Көп тармактуу оорукана курулат

14 - Марта  2018 | 10 : 46351
Көп тармактуу оорукана курулат

 

Быйылкы жылы областтык клиникалык ооруканага  көп тармактуу заманбап жаңы типтеги оорукана курулат, ал үчүн республикалык бюджеттен каражат бөлүндү.  Мындай маалымат КРнын Жогорку Кеңешинин КСДП фракциясынын депутаты Айнура Осмонованын аталган оорукананын абалы менен таанышуу үчүн келген жумушчу сапарында айтылды. Эл өкүлү алгач аталган оорукананын кызматкерлери менен жолугуп,  алардын   көйгөйлөрүн укту. Анда, ак халатчандар маянанын аздыгы, штаттык бирдиктердин кыскаруусу, ипотекага турак жай алууда төлөнүүчү сумманын көптүгүн козгогон көйгөйлөрдү айтышты.  Айнура Осмонова кызматкерлер көтөргөн маселени карап көрөөрүн айтып, негизинен оорукананын имаратын жакшыртууга болгон күч аракетин жумшап жатканына токтолду.  

- Союз мезгилинде шаар калкына ылайыкташып салынган имарат област калкын тейлөөгө аргасыз болуп жатат.  Мындагы имараттардын көпчүлүк корпустарынын эскилиги жеткенин  кайра-кайра айтып жатып, мына буйруса имарат маселеси колдоо тапты. Тактап айтканда, жакында областтык ооруканага тиешелүү  50 орунга ылайыкташтырылган жаңы имарат курууга 80 миллион сом бөлүнүп, курулуш иштери башталат. Бул курулушту көзөмөлдөө КРнын Өкмөтүнүн социалдык жана өнүктүрүү бөлүмүнө милдеттендирилди. Бул боюнча өкмөт башчыбыздын протоколун Сиздерге көрсөтүп коюуну туура көрдүм. Мен оорукананын имараттарын жакшы билем, көп корпустарынын эскилиги жеткен, ушундай оор шартта бейтаптар дарыланууда-, деди А. Осмонова.

Оорукана жетекчиси Жаныбек Карабаевдин айтымында, ооруканадагы имараттардын алды 1932-жылдары салынган, ошентсе да жамап жаскап иштетип келишүүдө.

-Биздеги гемиодализ, терапия, неврология  бөлүмүнүн корпустары 1932-жылдары курулган, эскилиги жеткен. Ошентсе да утурумдук оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, бейтаптар үчүн шарт түзүүдөбүз. Мурунку УЗИнин, лабораториянын, кир жуучу жайдын имараты ӨКМ тарабынан авариялык абалда деп табылгандыктан, пайдаланылбай турат. Хирургия бөлүмү жайгашкан үч кабаттуу корпус 1972-жылы, балдар бөлүмү 1982-жылы, областтык төрөт үйү 1997-жылдары салынган. Андан бери ооруканада жаңы типтеги имараттар салына элек болчу. Өкмөтүбүздүн, министрликтин колдоосу менен былтыркы жылдан тарта курулуш кадамы жанданды. Медициналык жабдуулар жаңыланууда.  Көп тармактуу оорукана салына турган болсо адегенде эле эски имаратта турган бөлүмдөрдү биринчи жайгаштырабыз-деди мекеме башчысы.

Эске салсак, областтык клиникалык ооруканасынан жылына 29 миңден ашуун бейтап дарыланып чыгат.

 

Жумагул ШАЙЫКОВА

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Ок атуучу курал алынды Ок атуучу курал алынды

                            Жума ичинде Жалал-Абад областында жарандардан 3 сайлуу ок атуучу куралдар алынды. ОИИБнын аймактардагы бөлүмдөрү эл арасында мыйзамсыз сакталган ок атуучу...

21 - Сентября  2018 | 11 : 3264
Колдоодон качкан мекемелер кимдер? Колдоодон качкан мекемелер кимдер?

                              Бүткүл дүйнөлүк III көчмөндөр оюнуна аттанаардан бир күн мурда Жалал-Абад областтык Барпы театры жана Т. Тыныбеков...

30 - Августа  2018 | 9 : 39104
Жаш жарандардын келечеги үчүн Жаш жарандардын келечеги үчүн

   Он жети миң калкы бар Кочкор-Ата шаарында  социалдык буйрутмалар ишке ашырылганы турат. Тактап айтканда, шаардагы 12-18 жаштагы 2000 ге чукул  балдардын бош убактысын туура пайдалануусу,...

27 - Июня  2018 | 9 : 52152
АЙМАКТАРГА МИГРАЦИЯ КЫЗМАТЫ КЕРЕК АЙМАКТАРГА МИГРАЦИЯ КЫЗМАТЫ КЕРЕК

  Эми Жалал-Абад шаарындагы бардык мекеме-ишканаларда, коомдук бирикмелерде, маалыматтар кату кызматтарында адам сатууга каршы ар кандай расмий, коомдук иш-чаралар күчөтүлөт. Ал эми аймактарда мурда болуп...

21 - Июня  2018 | 6 : 3254
Сандарыгер жетишпейт Сандарыгер жетишпейт

            Жалал-Абад шаардык оорулардын алдын алуу жана санитардык көзөмөл борборунун маалыматына караганда шаарда 900 обьект, областын аймагында 4000 миңден ашык обьект  жылына бир жолу...

21 - Июня  2018 | 6 : 7129
Ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет Ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет

    Кыргызстанда алгачкы жолу  Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын базасында  ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет.  Бейтаптарды чукул кабыл алып, андан ары тиешелүү...

21 - Июня  2018 | 6 : 14121
Азык-түлүк коркунучун алдын ал! Азык-түлүк коркунучун алдын ал!

  Азыркы учурдагы 5 мамлекеттен турган (Россия, Белорусия, Казакстан, Армения жана Кыргызстан) Евроазиялык экономикалык Бажы союзунун курамына кирип,  калкты коопсуз тамак-аш жана башка товарлар менен...

21 - Июня  2018 | 6 : 19136