙМАКТАРГА МИГРАЦИЯ КЫЗМАТЫ КЕРЕК АЙМАКТАРГА МИГРАЦИЯ КЫЗМАТЫ КЕРЕК

  Эми Жалал-Абад шаарындагы бардык мекеме-ишканаларда, коомдук бирикмелерде, маалыматтар кату кызматтарында адам сатууга каршы ар кандай расмий, коомдук иш-чаралар күчөтүлөт. Ал эми аймактарда мурда болуп...

21 - Июня  2018 | 6 : 3104
Сандарыгер жетишпейт Сандарыгер жетишпейт

            Жалал-Абад шаардык оорулардын алдын алуу жана санитардык көзөмөл борборунун маалыматына караганда шаарда 900 обьект, областын аймагында 4000 миңден ашык обьект  жылына бир жолу...

21 - Июня  2018 | 6 : 778
Ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет Ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет

    Кыргызстанда алгачкы жолу  Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын базасында  ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет.  Бейтаптарды чукул кабыл алып, андан ары тиешелүү...

21 - Июня  2018 | 6 : 1478
Азык-түлүк коркунучун алдын ал! Азык-түлүк коркунучун алдын ал!

  Азыркы учурдагы 5 мамлекеттен турган (Россия, Белорусия, Казакстан, Армения жана Кыргызстан) Евроазиялык экономикалык Бажы союзунун курамына кирип,  калкты коопсуз тамак-аш жана башка товарлар менен...

21 - Июня  2018 | 6 : 1982
ОИИБнин өздүк курамы ыктыярдуу кан тапшырууда ОИИБнин өздүк курамы ыктыярдуу кан тапшырууда

  Областтык кан борборунун кызматкерлери жана Улуттук Кызыл Ай Коому, ИИМдин Жалал-Абаддагы медицина кызматы менен биргеликте Жалал-Абад ОИИБнин өздүк курамына барып жолугушуп, жеринде ыктыярдуу...

21 - Июня  2018 | 6 : 2594
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИ КАНДАЙ САРПТАЛДЫ? ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИ КАНДАЙ САРПТАЛДЫ?

  Жалал-Абад шаарынын мэри Бишкектеги Жылуулук электр борборунун чатагы менен арызын жазып, кызматынан кетти. Ал эми Жалал-Абад шаарынын депутаттары 2016-2017-жылда шаар бюджетинин кандай иштетилгени тууралуу...

29 - Мая  2018 | 5 : 55167