Ыйгарымдуу өкүл ооруканага күтүүсүз баш бакты

14 - Марта  2018 | 10 : 58191
Ыйгарымдуу өкүл ооруканага күтүүсүз баш бакты

 

КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканага күтүүсүз баш бакты. Алгач ооруканадагы хирургия, сынык-жарактар жана балдар бөлүмүндө болуп, бейтаптардан дарыгерлердин оорулууларга жасаган мамилелерин сурады. “Эл арасында дарыгерлердин дарегине карата нааразычылык билдиргендер бар.  Сиздер дарыланып жатасыздар,  имараттагы абалга күбө болуп атасыздар да. Бул жерде сиздерге кош көңүл мамиле жасап, жакшы карабай жатса ачыгын айтыңыздар. Биз сиздер аркылуу ооруканадагы абалды биле алабыз, тартынбай ачыктаңыздар-деди ал өз сөзүндө.  Мында жаткан бейтаптар, алардын жакындары оорукана кызматкерлери жасаган мамиледе айып жок экенин айтышып, ыраазычылык билдиришти.

Ыйгарымдуу өкүл бейтаптардын ал абалынан кабар алган  соң  анда мекемеде жүрүп жаткан курулуш иштеринин сапатына да көз салды. Областтык клиникалык оорукананын жетекчиси Ж. Карабаевдин пикиринде,  оорукана аймагындагы ички жолдор бир топ жылдан бери каралбай, бейтаптар үчүн да ыңгайсыздык жаралып келди. Буйруса бир айга жетпей ички жолдорго таманташ төшөө, асфальттоо жумушу башталат. Немецтик өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен курулуп жаткан 60 орундуу ыкчам жардам көрсөтүү бөлүмүнүн имараты тургузулуп бүттү. Экинчи кварталга чейин толук колдон чыгарылмакчы. Ал эми областтык төрөт үйүнүн биринчи кабаты капиталдык оңдоодон өтүүдө. Бул үчүн республикалык бюджеттен 3 миллион 800 миң сом бөлүнгөн.

“Биринчи кабатын өзгөртүлүп, аялдардын көз жаруусуна ылайыкташтырылууда. Тактап айтканда 12 төрөт бөлмөлөрү болот. Эми заманбап медициналык жабдыктар менен камсыздап алсак, заманга ылайыкташкан оорукана болуп калат”-деди Ж. Карабаев. Көз жаруучу энелерге ылайыкташып жаткан бөлмөлөрдөн кабар алган ыйгарымдуу өкүл тендерден утуп алган “Ви интьер-Сервис” ЖЧКсынын жетекчилигин эне баланын өмүрүн эске алуу менен сапаттуу бүткөрүп берүүгө чакырды.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Жалал-Абад шаардык тез жардам кызматына курулуп жаткан обьектини да көздөн кечиришти. Аталган кызматтын имараты май айларына бүткөрүлөөрү күтүлүүдө.

 

Жумагул ШАЙЫКОВА

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИ КАНДАЙ САРПТАЛДЫ? ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИ КАНДАЙ САРПТАЛДЫ?

  Жалал-Абад шаарынын мэри Бишкектеги Жылуулук электр борборунун чатагы менен арызын жазып, кызматынан кетти. Ал эми Жалал-Абад шаарынын депутаттары 2016-2017-жылда шаар бюджетинин кандай иштетилгени тууралуу...

29 - Мая  2018 | 5 : 5576
Аймакка ичүүчү таза суу берилди Аймакка ичүүчү таза суу берилди

    Жалал-Абад шаарынын Чыңгыз Айтматов аймактык башкаруусуна караштуу 120 кожолук тургундар бир апта бою таза суунун жоктугунан кыйынчылык тартып келишкен. “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгына...

11 - Мая  2018 | 10 : 4981
IT чөйрөсүндө окууга кабыл алат IT чөйрөсүндө окууга кабыл алат

  Программалык жабдуулар жана Кызматтар Өндүрүүчүлөрүнүн Кыргыз Ассоциациясы жана IT Академиясы өзгөчө муктаждыктары бар жарандарга IT тармагында кыска мөөнөттүк окутуу боюнча жаңы долбоордун ишке...

11 - Мая  2018 | 10 : 5860
Жалал-Абад областында инвестиция тартуу көбөйүүдө Жалал-Абад областында инвестиция тартуу көбөйүүдө

  Жалал-Абад областында ар кайсы тармактарды өнүктүрүү багытында тартылып жаткан инвестицияинын көлөмү улам артып баратат. Быйылкы жылдын биринчи чейрегинде област боюнча 2 миллиард 399 миллион сомдук...

11 - Мая  2018 | 11 : 2349
Кыргыз сомуна 25 жыл Кыргыз сомуна 25 жыл

  1993-жылы 10-майда Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн арасынан алгачкылардан болуп өзүнүн жеке улуттук валютасын сомду жүгүртүүгө киргизген. Бул күнү баалар, эмгек акылар, стипендиялар пенсиялар, ишкана-мекемелердин...

10 - Мая  2018 | 8 : 384
Базар-Коргондун тургуну 19 жаштагы айылдашын бычактап салды Базар-Коргондун тургуну 19 жаштагы айылдашын бычактап салды

Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айылынын тургундары өз ара урушуп кетишип, 19 жаштагы И.А. аттуу тургунга 24 жаштагы айылдашы М. уулу Н. бычак уруп жиберген. Анын кесепетинен 19 жаштагы...

8 - Мая  2018 | 4 : 5471
Премьер-министр «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалдык... Премьер-министр «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалдык...

    Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарында «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалынын...

8 - Мая  2018 | 5 : 0106