Мамыр Мерген-тарыхый инсан

28 - Марта  2018 | 4 : 44429
Мамыр Мерген-тарыхый инсан

 

  Мамыр Мерген  азыркы Базар-Коргон районунун Колот кыштагында 1838-жылы туулуп, ошол эле жерде эр жеткен. Атасы ак үйлүү мундуздардын  тарыйма деген уругунан,  апасы кыпчактардан болгон. 1873-жылы   жаз айларында, 35 жаш курагында Анжиян вилоятына (областына)  караштуу мундуз, кушчу, багыш, басыз, карабагыш,каман сыяктуу уруулардын  башында туруп, кокондук алык-салык жыйноочуларга  салык төлөбөй  койгон. Мамыр баатыр узун бойлуу 2,20, салмагы 130, кара мойлоочон, ночо киши, атка мингенде буту салбаңдап узун болуп турган экен.   

“Мамырдын күүсү”

1991-жылдын 15-мартында “Бишкек шамы”  газетасына   “Мамырдын күүсү” деген  кызыктуу, тарыхый мааниси зор макалаЧ. Болсуналиев тарабынан жарыяланган. Анда 1874-76-жылдардагы Түштүк кыргыздардын  Кокон хандыгына каршы көтөрүлүштүн биринчи баштоочуларынын бири Мамыр Мерген уулунун комузчулук өнөрүн белгилей келип, баа жеткис баатырдыгын мындайча көрсөтүптүр: “Эми күү тарыхы мындай: Анжияндык кыргыздар Кокон хандыгынын бийлигине  каршы көтөрүлгөндө Мамыр баатыр алардын кол башчысы болгон экен.  

Каршылашкан кыргыздар Кудаяр хандын  аскерлерине туруштук бере албай, Токмокко качып кетишет. Элдин аксакалдары орус бийлигине каршы арага түшүшөт. Токмоктун уезд башчысы ойлонуп, “байкап көрөйүн” деп, убакытты созуп, Түркстан губернаторуна кагаз жөнөтөт.Так ошол мезгилде губернаторго Кудаяр хан да кат жазып, “бир шарты аткарылса баш ийерин” билдирет. Ал шарты ,Мамыр Мергенди тирүү кармап, же кесилген башын берүү экен. Хан: “Алымбек Датканын уулдарынын ишеничтүү жардамчысы  Мамыр баатыр  мен түгүл силерге да  кызык көрсөтөрү бышык ”- деп, жазат. Түркстан губернатору акыры  бир хандык үчүн бир адамды кыят, Мамыр баатырды кармап берүүгө  Токмок уездине буйрук берет. Орус аскерлери Мамыр баатырды кармап, ага чындыгын айтышат. Ошондо баатыр эл менен коштошуп, күү черткен экен. Ошол күү эмдигиче “Мамырдын күүсү” деп, чертилип жүрөт..... ”-деп,жазылган.

 “Мергендин кош чынары”

Мамырдын мекени болгон Базар-Коргон аймагында туулуп өскөн мен да “Мергендин кош чынары”дегенден башка ал баатырдын өзү жөнүндө  эч нерсе билчүү эмесмин. Азыр сураштырсам  Мамыр баатырдын  атасы - Мерген  колунда бар кишилерден  болгон экен.  Ары-бери өтүп жүргөндө  Айгыр-Жалдын белине токтоп,   Колот деген жерге жайлоону (жашоону) ой кылчуу экен. Кийин ошол жерге  Анжияндан алдырган  өзбекке терек тиктирип, малын бактырып жүрөт. Күндөр, жылдар өтүп, өзбек каза болот, анын сөөгүн  теректердин жанына койдуруп, Мерген: “Мен көз жумганда дал ушул жерге жашыргыла”- деп, керээз калтырыптыр. Азыр ошол теректерден  калгандары  “Мергендин чынары”, “Мергендин мазары” деп, аталып келет экен. Бүгүнкү күндө ошол мүрзө бар. Ал эми санжыралык маалымат боюнча Мамыр баатырдын чоң атасы Орозбайдын (Базарбай) чоң коргону азыркы Базар-Коргон айылында болгондуктан, ошол айланага эл отурукташып, соодо-сатык  иштери жүрүп, алыс, жакындан келген соодагерлердин базарына айлангандыгы үчүн Базарбайдын коргону турган Тентек-Сайдын сол жээги Базар-Коргон  аталып келген. Бүгүнкү күндө чоң бир райондун аталышы ушул  тарыхый инсандын чоң атасынын айдыңы менен айтылат  

Зомбулуктан чачылгандар

Жазалоочу отряддын куугунунан качкан 1700 түтүн үй бүлөө кыргыздын Тогуз-Торо, Кетмен-Төбө сыяктуу тоолуу  райондоруна качып кетишет. Бул жерде Россия империясынын  составындагы Жети-Суу областынын Токмок уездине карачу. Кокон хандыгынын өтүнүчүнө байланыштуу  орус бийлөөчүлөрү алтымышка жакын көтөрүлүшчүнү камакка алып,  калгандарын Кокон хандыгына  кайтарып берген. Хан төбөлдөрү Мамырдын адамдарын аябай кордошуп, болгон байлыктарын тартып алышкан соң Кетмен-Төбө тарапка кайра качышат. Мамыр баатыр өтө ишеничтүү 100 кишиси менен  кыштан чыгыш үчүн Чыгыш тоолоруна  качып кирип кетет. Андан ары  жардам болобу деген ниет менен  Кашкар кыргыздарына чейин барат, мундуз туугандарын издеп көрөт. Жогоруда аталган уруулардын Түндүк менен Түштүк Кыргызстандын  ар кайсы жерлеринде чачылып жашап калганы ошондогу Кокон Хандагынын зордук-зомбулугу, ага каршы чыккан көтөрүлүшчү элдин баш ийүүнү каалабай ары-бери  сүрүлүп турушу негизги себептердин бири болгон. Мамыр баатырдын туусу астында көтөрүлүш баштаган Базар-Коргон, Арстанбап аймактарында мундуздардын Ак үйлүү мундуз, Бай мундуз деген негизги эки бөлүгү жашайт.

Элинин эркиндиги үчүн күрөш

1874-жылы май айында Кара-Кулжа чөлкөмүнүн кыргыздары Мамырдын жетекчилиги астында жаңы күч менен күрөшкө чыгышкан. 5–6 миң кишиден турган көтөрүлүшчүлөр Анжияндан алыс эмес Коргонбардан сепилин алып, Анжиянга чабуул коюшкан. Бирок, 2 миң сарбаздан турган жазалоочу кошуун көтөрүлүштү баскан. Мамыр Капка өрөөнүнө (Нарын чөлкөмү) качып кеткен, бирок Кокон ханынын өтүнүчүнө байланыштуу Токмок уездинин башчысынын буйругу менен 1874-жылы 15-июлда кармалып, Лепси уездинде (Казакстан) камакка салынган. 1877-жылы тымызын көзөмөлдөнүп туруу укугу менен Анжиян уездине кайтып келген. Мамыр кийинчерээк орус бийликтерине да каршы күрөшүүгө аракеттенген. Ал 1878-жылдын жазынан баштап Кудаяр хандын алысырак тууганы Жетим хан менен бирге Ош, Анжиян, Кокон уезддерин кыдырып, орус бийлигине каршы көтөрүлүүгө элди үндөгөн. Падыша аскерлери Жетим хандын тобун 1878-жылдын жай мезгилинде талкалап, өзү колго түшүп өлтүрүлгөн, Мамыр падыша аскерлерине каршы баатырларча кармашып, качып кетүүгө үлгүргөн.

Акыркы өмүр ирмеми

Жайлоонун толуп турган учуру экен. Мамыр “эл тынчып калгандыр” деген ой менен Осмондукуна келет. Осмон бардык курал-жарактарын, сырт кийимин чечиндирип, төргө өткөрүп, этти салдырып коёт да, чыгып жок болуп кетет. Бир маалда Осмон  ак падышанын желдеттери менен келип, Мамырды туткундамак болот. Аны түшүнгөн куралы жок, бейгам отурган Мамыр: “Осмон, кыйдалыгыңды , минтээриңди мурдатан эле сезип жүрчүү элем. Кылаарыңды кылдың!...”дейт да , аргасыз туткун болуп берет. Желдеттер эки колун байлап, арабага отургузуп алып жүрүп кетишет. Бирок, эң кызыктуусу Казак-Орустар менен ким барып Мамыр Мерген уулун кармоону уюштурганы көмүскөдө калган. Бирок, 8-сентябрда орус бийликтери тарабынан кармалып, 1879-жылы 18-январда Анжиян шаарында дарга асылган.

 Айтурган АБДЫРАЗАКОВА, ЖАМУнун студенти

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Назармат –жазма мурастарды сактоочу жана эң алгачкы мугалим... Назармат –жазма мурастарды сактоочу жана эң алгачкы мугалим...

Назармат Жайлообаевдин туулгандыгынын 120 жылдыгына карата                     Дал ушундай аталышта Назарматмолдонун уулу Ормонбек...

21 - Сентября  2018 | 11 : 17120
Хан Кубатбектин баатырдыгы Хан Кубатбектин баатырдыгы

  Ноокен районунда он сегизинчи кылымда, же  1710-1770-жылдары  жашап өткөн Хан Кубатбектин (Кубат бийдин) ишмердүүлүгүнө,  анын 325 жылдыгына  арналган республикалык илимий-практикалык конференция...

17 - Ноября  2017 | 4 : 321095
Чаткалда байыркы таш жазууларынын ири топтому табылды Чаткалда байыркы таш жазууларынын ири топтому табылды

  Чаткал районунун аңчылык мекемесинин башчысы Рыскулбек Таласбаев Чаткал тоолорунун арасынан байыркы доорлорго таандык сейрек кездешүүчү таштардагы жазуулардын-петроглифтердин ири топтомун тапты....

17 - Марта  2017 | 8 : 30915
Көтөрүлүшкө базаркоргон болуштугу да катышкан Көтөрүлүшкө базаркоргон болуштугу да катышкан

  Кыргызстандагы 1916-жылдагы Үркүн – кыргыз элинин орус падышалыгынын колониялык саясатына каршы улуттук-боштондук күрөшү. Россия империясы Орто...

28 - Октября  2016 | 11 : 311352
Искендер Зулкарнайн ким болгон? Искендер Зулкарнайн ким болгон?

  Александр Макендонский менен анын жалпылыгы барбы?   Эл арасында Александр Макендонскийди андан далай мезгил мурда жашап өткөн Искендер Зулкарнайн менен алмаштырып, чаташтырып...

7 - Октября  2016 | 16 : 342491
Жалал-Абадды Жалал атабыз эле түптөгөн Жалал-Абадды Жалал атабыз эле түптөгөн

  Азыркы учурда Жалал-Абад шаарынын атын өзгөртүү боюнча улам эле көтөрүлүп жаткан демилгелерден кийин мен да өз пикиримди жазып көрүүнү туура көрдүм. Мүмкүн тарых чындыгы такыр эле башкачадыр... Мен бул...

22 - Июля  2016 | 18 : 451107
Тарых чындыгы: “Көк-Артта да эл кырылган экен” Тарых чындыгы: “Көк-Артта да эл кырылган экен”

                                                                                                         Үркүндүн 100...

14 - Июля  2016 | 11 : 541690