Экспортко жол салгандар

28 - Марта  2018 | 4 : 23101
Экспортко жол салгандар

 

21-март – эл аралык токой күнүнө карата Кара-Алма айылында токой жана жер пайдалануучулар ассоциациясынын демилгеси менен көчөт эгип көрктөндүрүү иши колго алынды. Бул саамалыкка айыл өкмөт, жергиликтүү жамаат кол кабыш кылды. 

Сузак районун Кара-Алма айылынын тургуну Төлөгөн Паизов жаңгак токоюнун жанынан үч гектар жерди 49 жылга ижарага алып, карлик сортундагы  200 түп алма көчөтүн эгүүдө. Бул жер саздуу жер болгондуктан сууну тартып, чекесин тосмолоп гүлдөгөн бакка айландыргысы келет. Токой чарба багытында билим алган Төлөгөн буга чейин ушул тармакта мамлекеттик жумуштарда иштеп келген. Эми өз алдынча багбанчылыкты баштаганы турат. Ал алманын, кайнаалы жана алмуруттун жаңы сортторун эгип, түшүмүн сыртка сатууга камданып жаткан учуру.

-Буйруса эмдиги жылдан баштап бул көчөттөр түшүм бере баштайт. Беш жылда өтө жакшы жетилип, түшүмдүүлүгү мол болот. Ар бир түп 350 кг чейин алма берет. Келечекте жемиштеримди экспортко чыгаргым келет. Бул үчүн атайын сертификат керек экен. Буга көмөк көрсөткөн Кыргызстан токой жана жер пайдалануучулар ассоциациясына эң биринчилерден болуп мүчө болгом. Мындан башка да 5 гектар жаңгагым бар. Жакында сертификатка ээ болсом аны да экспортко чыгаруунун аракетин көрөм- дейт Төлөгөн Паизов.

Токой жана жер пайдалануучулар ассоциациясынын дагы бир мүчөсү , жергиликтүү жамааттын лидери Табылды Омошев да 5 гектар жаңгак токоюн иштетип түшүмдүүлүгүн арттырып экспортко камданып турган учуру.

-Биз жергиликтүү жамааттар биригип токой аянтчаларындагы бош калган жерлерге көчөт эгип жашылдандыруу аракетин көрөбүз. Он төрт үй бүлөдөн турган жамаат ушинтип бири бирибизге жардам берип көрктөндүрүүнү колго алганбыз. Кийинки жылы Жаныбек Базаров деген багбаныбыз жаңы сорттогу көчөттөрдү эгет. Баарыбыздын максатыбыз-түшүмдөрүбүздүн сапатын арттырып, чет жакка сатуу-дейт Табылды Омошев.

Токойду таза кармоо, зыянсыздандыруу, түшүмдүүлүгүн арттырып экспортко чыгарууга көмөк көрсөтүүнү максат кылган токой жана жер пайдалануучулар ассоциациясынын Жалал-Абад областындагы координатору мындай саамалыктар жакында Ноокен районунда да болгонун айтат. Анда да бош калган жерлерге көчөттөрдү эгип көрктөндүрүү иши жүрүүдө. Кара-Алмадагы “Чилтен жаңгак”, “Майда алма” жамааттары активдүү иштешип,  ар кандай окууларга катышууда. Област боюнча миңге жакын токой пайдалануучулар ассоциацияга мүчө. Алардын санын дагы да арттыруу керек.

-Чындыгында аздыр-көптүр токойду тазалоо, көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат. Ошентсе да жергиликтүү бийлик, областтык токой чарба бийлиги бир аз көңүл кош  мамиле кылышууда. Карапайым эл да токойго кайдыгер мамиле жасайт. Көпчүлүгү токойду убагында бат-бат тазалап, карап, зыянсыздандырганды дээрлик билишпейт. Ачыгын айтканда бизде табияттын белеги болгон токой аянтчаларыбызды таштандылар каптап каралбай кеткен. Бул сырттан келген туристерге да жакшы маанай жаратпайт. Башка аймактан келген эс алуучлар да тазалыкка көңүл бурат. Каралбаган токой мөмөлөрүнүн сапаты начарлайт. Экспорт эмес ички базарды да ээлей албай калат. Азыркы заманда материалдык жактан камдуу жашаш үчүн токойлорду жакшы асырап, сапаттуу түшүмдөрүн кымбат баада сыртка сатууга ар бир токой пайдалануучу аракет кылыш керек-дейт Кыргызстан токой жана жер пайдалануучулар ассоциациясынын координатору Мизамидин Сатыгулов.

                         

Гүлнура КЕЛДИБАЕВА

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИ КАНДАЙ САРПТАЛДЫ? ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИ КАНДАЙ САРПТАЛДЫ?

  Жалал-Абад шаарынын мэри Бишкектеги Жылуулук электр борборунун чатагы менен арызын жазып, кызматынан кетти. Ал эми Жалал-Абад шаарынын депутаттары 2016-2017-жылда шаар бюджетинин кандай иштетилгени тууралуу...

29 - Мая  2018 | 5 : 5578
Аймакка ичүүчү таза суу берилди Аймакка ичүүчү таза суу берилди

    Жалал-Абад шаарынын Чыңгыз Айтматов аймактык башкаруусуна караштуу 120 кожолук тургундар бир апта бою таза суунун жоктугунан кыйынчылык тартып келишкен. “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгына...

11 - Мая  2018 | 10 : 4982
IT чөйрөсүндө окууга кабыл алат IT чөйрөсүндө окууга кабыл алат

  Программалык жабдуулар жана Кызматтар Өндүрүүчүлөрүнүн Кыргыз Ассоциациясы жана IT Академиясы өзгөчө муктаждыктары бар жарандарга IT тармагында кыска мөөнөттүк окутуу боюнча жаңы долбоордун ишке...

11 - Мая  2018 | 10 : 5861
Жалал-Абад областында инвестиция тартуу көбөйүүдө Жалал-Абад областында инвестиция тартуу көбөйүүдө

  Жалал-Абад областында ар кайсы тармактарды өнүктүрүү багытында тартылып жаткан инвестицияинын көлөмү улам артып баратат. Быйылкы жылдын биринчи чейрегинде област боюнча 2 миллиард 399 миллион сомдук...

11 - Мая  2018 | 11 : 2352
Кыргыз сомуна 25 жыл Кыргыз сомуна 25 жыл

  1993-жылы 10-майда Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн арасынан алгачкылардан болуп өзүнүн жеке улуттук валютасын сомду жүгүртүүгө киргизген. Бул күнү баалар, эмгек акылар, стипендиялар пенсиялар, ишкана-мекемелердин...

10 - Мая  2018 | 8 : 387
Базар-Коргондун тургуну 19 жаштагы айылдашын бычактап салды Базар-Коргондун тургуну 19 жаштагы айылдашын бычактап салды

Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айылынын тургундары өз ара урушуп кетишип, 19 жаштагы И.А. аттуу тургунга 24 жаштагы айылдашы М. уулу Н. бычак уруп жиберген. Анын кесепетинен 19 жаштагы...

8 - Мая  2018 | 4 : 5472
Премьер-министр «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалдык... Премьер-министр «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалдык...

    Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарында «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалынын...

8 - Мая  2018 | 5 : 0108