Социалдык көйгөй төрөттөн баш тарттырабы?

16 - Марта  2018 | 12 : 5355
Социалдык көйгөй төрөттөн баш тарттырабы?

“...Азыркы заманда бутка туруп алып анан төрөш керек болуп калды. Үстүнө үй, алдыңа мал-жан,  машина же жакшы бизнести түптөп алып анан катар-катар балалуу болсоң  болот. Ага чейин эки балалуу болуп турсаң эле жетиштүү. Беш-алты балалуу болуп, материалдык жактан жетишпей, балдарды жакшылап ичинтип-кийинте  албай, башыңа тартса, этегиңе жетпей жашагандын неси артык” – дегендер четтен чыкты.

 

Башкысы байлык белем...

Каарманым Зуура Камилова жети жылдан бери Россияда мейманканалардын биринде кир жуучу жайда иштейт. Бир учурда жакын турган сулуулук салонун да чуркап барып, эртели-кеч жууп келе калат. Эки жерден алган акчасы 40 миң сом. Жолдошу да орус ашканасында тамак бышыруучу болуп иштеп, 40 миң сом алат. Айылда Зууранын апасында калган эки баласына ай сайын акча жөнөтүп турушат.  Улуусу мектеп босогосун аттаар алдында турат. Үй салып, машина алганга жетишип калган жубайлар эми бир жакшы бизнес ачсакпы дешет.

-Ушул максаттарыбызга жеткен соң, Кыргызстанга биротоло кайтып, өз үй, өлөң төшөгүндө  бала-чака менен божурашып, көбөйүшүп, жашасак  деген үмүтүбүз бар-дейт ал.

Минтип Зууранын катарын толуктагандар көп. Жаш үй-бүлөлөрдүн көпчүлүгү бир-экиден гана балалуу болуп, көбөйүүнү убактылуу токтотушат.

Жаштардын мындай “акылдуу” болуп жаткандыгын улуу муундагылар өөн учуратышып, туура эмес көрүшөт.  Тогуз баланы чоңойтуп өстүргөн жашы 87ге келген  Раякан чоң апа  жаш үй бүлөөлөрдүн көп балалуу болуудан баш тартышын таптакыр туура эмес деп санайт. Кудай 12 бала берип, тогузу аман-эсен чоңоюп, небере көрүп калышкан.

-Эки балабы, сегиз балабы, ырыскыны Кудай берет. Бутка туруп алып, анан төрөйм деген келиндерге таң каласың. Ысык-суукта калып иштешет. Кийин төрөбөй калышса не болот? Эки баланы жетелеп кала беришет. Ачыгын айтканда  барына жетишип, төгөрөгү төп келгенде бала жытын сагынып калышат. Жашы өтүп калганда төрөйт элем деп догдуруна да, бакшысына да жүгүрүшөт. Эркек да бала жыттагысы келет. Башкага кетип калышы да мүмкүн. Натыйжада үй-бүлө бузулат. Муну убагында ойлобогон келиндер  төрө десең жаман көрүшөт-дейт Раякан чоң апа.

Бул чоң  апанын жети небере келини бар. Жетөө тең экиден балдарын жетелеп жүрүшөт. Өз келиндери  бештен балалуу болушкан.

 

Жаш өтсө мүмкүнчүлүктөр азаят

Адистердин айтымында жаштардын төрөттөн баш тартуусуна бир гана экономикалык себептер гана эмес,  жашарып  жаткан гинекологиялык оорулар да себеп болуп жатат. Анан калса миграциялык агым жаш үй бүлөлөрдүн материалдык, моралдык жашоосуна тескери таасирин берип жаткан учур. Тактап айтканда, жыныстык жактан ар кандай ооруларды жуктуруп алган жубайлар дарыланууну туура, үзгүлтүксүз жүргүзбөгөндүктөн балалуу болуу мүмкүнчүлүктөрү азаюуда.

-Азыркы мезгилде эң көп кездешкен гинекологиялык оорулар сезгенүү жана айыздын бузулушу. Бул албетте төрөткө таасир берет.  Киста, эрозия, миома,  хламидиоз, кандидоз жана вульвовагинит оорулары көп кездешүүдө-дейт дарыгер-гинеколог Гүлзат Нурумбетова.

Турмушка чыккандан кийин бутка туруп алайын деп сактанып, узак аралыкка балалуу болбой жүрүп, эми төрөгөн Нуржан (аты жөнү өзгөртүлдү) бир азга өкүнүч кылат. Миграцияда жүргөн жолдошунан хламидиоз дарттын  жугузуп алып дарыланып жаткан кези.

-Жашым өтүп турмуш кургандыктан 35 жашка чейин эч болбосо 2 балалуу болуп алайын дегем. Минтип ооруп калдым.  Дарыланып айыкканча  эки-үч жыл жөн эле өтөт.  Анткени дарыгерлердин айтымында жолдошум да дарыланыш керек экен. Ал “мен тазамын” деп эле болбойт. Мунун аягы тукумсуздукка алып келет десем деле укпайт . Аны көндүргүчө арадан жылдар өтөт го.  Башта чынында  өзүбүздү материалдык жактан толук камсыздап алып, анан балалуу болсок дечүбүз. Көрсө, жаңылыптырбыз, турмуш кургандан кийин биринчи балалуу болуш керек экен. Материалдык жашоо акырындап калыптана берет  тура – деп кейийт Нуржан. 

 

Бойдон алдыруу – баладан баш тартуу

Анан калса бойдон алдыруу да токтой элек. Жалал –Абад областтык калктын репродуктивдүү саламаттыгын сактоо борборунда 2017-жылы 120 бойдон алдыруу катталган. Мурунку жылы 184  аял бойдон алдырган. Гинеколог Гүлзат Нурумбетова учурда медициналык көрсөтмөнүн негизинде бойдон алдыргандарга караганда, социалдык себептерден улам балалуу болуудан баш тарткандар көп экенин белгилейт:

-Тактап айтканда, үй-бүлөнү пландаштырууну жакшы түшүнүшпөгөндүктөн “боюмда болуп калыптыр, жаш балам бар, же иштешим керек” деп бойдон алдыргандар арбын. Көбүнчө 25 жаштан жогору 35 жашка чейинки төрөт курагындагы аялдар  баладан баш тартышып, бойдон алдырышат-дейт гинеколог. 

Буга кошумча аялдардын кандан  калуусу (климакс)  да жашарып жатат. Адистер 35-36 жашта эле климакстын алгачкы белгилери менен кайрылгандар болуп жатканын тынчсыздануу менен белгилешет. Областтык калктын репродуктивдик  саламаттыгын сактоо борборуна жылына 400-500 аял климакстын айынан дарыгерге кайрылат. Азыркы мезгилде менчик клиникалар да көп болгондуктан ал жакка да бойдон алдыруу үчүн, ошондой эле климакстын айынан жана ар кандай гинекологиялык оорулардан улам кайрылгандар арбын. Катталбагандары да бир топ...

Негизи жаратылыштын мыйзамын күч менен тизгиндөө – эне болуу мүмкүнчүлүктөрүн бурмалоо өзүбүзгө эле зыян окшобойбу...  

 

Гүлнура КЕЛДИБАЕВА

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

«Кан жетишсиз… Эмнеге?....» «Кан жетишсиз… Эмнеге?....»

                                                                                                               ...

27 - Июня  2018 | 9 : 3875
Дарбыз эмес дарт жейбизби? Дарбыз эмес дарт жейбизби?

    Учурда мөөнөтүнөн мурун, күч менен бышып жаткан мөмө-жемиштерден баш тартуу кыйынга турары белгилүү. Күн да ысып, тарс жарып дарбыз жегиң келген учур. Бирок, алардын ар дайым көзөмөлдө болуусу...

27 - Июня  2018 | 9 : 4688
Абактан кийинки азаптан кантип чыгабыз?.. Абактан кийинки азаптан кантип чыгабыз?..

    Түрмөгө түшкөн аялдардын көбү жакындарын өлтүрүп, же баңгизат менен кармалгандар. Арасында уурулук кылгандары да бар. Республиканын абак жайларында кармалган...

27 - Июня  2018 | 10 : 3573
Башкы плансыз болочок күткөн шаар Башкы плансыз болочок күткөн шаар

  Жалал-Абад шаары алгач шаар статусун алгандан тартып, 1950-жылы шаардын өнүгүшү үчүн алгачкы башкы (генералдык-генплан) планы бекитилген. Областтык керек-жарак коому, түштүк кыргыз жаңгак токойлору...

29 - Мая  2018 | 4 : 1134
Ара жолдо калган балдар, же алардын укугун ким коргойт? Ара жолдо калган балдар, же алардын укугун ким коргойт?

  Акыркы убакта төрөлбөй жатып кордолуп, эс тартпай жатып зордукталып жаткан келечек муундар тууралуу жүрөк үшүн алган окуялар катталып, баласы бардын башын катырып жатканы да ырас. Айрыкча социалдык...

29 - Мая  2018 | 4 : 20144
Коом жек көрүп, бирок көбөйүүгө жол берген дарт Коом жек көрүп, бирок көбөйүүгө жол берген дарт

    Май айынын үчүнчү жекшембиси СПИДден каза болгон жарандарды эскерүү күнү катары белгиленет. Маалыматка ылайык, дүйнөдө ушул күнгө чейин 35 миллионго жакын, ал эми Кыргызстанда 1800дөн ашса,...

29 - Мая  2018 | 4 : 47114
Балдар үйү жоюлабы? Балдар үйү жоюлабы?

  Акыркы жылдары каралбай калган балдардын саны өсүүдө. Ага карабастан мамлекет балдар үйлөрүн оптималдаштыруу кадамын жандантууну көздөөдө. Максат-балдар үйүндө тарбияланган балдарды жакындарына...

11 - Мая  2018 | 10 : 15146