Сабыржан Жолдошев, акын жана обончу: «Чыгармачылыгыма кызым себепкер»

19 - Марта  2018 | 10 : 2446
Сабыржан Жолдошев, акын жана обончу: «Чыгармачылыгыма кызым себепкер»

 

Каректе калган туулган жер

     Кыргыз обондорунун  ордун толуктаган,ыргактуу , бири-бирине окшобогон  ондогон ыр кайрыктары менен чыгармачылыктын чыйыр жолун баштап, анын  оош-кыйыштуу жолун басып жаткан элеттик акын жана обончу Сабыржан Жолдошевдин киндик кан  тамган  куттуу жери  өзөктөш турган Өзбек республикасынын Анжиян районундагы  Карабек айылы. Атасы малчы болгондуктан анын балалыгы Алайдын бийик тоолорунун арасында өттү. Себеби, ал кезде  эки өлкөнүн ортосунда чек ара деген бөлүнүү жок эле да, жакын турган тоо кыркаларына, адыр-түзөңүндө эки элдин малы жайылып, малчылар бири-бири менен карым-катнашта болушчу. Табиятын сөз менен сүрөттөп бергис, ажайып, кооз аймакта калган өмүр белестери анын кийинки чыгармачылыгына  данек болуп бергендир, обон кайрыктарынын, поэзия саптарынын үрөнүн сепкендир. Ошол жаратылыштын таасириненби, агасы комузда жакшы кол ойнотсо, өзү  алтынчы класста окуп жүргөндө эле аккордеонду кармап, мектептен эле ага үн кошуп ,  ырдай калчу адат таап алган. Айрыкча  тоо жаңыртып ырдаганды жактырчу.  Бирок, балалыктын бактылуу ирмемдеринин бир күндөрүндө  кырларды ашып, бел басып, Сузак районунун  Октябрь айылына көчүп келип калышат.

Жаштыктын жалындуу ирмеми

   Октябрь айылы райондогу ири, элдүү кыштактардын бири.  Калкы көп улуттуу болчу.  Айылдагы мектептен билим алып, андан ары ал кездеги Фрунзе (Бишкек) шаарындагы Кыргыз мамлекеттик университеттин экономика факультетине тапшырат.  Ал жерде да  ар кыл чыгармачылык ийримдер иштечү. Алардын арасынан  аккордеон жана ыр ийримин тандап алып,  ырдап жүрдү. Окуу жайдагы  маданий-массалык иштерге катышып, аккордеондун коштоосунда Рыспай Абдыкадыров, Токон Эшпаевдердин ырларын созолонто ырдап, далай кыздарды жүрөгүнө чок салган ирмемдер болду. Ошол окуу жайда  “Экономикалык статистика” сабагынан  берген Кантөрө  Токтомаматов (Жалал-Абад коммерциялык институтунун негиздөөчүсү) агайы анын чыгармачылыгын жогору баалап жүрчү экен. Бир күнү окуу  жайда өтүп жаткан бир иш чарада аны чакырып “сен Рыспайдын ырын аткарып жүрөсүн, аны менен жолугууну самачуу элең, мына ал” деп, Рыспай Абдыкадыров менен кол алыштырып учураштырат,экөөнү тааныштырат. Ошондон кийин Рыспай менен көп ирет жолугат, бирге жүрүшөт, насиптеш болушат.

       Окуу жайды ийгиликтүү аяктап, экономист-бухгалтер адистигин алып, айылга келет. Тайгараев атындагы совхоздо экономист бухгалтер болуп, 12 жыл иштейт. Андан кийин  Багыш айыл өкмөтүндө башкы экономист   деген жооптуу милдетти колго алат да, бул кызматта да  он эки жыл иштейт. Анан Союз ыдырап, бардыгы бүлүндү, таркатылды. Мыкты адистер да туш-тушка кетишти. Ал эми Сабыржан мырза кесибин алмаштырды.  Арийне, ошол кездеги соода кызматкерлери, эсепчилер, экономисттер бизнес жолуна түшүшсө, ал  таптакыр кесибине дал келбеген башка жолду тандады. Болгондо да чыгармачылыктын  азап-тозогун баштан кечирүүнү туура көрдү.

Ата, ыр жазып бериңизчи?”

 Мектепте алтынчы класста окуп жүргөн кызы Дилкумар бир күнү  “ата, мектептеги эжекелерге, кыздарга куттуктоо жазып бериңизчи?” деп, суранып калат. Ошондо биринчи жолу колуна калем алып, сөз тизмегин  кынаптап, ыр жазат. Болгондо да майрамдык каалоо-тилекти ыр аркылуу билдирет. Ал ыры кызына гана эмес, мектептеги мугалимдерге, окуучуларга жагат. Анын автору ким дегенде, Дилкумар кыз тартынбастан  “атам жазып берди” дейт, такылдап. Маңыздуу жазылган ыр саптарына муюп калган мугалимдер ошол күндөн кийин дубал газеталарга да  “атаңа ыр жаздырып кел” деп, ага тапшырма беришет. Атасы болсо кызынын өтүнүчүн четке кага албайт. Бир жагынан өзүнүн да чыгармачылык шыгы ойгонуп, ал өрчүп баратканын сезбейт. Кызы болсо мектептин эң алдыңкы окуучусу, сонун ырдайт. Ал ырдап жатканда  эл муюп угуп турчу. Авазындагы уккулуктуу  ыргактар кимди болсун өзүнө тартып алат.  Ушундай күндөрдүн биринде  Рыспай Абдыкадыров дүйнө салат. Сабыржан ага үчүн бул өтө оор  болот, жүрөгү ооруйт. Ошондо “Рыспай залкар баяны” деген дастанды жазып, обонун да өзү чыгарат.  (Бул дастаны кийин  Рыспайга арналган алты томдук китептин үчүнчүсүнө киргизилет.) Ошол күндөн тартып обончулуктун сыйкыр күчүнө арбала баштайт.  Болгондо да дастандарды жаза баштайт. “Карыялар үйүндөгү эненин арманы”, “Селсаяк баланын арманы”, “Өмүрлөш өрүк комузум” аттуу дастандарынын сөзүнө обон ыргактары дал келип, анын аткаруучусу кызы Дилкумар  Жолдошева болот.

 Эки өнөрдү бирдей айкалыштырып

     “Мен чыгармачылыкка кеч келдим. Ага себепкер кызым Дилкумар болду окшойт. Бирок, канткенде да, көкүрөктө катылып жаткан өнөр бар окшойт. Ал мага биринчи жолу “ыр жазып бериңизчи?””  деп, суранганда, эч кыйналбай эле ыр саптарын жазып бергемин. Ошондо, “менден акын чыкчуудай           го?” деп, өзүмө өзүм суроо салгамын. Кийин “ата, мен жаңы ыр аткаргым келет” дегенде да, биринчи  “Ак элечек Ала-Тоо” деген обонумду кыйналбай чыгарып,  анан аны кызым ырдап чыкты. Билбейм, негедир ошол обондун ыргактары кызымдын үнүнүн тонуна ылайыкталып жазылып калгандай. Кийинки обондорумду деле кызым үчүн чыгардым. Ошол эле мезгилде поэзия саптары кошо жаралып, сөзү менен обонун өзүм чыгарып, бул жагынан эки өнөрдү бирдей алып баратам”-дейт, биздин каарман Сабыржан агай.

Атактуулукка карай жол

  Ал өтө жөнөкөй турпаты, кичи пейил, сылык мүнөзү менен бирге менменсинип, бой көтөргөндү билбеген, карапайым гана чыгармачыл инсан. “Муну жазып койдум, антип койдум, кыйраттым” дебейт. Антпесе, эки үч обон, эки үч ыры менен атактуулукка жеткен канчалар жүрөт көкүрөк кагып. Анын ырларына белгилүү обончулар обон жазып жатышат. Атап айтканда, Анарбай  Райымканов жыйырмадан ашуун ырына экинчи өмүр тартуулады. Айрыкча “Калбасын зарлап бир эне”, “Жайлоодо”, “Апакем”, “Сагындым сени балалык” деген ырларды белгилүү эле ырчылар аткарып жүрүшөт. Түмөнбай  Колдошев да анын ырларына кайрылып  “Махабат берчи, бир үзүм“ аттуу обон жаратты.  Маматибраим Бостонкуловдун “”Ырдын пири Ырыспай”, “Таң сулуу” деген  ырларынын , Мухтар Кырбашевдин обондорунун дээрлик көпчүлүгүнүн сөзү  Сабыржан агага тиешелүү. Анын ” Сузагым”, “Барпы акын”, “Майрам бүгүн”, “Жаңы жыл”, “Окуучулук күндөр” сыяктуу обондору азыр элге сиңип калды. Жаш обончулар Мухтар Гаимов, Жусуп Масаитов, Азиз Калматовдор да бир нече ырына обон жаратышты. Ал эми өзүнүн эле кырктан ашуун обону бар экен.  Ал обондорду элге жеткирген аткаруучулар,  атактуу эл  арттистер  Шахра Талипова,  Нуржамал Таабалдиевадан тартып  Дилкумар Жолдошева, Динара Тилекеева сыяктуу жаш аткаруучулар. Өткөн жылдын соңунда  “Сагындым тоонун  гүлдөрүн” аталышында ырлар жыйнагын китеп кылып чыгарды. “Менин ырларымдын да, обондорумдун да тематикасы мекен, эл-жер, жаратылыш, мекенчил сезимдеги  жан дүйнө ыргактары болуп калды. Махабат, арзуу темаларынын аздыгы чыгармачылыкка жашым өтүп калганда аралашканым себеп болду окшойт. Айрым обончулар “махабат темасында жазып бериңизчи ?” деп, атайын суранышса гана жазып жатамын. Ал эми негизинен дастан жазганга көбүрөөк ынтызармын. Ушул багытта алдыда  максаттарым бар”-деп, кошумчалайт ал.

Көкүрөк өйүгөн көп ойлор

    Атактуу обончулар менен тизгиндеш жүрсө да,  жөнөкөйлүктүн  чегинен чыга албаган элеттик акын жана обончунун көкүрөгүн өйүгөн көп нерсе бар экен. Маданият тармагынын аксап жатышы, айылдык клубдардын, Маданият үйлөрүнүн иштебегендиги, имараттарынын талкаланышы, мурдагыдай ырчы, артисттерди эл баалабай, жандуу музыканын компьютердин курмандыгы болуп калгандыгына кейийт. Айрыкча ырчылар компьютердин жардамы менен үндөрүн кооздотуп, фонограмма жасатып алышып, элди алдап, бул өнөрдү бизнеске айландырып алгандыгына жүрөгү ооруйт. “Азыр жандуу ырдаган ырчы дээрлик жокко эсе. Чыныгы ырчылар аз. Элди алдашат. Мисалы, Рыспай Абдыкадыров  дайыма жандуу үн менен ырдап,  эл алдына бир чыкканда  бир  нече ырын аткарып берчү. Ошол кездин обончуларынын, ырчыларынын бардыгы ошондой  эле. Анан да ошол компьютер менен обон ыргактарын да бузуп жатышат” деген оюн айтат. Мындан сырткары чыныгы талант көмүскөдө калып, татыктуу баасын албагандарга , канча  кайталангыс таланттар билинбей эле өтүп кетип жатышканына да зээни кейийт. “Алыс барбайын бизде эле не деген керемет таланттар жүрүшөт. Комузчу Токтомурат Осмоналиевдей үч кыл комузга жан киргизип, сүйлөтө алгандар аз. Өмүрүн ушул аспапка арнап келе жатат. “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисинен өйдө көтөрүлө албады. Анарбай  Райымканов деген обончубуздун өнөрү качан бааланат? Анын ырлары бүтүндөй кыргыз журтуна сиңип калды го?”-дейт.

“Обон ордодогу” олуттуу аракеттер

   Жакында Кыргыз республикасынын эл артисти, белгилүү обончу-композитор Арзыбек Бедияров областтагы обончулардын башын бириктирип, “Обон ордо” уюмун түздү. Ага белгилүү ,анан жаңыдан  бул өнөргө баш урган  чыгармачыл адамдар киришти. Дастанчы Бурул Стамкулова, обончулар Анарбай Райымканов, Эмил Балтагулов баш болгон топтун көп максаттары  ачыкталды. Алар эми ушул уюм аркылуу өздөрүн таанытуу, чыгармачылыктарын өркүндөтүү аракеттерин көрүшөт. Кыргыз патент аркылуу ырларын нотага түшүрүү,  Кыргыз радиосунун “Алтын фондуна” калтыруу, обондордун жыйнактарын чыгаруу сыяктуу жумуштарды аткарышат. “Ушул уюмдун түзүлгөнү абдан туура болду. Мурда ар ким оз алдынча тырмалаңдап келсе, эми биргеликте, акылдашып, кеңешип, бири-бирибизге сунуш-пикирлерди айтып, чыгармаларыбызды бышытып, сындан өткөрүп, дегендей, дегинкиси биргеликте иштеген жакшы да. Ошондуктан ал уюмду түзгөн Арзыбек агабыз баш болуп, алдыбызга көп милдеттерди койдук, олуттуу иштерди жасайбыз. Элге чыгабыз, жолугабыз, ырларыбызды аткарып гана тим болбостон, элдин да сынын угабыз, айтор, калк аралап кадырыбызды билебиз”-деген, аруу ойлорун да ортого салды.

 

Бактыкан Ажымаматова

 

 

 

    

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Арзыбек Бедияров, Кыргыз эл артисти: «Обон ордо» оболосо дейм» Арзыбек Бедияров, Кыргыз эл артисти: «Обон ордо» оболосо дейм»

     Кыргыз жыттанып, кыргыз үнүн мукамдуу обондору аркылуу  бул жагы Кытай, тиги жагы Америка, анан Түркия менен Азия жергесине угузуп жаткан, кыргыздын каны-жанына сиңип калган  обологон...

26 - Февраля  2018 | 5 : 32138
Дилкумар Жолдошева, Жалал-Абад областтык Токтосун Тыныбеков атындагы... Дилкумар Жолдошева, Жалал-Абад областтык Токтосун Тыныбеков атындагы...

  Дилкумар айым, адегенде өзүң тууралуу маалымат берсең? Мен 1979-жылы,  6-майда Сузак районунун Октябрь айылында, кызматчынын үй-бүлөсүндө туулганмын. Атам Сабыржан Жолдошев чыгармачыл...

9 - Февраля  2018 | 7 : 51153
“Бүт дүйнөмдү койгум келди, сага арнап, ...” “Бүт дүйнөмдү койгум келди, сага арнап, ...”

    Бүгүнкү каарманыбыз интернет желелеринде өзүнүн айкын чыгармалары-ырлары менен таанылган жердешибиз, Сузак районунун Ачы өрөөнүнүн Шатрак айылында төрөлгөн Назгүл Нышанбаева...

21 - Декабря  2017 | 8 : 71130
”Театрсыз жашоомду элестете албаймын” ”Театрсыз жашоомду элестете албаймын”

    ГАЛИНА КОНУРБАЕВА, Жалал-Абад областтык Барпы атындагы драма театрынын актрисасы: Жалал-Абад областтык Барпы атындагы драма театрында көп кырдуу таланттардын сабында актриса, ырчы...

21 - Декабря  2017 | 8 : 23136
Нурмухаммед киного тартылды Нурмухаммед киного тартылды

         Россиялык башкы телеканалдын “Лучше  всех” программасы аркылуу дүйнө көрүүчүлөрүн таң калтырган  Жалал-Абад шаарынын кичинекей тургуну Нурмухаммед Ташмаматов дагы бир өнөрү...

10 - Ноября  2017 | 6 : 16164
Токтогулдун үй – музейин көрөлү Токтогулдун үй – музейин көрөлү

  Улуу демократ төкмө акын , ойчул  жана композитор Токтогул Сатылгановдун  чыгармачылыгын  барактабаган, баалабаган жан болбосо керек.  Дал ушул кайталангыс улуу инсанга арналып,  Токтогул...

26 - Сентября  2017 | 9 : 18309
"Клипке тартылуудан сырткары кино багытында да өзүмдү сынай баштадым"

Аты жөнү -  Нурсултан Кудаяров   Туулган жери - Ноокен району, Масы...

29 - Июня  2017 | 13 : 27681