Жалал-Абад–Наманган кызматташат

16 - Марта  2018 | 10 : 5475
Жалал-Абад–Наманган кызматташат

 

Өзбек Республикасынын Наманган областынын акими Хайрулла Бозаровдун чакыруусу менен Жалал-Абад областынан 36 адамдан турган делегация Наманган жергесине барып келди. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынан билдиришти. Маалыматка караганда, региондун социалдык-экономикасына,  маданий жана башка тармактарында байланыштарды чыңдоо, ишкерлерге ыңгайлуу шарттарды алып келүү багытында областтан барган делегацияны Өкмөттүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев баштап барды.  

-Делегация өкүлдөрүн Наманган областынын акими баштаган бийлик өкүлдөрү тосуп алып, айыл чарба, жеңил өнөр жай жана маданий, спорт обьектилер менен тааныштырышты. Андан сырткары эки мамлекеттин ишкерлери, расмий бийлик өкүлдөрү ортосунда бизнес форумдар да болду. Делегация курамында барган Жалал-Абад мамлекеттик университети жана Эл аралык университети Наманган областынын жогорку окуу жайлары ортосунда келечекте кызматташуу боюнча долбоорлор аныкталып, келишимдер түзүлдү-делет өкүлчүлүктүн билдирүүсүндө.

Иш сапардан кайткан жогорудагы делегациянын өкүлдөрү ыйгарымдуу өкүлдүн орун басары Мамасалы Акматовдун кабыл алуусунда болуп, ар тараптуу мамилелердин ишке ашышы тууралуу кеңири талкуу жасашты.

Маалым болгондой,  жакынкы күндөрү КРнын Өкмөт башчысы да Өзбекстанга бараары күтүлүүдө. Анда эки мамлекеттин бийлик өкүлдөрү эки областтын ортосунда көп тараптуу кызматташуу боюнча  меморандумга жетишүү каралган.

Жумагүл ШАЙЫКОВА

 

 

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Өрт коопсуздугу боюнча машыгуу Өрт коопсуздугу боюнча машыгуу

    Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү өзүнүн 2018-жылга түзүлгөн иш болжомдоруна ылайык,   Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан “Айгүл” соода борборунда “Соода жайдагы...

6 - Апреля  2018 | 8 : 1525
“Бир ишкер – бир көчөт!” “Бир ишкер – бир көчөт!”

  2018-жылдын 6-апрелинде “ЖИА” бизнес ассоциациясынын мүчөлөрү Жалал-Абаддагы аткаруучу директору Азамбек Жээнбай уулунун жетекчилигинде К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ)...

6 - Апреля  2018 | 8 : 40168
Өзбекстанда калган аба чубалгылары көчүрүлүүдө Өзбекстанда калган аба чубалгылары көчүрүлүүдө

"Жалалабатэлектро”ачык акционердик коому мурда Өзбекстандын аймагында жайгашып калган 35 кВ чыңалуудагы "Караван-Анашев” аба чубалгысын ал жактан чыгарып, Кыргызстандын аймагына куруп жатат. Бул...

28 - Марта  2018 | 8 : 2932
Экспортко жол салгандар Экспортко жол салгандар

  21-март – эл аралык токой күнүнө карата Кара-Алма айылында токой жана жер пайдалануучулар ассоциациясынын демилгеси менен көчөт эгип көрктөндүрүү иши колго алынды. Бул саамалыкка айыл өкмөт, жергиликтүү...

28 - Марта  2018 | 4 : 2329
Сузакта кургак учук көбөйүүдө Сузакта кургак учук көбөйүүдө

        Сузак районунда ушул жылдын эки айында 14 жашка чейинки 11 баладан кургак учук табылды. 2017-жылдын алгачкы эки айында 3 бала аталган оору менен ооруганы аныкталган эле. Жалпысынан алтымыш оорулуу...

28 - Марта  2018 | 4 : 2947
ЖАМУда УНИВЕРСИТЕТТИК ОЛИМПИАДА ӨТКӨРҮЛДҮ ЖАМУда УНИВЕРСИТЕТТИК ОЛИМПИАДА ӨТКӨРҮЛДҮ

                   Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Педагогика жана маалымат технологиясы факультетинин чоң жыйындар залында 17-март күнү  университеттик...

19 - Марта  2018 | 9 : 4983
Таза жашоо тазалыктан башталат! Таза жашоо тазалыктан башталат!

  Ушундай аталыштагы иш-чара Ала-Бука районунун 1-Май айыл аймагындагы бардык айылдарда ийгиликтүү өткөрүлдү. Жалпысынан иш-чарага 500дөн ашуун адам катышты. Ишембиликтин катышуучулары тарабынан бак-дарактар...

19 - Марта  2018 | 12 : 1375