№1 ҮДТ жаңы имаратка муктаж

14 - Марта  2018 | 11 : 23200
№1 ҮДТ жаңы имаратка муктаж

 

Ыйгарымдуу өкүл Жалал-Абад шаарындагы №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын көздөн кечирген учурда анда былтыркы жылдын декабрь айында жумуш учурунда өрт чыкканы маалым болду. Муну үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Анара Алымкулова кабелдердин эскилиги жеткендиги менен түшүндүрдү.  Ошондой эле ал, кызматкерлер да кооптонуу менен иштеп жатканын айтып, жарандык коргонуу комиссиясы обьектини мындан ары пайдаланууга болбой турганы боюнча АКТ чыгарышканын баса белгиледи.

-Имарат  антисейсмикалык талаптар сакталбастан курулган. Узак мезгил пайдалануунун жана климаттык шарттардын таасиринен улам имараттын пайдубалы чөгө баштады. Негизги дубалдарында жана дубалдардын бурчтарында жаракалар пайда болгон. Этаж аралык жыгач балкалары ийилип, шыбында майда жаракалар көбөйүүдө. Полдорунун тактайлары чирип калды. Экинчи кабаттагы айрым бөлмөлөрдө шыптары оюлуп түшүп калды.  2006-жылдары ажаткана тараптан эки кабат дубалдын ортосу ажырап, биринчи кабат кадимкидей көрүнүп калган. Биз шаардык кеңештин депутаттарына кайрылып жүрүп, 60 миң сом бөлдүрүп, дубалы ажырап калган жерди калыбына келтиргенбиз. Экинчи кабатка чыгуучу тепкичтерибиз дубалдан ажырап, кооптуулук жаралып турат.  Мына ошол эки кабатка чыга бергенде  неврапатолог врачыбыз олтурат, ага кайрылгандар көп, 15-20дай жаран дайым кезек күтүп турушат. Жаш балдарын ээрчитип келишет. Кокустан бизге кайрылгандар тепкичке көбүрөөк туруп алышса  түшүп кетпесе экен деп кабатырланабыз, биз тепкичтерге көп тургузбаганы аракет кылабыз. Эми бизге келгендердин баарысына көз сала албайт экенсиң-, дейт А. Алымкулова.

Имарат 1928-жылы курулган, жер төлөсү жок, акыркы жолу 1999-жылы капиталдык оңдоодон өткөн. №1УБДТнун имаратында жалпысынан 38 врач, 52 медайым, 5 кичи персенал жана эки жумушчу эмгектенет. Жалал-Абад шаарынын 17 миң калкын тейлейт.  Башкысы бул имарат быйылкы жылга титулдук тизмеге киргенине мындагылар сүйүнүп турган кези.  Бул жай  капиталдык оңдоого эмес башкадан имарат салууга муктаж экенин белгилешкен кызматкерлер  ыйгарымдуу өкүлдөн да көмөк көрсөтүүнү суранышты. К. Сатыбалдиев кайрылуулар жөнөтүлүп жатканын, бул маселенин үстүндө дагы да иш алып бара тургандыгын айтты.

Жумагүл ШАЙЫКОВА

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИ КАНДАЙ САРПТАЛДЫ? ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИ КАНДАЙ САРПТАЛДЫ?

  Жалал-Абад шаарынын мэри Бишкектеги Жылуулук электр борборунун чатагы менен арызын жазып, кызматынан кетти. Ал эми Жалал-Абад шаарынын депутаттары 2016-2017-жылда шаар бюджетинин кандай иштетилгени тууралуу...

29 - Мая  2018 | 5 : 5576
Аймакка ичүүчү таза суу берилди Аймакка ичүүчү таза суу берилди

    Жалал-Абад шаарынын Чыңгыз Айтматов аймактык башкаруусуна караштуу 120 кожолук тургундар бир апта бою таза суунун жоктугунан кыйынчылык тартып келишкен. “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгына...

11 - Мая  2018 | 10 : 4981
IT чөйрөсүндө окууга кабыл алат IT чөйрөсүндө окууга кабыл алат

  Программалык жабдуулар жана Кызматтар Өндүрүүчүлөрүнүн Кыргыз Ассоциациясы жана IT Академиясы өзгөчө муктаждыктары бар жарандарга IT тармагында кыска мөөнөттүк окутуу боюнча жаңы долбоордун ишке...

11 - Мая  2018 | 10 : 5860
Жалал-Абад областында инвестиция тартуу көбөйүүдө Жалал-Абад областында инвестиция тартуу көбөйүүдө

  Жалал-Абад областында ар кайсы тармактарды өнүктүрүү багытында тартылып жаткан инвестицияинын көлөмү улам артып баратат. Быйылкы жылдын биринчи чейрегинде област боюнча 2 миллиард 399 миллион сомдук...

11 - Мая  2018 | 11 : 2349
Кыргыз сомуна 25 жыл Кыргыз сомуна 25 жыл

  1993-жылы 10-майда Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн арасынан алгачкылардан болуп өзүнүн жеке улуттук валютасын сомду жүгүртүүгө киргизген. Бул күнү баалар, эмгек акылар, стипендиялар пенсиялар, ишкана-мекемелердин...

10 - Мая  2018 | 8 : 384
Базар-Коргондун тургуну 19 жаштагы айылдашын бычактап салды Базар-Коргондун тургуну 19 жаштагы айылдашын бычактап салды

Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айылынын тургундары өз ара урушуп кетишип, 19 жаштагы И.А. аттуу тургунга 24 жаштагы айылдашы М. уулу Н. бычак уруп жиберген. Анын кесепетинен 19 жаштагы...

8 - Мая  2018 | 4 : 5471
Премьер-министр «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалдык... Премьер-министр «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалдык...

    Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарында «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалынын...

8 - Мая  2018 | 5 : 0106