Көчкү коркунучу жаралды

16 - Марта  2018 | 11 : 44109
Көчкү коркунучу жаралды

 

Сузак районунда жер көчкүнүн активдешүүсүнөн улам Благовещенка — Кара-Көл жолунун Акчалуу айылындагы тилкеси жабылды. Район акиминин орун басары Төрөгелди Түркбаевдин айтымында, ӨКМден аталган айылда жер көчкү түшүү кооптуулугу бар экени тууралуу билдирүү келген.

«Райондогу жарандык коргонуу комиссиясынын төрагасы биздин аким баш болуп жергиликтүү эл менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өтө кооптуу жерде жайгашкан 6 үй көчүрүлдү. Мындан улам Акчалуу айылындагы жол кечээ жабылды. Күндүз өтө зарыл болгон гана унаалар өтүүдө. Түнкүсүн унаалардын өтүүсүнө тыюу салынды. Кызыл-Туу айыл өкмөтү менен биргеликте жогору тараптагы айылдарга башка жактан жол ачып берүүнү караштырып жатабыз. Кара-Март, Жашасын айылдарына ашуу менен каттоо мүмкүнчүлүгү бар», -деди Т. Түркбаев.

ӨКМдин өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана прогноздоо департаментинин башкы адиси Тойчубек Изабековдун айтымында, Акчалуу айылындагы сайдын сол тарабында узундугу 300 метр болгон жаңы жер көчкү пайда болгон.

«Быйыл пайда болгон көчкүдөн 30-40 метрге чейин жарака кетип, астыңкы катмары 80 сантиметрге чейин чөккөн. Активдеше баштаган жер көчкүнүн болжолдуу көлөмү 1-1,5 млн кубду түзөт. Аталган айылдагы бийик адырларда 1994-жылы жер көчкүнүн жаракалары пайда болуп, көбөйүп отуруп, жараканын узундугу 2 чакырымга жетип калды. Бийик жердеги көчкү түшсө Акчалуу айылын бүтүндөй басып калышы мүмкүн, жолго каттоого тыюу салуу керек», - деген Т. Изабеков, учурда тийиштүү аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалады.

“Акыйкат”
 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Өрт коопсуздугу боюнча машыгуу Өрт коопсуздугу боюнча машыгуу

    Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү өзүнүн 2018-жылга түзүлгөн иш болжомдоруна ылайык,   Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан “Айгүл” соода борборунда “Соода жайдагы...

6 - Апреля  2018 | 8 : 1525
“Бир ишкер – бир көчөт!” “Бир ишкер – бир көчөт!”

  2018-жылдын 6-апрелинде “ЖИА” бизнес ассоциациясынын мүчөлөрү Жалал-Абаддагы аткаруучу директору Азамбек Жээнбай уулунун жетекчилигинде К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ)...

6 - Апреля  2018 | 8 : 40168
Өзбекстанда калган аба чубалгылары көчүрүлүүдө Өзбекстанда калган аба чубалгылары көчүрүлүүдө

"Жалалабатэлектро”ачык акционердик коому мурда Өзбекстандын аймагында жайгашып калган 35 кВ чыңалуудагы "Караван-Анашев” аба чубалгысын ал жактан чыгарып, Кыргызстандын аймагына куруп жатат. Бул...

28 - Марта  2018 | 8 : 2932
Экспортко жол салгандар Экспортко жол салгандар

  21-март – эл аралык токой күнүнө карата Кара-Алма айылында токой жана жер пайдалануучулар ассоциациясынын демилгеси менен көчөт эгип көрктөндүрүү иши колго алынды. Бул саамалыкка айыл өкмөт, жергиликтүү...

28 - Марта  2018 | 4 : 2329
Сузакта кургак учук көбөйүүдө Сузакта кургак учук көбөйүүдө

        Сузак районунда ушул жылдын эки айында 14 жашка чейинки 11 баладан кургак учук табылды. 2017-жылдын алгачкы эки айында 3 бала аталган оору менен ооруганы аныкталган эле. Жалпысынан алтымыш оорулуу...

28 - Марта  2018 | 4 : 2947
ЖАМУда УНИВЕРСИТЕТТИК ОЛИМПИАДА ӨТКӨРҮЛДҮ ЖАМУда УНИВЕРСИТЕТТИК ОЛИМПИАДА ӨТКӨРҮЛДҮ

                   Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Педагогика жана маалымат технологиясы факультетинин чоң жыйындар залында 17-март күнү  университеттик...

19 - Марта  2018 | 9 : 4983
Таза жашоо тазалыктан башталат! Таза жашоо тазалыктан башталат!

  Ушундай аталыштагы иш-чара Ала-Бука районунун 1-Май айыл аймагындагы бардык айылдарда ийгиликтүү өткөрүлдү. Жалпысынан иш-чарага 500дөн ашуун адам катышты. Ишембиликтин катышуучулары тарабынан бак-дарактар...

19 - Марта  2018 | 12 : 1375