Сузакта кургак учук көбөйүүдө

28 - Марта  2018 | 4 : 29415
Сузакта кургак учук көбөйүүдө

       

Сузак районунда ушул жылдын эки айында 14 жашка чейинки 11 баладан кургак учук табылды. 2017-жылдын алгачкы эки айында 3 бала аталган оору менен ооруганы аныкталган эле. Жалпысынан алтымыш оорулуу жаңы катталды. Бул өткөн жылга караганда 12 адамга көп. Жугуштуу түрү да басаңдаган жок. Былтыркы жана быйылкы жылдын алгачкы эки айында 14 адамдан кургак учуктун жугуштуу түрү табылып, маанайды чөктүрдү. Райондук  ден соолукту чыңдоо кабинетинин маалыматына караганда  Атабеков айыл өкмөтүндө жыл башынан бери 11 адамдан бул оору жаңы табылган.  Барпы, Ырыс айыл өкмөттөрүндө да жаңыдан оору жуктургандар байкалууда. Дарыгерлерге көрүнгөн учурда табылган дарттар да арбууда. Алгачкы үч айда дарыгерге кайрылган12 адамдан кургак учук аныкталды.

Кыргызстанда жыл сайын 6000 адам кургак учук дарты менен катталат. Беш жүзгө жакыны  бул оорудан  каза болот. Өкүнүчтүүсү оорулуулардын 75 пайызы 20-40 жаштын тегерегиндегилер.

Дарыгерлер кургак учук оорусун толук жок кылууга болорун эскертишет. Болгону убагында ак халатчандарга көрүнүп, үзгүлтүксүз дары ичүү керек.

24-март Кургак учук оорусуна каршы күн. Бул күнү райондо атайын маданий иш чаралар жана жөө жүрүш болду.

                                               Гүлнура КЕЛДИБАЕВА

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Ок атуучу курал алынды Ок атуучу курал алынды

                            Жума ичинде Жалал-Абад областында жарандардан 3 сайлуу ок атуучу куралдар алынды. ОИИБнын аймактардагы бөлүмдөрү эл арасында мыйзамсыз сакталган ок атуучу...

21 - Сентября  2018 | 11 : 32181
Колдоодон качкан мекемелер кимдер? Колдоодон качкан мекемелер кимдер?

                              Бүткүл дүйнөлүк III көчмөндөр оюнуна аттанаардан бир күн мурда Жалал-Абад областтык Барпы театры жана Т. Тыныбеков...

30 - Августа  2018 | 9 : 39232
Жаш жарандардын келечеги үчүн Жаш жарандардын келечеги үчүн

   Он жети миң калкы бар Кочкор-Ата шаарында  социалдык буйрутмалар ишке ашырылганы турат. Тактап айтканда, шаардагы 12-18 жаштагы 2000 ге чукул  балдардын бош убактысын туура пайдалануусу,...

27 - Июня  2018 | 9 : 52242
АЙМАКТАРГА МИГРАЦИЯ КЫЗМАТЫ КЕРЕК АЙМАКТАРГА МИГРАЦИЯ КЫЗМАТЫ КЕРЕК

  Эми Жалал-Абад шаарындагы бардык мекеме-ишканаларда, коомдук бирикмелерде, маалыматтар кату кызматтарында адам сатууга каршы ар кандай расмий, коомдук иш-чаралар күчөтүлөт. Ал эми аймактарда мурда болуп...

21 - Июня  2018 | 6 : 3370
Сандарыгер жетишпейт Сандарыгер жетишпейт

            Жалал-Абад шаардык оорулардын алдын алуу жана санитардык көзөмөл борборунун маалыматына караганда шаарда 900 обьект, областын аймагында 4000 миңден ашык обьект  жылына бир жолу...

21 - Июня  2018 | 6 : 7242
Ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет Ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет

    Кыргызстанда алгачкы жолу  Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын базасында  ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет.  Бейтаптарды чукул кабыл алып, андан ары тиешелүү...

21 - Июня  2018 | 6 : 14203
Азык-түлүк коркунучун алдын ал! Азык-түлүк коркунучун алдын ал!

  Азыркы учурдагы 5 мамлекеттен турган (Россия, Белорусия, Казакстан, Армения жана Кыргызстан) Евроазиялык экономикалык Бажы союзунун курамына кирип,  калкты коопсуз тамак-аш жана башка товарлар менен...

21 - Июня  2018 | 6 : 19280