Инвестордун келишине чочулоого негиз жок

16 - Марта  2018 | 12 : 2140
Инвестордун келишине чочулоого негиз жок

 

«Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коому туурасында «Азаттыктан» катарынан эки маалыматтын кетиши он да, терс да пикирлерди жаратты. Бирок, бул пикирлерге ынанууга болбойт. Чынында бүгүнкү күндө «Кыргызнефтегазда» өткөн жылдарга караганда өндүрүштүн темпи бир топ жогору. Бул жетекчиликтин  уюштуруучулук иш билги эмгегинин натыйжасы катарында да кароого болот.  Аны 2017-жылдын жыйынтыктары ачык далилдейт.Тактап айтканда  кыргыз нефтичилери бир жылга белгиленген 85 миң тоннанын ордуна 102 миң 701 тонна нефть өндүрүп, жылдык көрсөткүчтү 121 пайызга жеткиришти. 
 -Бүгүнкү күндө жер алдында  нефтинин алына эле запастары жатат. Ал эми изилденген нефть булактары да өндүрүлө элек. Ушул тапта бургулоо иштерин күчөтүү, нефть, газ өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү зарылдыгы турат.  Азыр биз  аз көлөмдөгү газ өндүрөбүз.  Муну менен элди газ менен толук камсыздай албай келатабыз. Баткен тарапта газдын мол запасы бар деген маалыматтар турат.  Бул иштерди аткарууга «Кыргызнефтегаздын» каражаты жетишпегендиктен өкмөткө кайрылганбыз. Ошол себептүү азыр инвестор  табуу зарылдыгы турат. Негизгиси азыр Оруссия, Кытай, Өзбекстандан инвесторлор табылды. Кыргыз өкмөтү  пайдалуусу менен келишим түзүүгө аракеттер жүрүп жатат,-дейт  акционердик коомдун башкы инженери Тимур Мураталиев. -Союз учурунда жарым миллион тоннага нефть өндүрүлүп келген. Эгерде  инвестиция тарта алса, ошол деңгээлдеги нефть өндүрүүгө жетише алган болоор элек. Келген инвестор да бул үчүн ири суммадагы  каражатын сарптайт. Эгерде бул максаттар ийгиликтүү ишке аша турган болсо, Түштүк Кыргызстанды толугу менен нефть продуктылары жана газ менен камсыздоого жетише алар элек. Ошону менен бүгүнкү күндө Жалал-Абад шаарындагы "Кыргызпетролеум" нефтини кайра иштетүүчү заводун модерназициялоого да инвестор изделип жатат.  Заводду кайра башынан куруп чыгуу, же анын жанына жаңы завод куруу. Себеби, азыркы чыгарылган продукция стандартка жооп бербейт. ЕАЭСке мүчө болуп киргенден соң,  кыска мөөнөттүн ичинде заводду реконструкция жасап евро 4, евро 5 стандартындагы күйүүчү майларды чыгарбасак, эртеңки күнү кеч болуп калат. Заводду жаңыча жасап алганга өзүбүздүн каражатыбыз жетпегендиктен, инвесторлор аркылуу жаңылап алсак, өзүбүз өндүргөн нефтини ошол жерден кайра иштетип чыгарсак, Түштүктү күйүүчү, майлоочу майлар менен камсыздап калмак элек. 

Бүгүнкү темп менен турбай өндүрүштү дагы да илгерилетүү пайда гана алып гана келерин технологиялык-транспорт башкармалыгынын  жетекчиси Бекболот Султанов да тастыктайт. Анын айтымында инвестордун келиши  менен биринчиден нефть өндүрүшүнө керектүү техникалар жаныланат,   жаңы жумушчу орундары түзүлүү менен эмгек акылар көтөрүлөт.  Карызга баткан «Кыргызгазын»    Орусиянын «Газпром» ишканасынын алышы менен өнүгүү болуп жатканы мисал боло алат, деп белгилейт Бекболот Султанов.

Бул багытта өкмөт жана «Кыргызнефтегаз» ачык акцинердик коомунунун  жетекчилиги  чечкиндүү  кадамдарды жасап жатат, буга  эч кандай чочулоонун кереги жок.              

 

«Кыргызнефтегаз» ААКнын маалымат кызматы

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Өрт коопсуздугу боюнча машыгуу Өрт коопсуздугу боюнча машыгуу

    Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү өзүнүн 2018-жылга түзүлгөн иш болжомдоруна ылайык,   Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан “Айгүл” соода борборунда “Соода жайдагы...

6 - Апреля  2018 | 8 : 1525
“Бир ишкер – бир көчөт!” “Бир ишкер – бир көчөт!”

  2018-жылдын 6-апрелинде “ЖИА” бизнес ассоциациясынын мүчөлөрү Жалал-Абаддагы аткаруучу директору Азамбек Жээнбай уулунун жетекчилигинде К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ)...

6 - Апреля  2018 | 8 : 40168
Өзбекстанда калган аба чубалгылары көчүрүлүүдө Өзбекстанда калган аба чубалгылары көчүрүлүүдө

"Жалалабатэлектро”ачык акционердик коому мурда Өзбекстандын аймагында жайгашып калган 35 кВ чыңалуудагы "Караван-Анашев” аба чубалгысын ал жактан чыгарып, Кыргызстандын аймагына куруп жатат. Бул...

28 - Марта  2018 | 8 : 2932
Экспортко жол салгандар Экспортко жол салгандар

  21-март – эл аралык токой күнүнө карата Кара-Алма айылында токой жана жер пайдалануучулар ассоциациясынын демилгеси менен көчөт эгип көрктөндүрүү иши колго алынды. Бул саамалыкка айыл өкмөт, жергиликтүү...

28 - Марта  2018 | 4 : 2329
Сузакта кургак учук көбөйүүдө Сузакта кургак учук көбөйүүдө

        Сузак районунда ушул жылдын эки айында 14 жашка чейинки 11 баладан кургак учук табылды. 2017-жылдын алгачкы эки айында 3 бала аталган оору менен ооруганы аныкталган эле. Жалпысынан алтымыш оорулуу...

28 - Марта  2018 | 4 : 2947
ЖАМУда УНИВЕРСИТЕТТИК ОЛИМПИАДА ӨТКӨРҮЛДҮ ЖАМУда УНИВЕРСИТЕТТИК ОЛИМПИАДА ӨТКӨРҮЛДҮ

                   Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Педагогика жана маалымат технологиясы факультетинин чоң жыйындар залында 17-март күнү  университеттик...

19 - Марта  2018 | 9 : 4983
Таза жашоо тазалыктан башталат! Таза жашоо тазалыктан башталат!

  Ушундай аталыштагы иш-чара Ала-Бука районунун 1-Май айыл аймагындагы бардык айылдарда ийгиликтүү өткөрүлдү. Жалпысынан иш-чарага 500дөн ашуун адам катышты. Ишембиликтин катышуучулары тарабынан бак-дарактар...

19 - Марта  2018 | 12 : 1375