Сүйүнчү акча сүйүнттү, а жөлөк пул жөндөлөбү?

16 - Марта  2018 | 12 : 10111
Сүйүнчү акча сүйүнттү, а жөлөк пул жөндөлөбү?

 

 

Көп жылдардан бери  калк арасында нааразылык туудуруп, чечилбей  келе жаткан сүйүнчү жана жөлөк пул жөнүндөгү жаңы мыйзам иштелип чыгып, ал 2018-жылдын январынан баштап ишке кирмей болгон. Бирок, Өкмөт бюджеттеги акчанын аздыгын айтып, жөлөк пулду апрель айында жөндөп берээрин убада кылган эле. Эми ошол убаданын ишке ашар саатын күтүп, көпчүлүк убайым тарткансыйт.     

Сузак районунун тургуну, беш балалуу  Айназик Сапарбаева жөлөк пул алыш үчүн көп убара тартып да, аны ушул кезге чейин  ала албай жүрөт. Анткени үстүндө үйү, астында унаасы бар. Чоң баласы жогорку окуу жайда окуйт. Документ тууралай келгенде “Сен балаңды акча төлөп окутуп жатыпсың, демек, чама-чаркың жетиштүү. Жөлөк пулга муктаж эмессиң” деген “жылуу-жумшак” жеме угуп, жөлөк пулдан кур калган.

-Башында жөлөк пул алчуумун. Кийин эле “үйүң бар, унааң бар, муздаткыч, телевизоруң бар” деген шылтоолор чыкты. “Аным жок, мунум жок” деп, оңор эмес документ топтойт элек. Анан ошондой убаракерчилигинен тажап, “ арзыбаган жөлөк пул албай, жөн эле отурайынчы” деп, баш тартып койгом. Жаңы мыйзамдагы өзгөрүүлөрдү угуп, жаңы жылдан баштап азыраак документ топтоп, “төрт балама акча алып калат экемин” деп, сүйүнүп отургам. Мен сыяктуулар оголе көп. Беш-алты балалуу, бирок, короосунда төрт түлүктөн төртөө болсо да, жөлөк пулдан кур калгандар чекеден чыгат. Ал эми тийиштүү адистер “бербестин ашы бышпас, болуп, эми “апрель айынан баштап жаңы мыйзам менен жөлөк пулдар берилет” деп, тил эмизишти. Чамасы, ал деле ишке ашышы күмөн окшойт-дейт, Айназик Сапарбаева.

Сузак райондук социалдык өнүгүү бөлүмүнүн тиешелүү адистеринин берген  маалыматына караганда  райондо 6729 үй бүлөдө 22 миң 132 бала жөлөк пул алат. Өкмөттүн убайымга салган убадасы ишке ашпагандыктан, азырынча  жөлөк пул алуу үчүн толгон-токой документ топтоп, анан балдардын акчасын алышууда.

Ушул райондун Барпы айыл өкмөтүндө 475 үй-бүлөдө  1618 балага жөлөк пул чегерилет. Бул сан негиздүү жана негизсиз себептерден улам ар алты айда, же жыл сайын өзгөрүп турат. Анын себебин, аталган  айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Гүлбарчын Карабаева балдарынын жашы 16 жаштан өткөндөр жана турмуш шартынын оңолуусунан улам жөлөк пул албагандар түзүп  жатканын айтат. Ошондой эле  ондон ашык документ топтоодон жадап, баш тарткандар көп экендигин кошумчалайт. Бул айыл аймакта 2016-жылы 491 үй-бүлө, былтыркы жылы 475 үй-бүлө жөлөк пул алган.

Жалал-Абад шаарында ушул жылдын 1- мартына карата 726 үй-бүлөдө 2220 бала жөлөк пул алат. 2016-жылы 1995 балага акча чегерилген. Сандык өзгөрүүлөр жөлөк пул алуучулардын материалдык жашоосунун оңолушунан да болуп жатат.  Шаардык социалдык өнүгүү башкармасынын социалдык кепилдиктерди чектөө бөлүмүнүн адиси Гүлмира Раимкулова:   

-Ар кандай себептерден улам жөлөк пул алуучулардын саны өзгөрүп турат. Бирок, кескин азайып, же көбөйүп кете элек. Талап кылынган документтерге туура келбегендиктен балдарына акча ала албай калышкандар бар. Мисалы, үлүш жери, унаасы болсо, же иштеген жериндеги айлыгы жетишерлик деп эсептелсе,  жөлөк пул алуудан четтетилет-дейт.

Бирок,  өз алдынча иштеп, жашоосун жөндөгөн Самарбек Айткулуев элдин социалдык-экономикалык жашоосу оңолуп жаткандыктан, жөлөк пул алуучулардын саны кыскарып жатат деген ойго такыр кошулбайт.

-Акча керек үчүн  жөлөк пулга документ тууралайм деп жүгүрүшөт да. Анан эле айлыгын эсептеп, “жериң, унааң бар экен, демек байсың” деп, түртө салышат. Чынында бул байлык эмес. Үйүндө жакшы телевизору, “Мерседес” автоунаасы болсо бул- жөн гана турмуш шартка керектүү нерсе. “Ушуларың бар экен жөлөк пул албай эле кой” дегени жөн гана шылтоо. Эми деле жаңы мыйзам иштеп чыгышып, аны да ишке киргизбей, эптеп эле акча  бербештин айласын кылышып, улам-улам убактысын узартып жатпайбы?- дейт, Самарбек Айткулуев.

Бул арада Өкмөт жаңы төрөлгөн балдарга сүйүнчү акча берип турууну ишке ашырып баштады. Жалал-Абад шаардык социалдык өнүгүү башкармасынын маалыматына караганда шаарда жыл башынан бери жаңы төрөлгөн 14 балага 4000 сомдон сүйүнчү акча берилди.

Шаар тургуну, эки балалуу Элнура Кадырбек кызы жакында төрөлгөн баласына 4000 сом сүйүнчү акча алды. Ал буга чейин бир баласы үчүн үй-жай, унаасы болгондуктан, жөлөк пул албай келген. Жөлөк пулдар боюнча жаңы мыйзам ишке ашып баштаса,  аракет кылаарын айтат. Беш баланын энеси Адалаткан Маткалыкова да бешинчи баласына сүйүнчү алып, сүйүнүп турган кези.  

-Буга чейин калган балдарыма жөлөк акча алыш үчүн оңор эмес документ тууралачуубуз. Эми жаңы мыйзам күчүнө кирсе, балдардын акчасын алуу жеңилдеп, көбөйүп да калат беле деп турабыз- дейт Адалаткан Маткалыкова.

Сүйүнчү акчанын дагы бир ээси болгон Айсулуу Апатаева үч баласы үчүн жөлөк пулга жүгүрбөгөндүгүн айтат. 

-Көп документ даярдап, ары-бери жүгүрүшүн керек. Ошондо да “үйүн барбы, жериң барбы, унааң барбы?” деп, чарчатышат. “Ушундан көрө” деп, албай койгонбуз. Кудайга шүгүр, жолдошум Россияга барып иштеп келип, кем-каржыбыз бүтөлүп турат-дейт Айсулуу.

Эми ушул жөлөмөдөн үмүт арткан жарандардын тилеги орундалабы, же “жөлөк пул алсаң, жүгүрүп ал” деп, убарага салган убай  көпчүлүктүн  үмүтүн үзүөбү, убакыт көргөзөр...

 

                          Гүлнура КЕЛДИБАЕВА           

 

                               

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Башкы плансыз болочок күткөн шаар Башкы плансыз болочок күткөн шаар

  Жалал-Абад шаары алгач шаар статусун алгандан тартып, 1950-жылы шаардын өнүгүшү үчүн алгачкы башкы (генералдык-генплан) планы бекитилген. Областтык керек-жарак коому, түштүк кыргыз жаңгак токойлору...

29 - Мая  2018 | 4 : 162
Ара жолдо калган балдар, же алардын укугун ким коргойт? Ара жолдо калган балдар, же алардын укугун ким коргойт?

  Акыркы убакта төрөлбөй жатып кордолуп, эс тартпай жатып зордукталып жаткан келечек муундар тууралуу жүрөк үшүн алган окуялар катталып, баласы бардын башын катырып жатканы да ырас. Айрыкча социалдык...

29 - Мая  2018 | 4 : 2064
Коом жек көрүп, бирок көбөйүүгө жол берген дарт Коом жек көрүп, бирок көбөйүүгө жол берген дарт

    Май айынын үчүнчү жекшембиси СПИДден каза болгон жарандарды эскерүү күнү катары белгиленет. Маалыматка ылайык, дүйнөдө ушул күнгө чейин 35 миллионго жакын, ал эми Кыргызстанда 1800дөн ашса,...

29 - Мая  2018 | 4 : 4745
Балдар үйү жоюлабы? Балдар үйү жоюлабы?

  Акыркы жылдары каралбай калган балдардын саны өсүүдө. Ага карабастан мамлекет балдар үйлөрүн оптималдаштыруу кадамын жандантууну көздөөдө. Максат-балдар үйүндө тарбияланган балдарды жакындарына...

11 - Мая  2018 | 10 : 1562
«Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук……» «Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук……»

  Күндөн күнгө уруп-токмоктоого дуушар болгон аялда коргонуу инстинкти пайда болот да, аффектик абалда ар кандай күтүлбөгөн кадамдарга барышы мүмкүн.Көпчүлүк учурларда мындай кол салуулар кылмышка алып...

11 - Мая  2018 | 10 : 4137
Көрсөткүчү жакшы, келечеги инвесторго муктаж “Кыргызнефтегаз” ААКы Көрсөткүчү жакшы, келечеги инвесторго муктаж “Кыргызнефтегаз” ААКы

  Быйылкы жылы  Кочкор-Атадагы “Кыргызнефтегаз” ААКсы  өзүнө тиешелүү иш ыргагын  кызуу колго алып, областтын экономикалык көрсөткүчүн алдыга чыгарууга чоң салым кошо  баштады. Анткени...

11 - Мая  2018 | 11 : 1462
Кайра иштетүү жанданды... Кайра иштетүү жанданды...

  Област аймагында биринчи кварталда кайра иштетүү тармагы жанданды. Жаңы өндүрүштөрдү ишке киргизүү иш-чараларынын алкагында  үч айда 18 жаңы ишкана ишке кирди. Талаа иштери кызуу жүрүп жатат. Ушул...

4 - Мая  2018 | 4 : 3770