Аймак жаңылыктары

28 - Марта  2018 | 4 : 54276
Аймак жаңылыктары

Аксы. Кайнене келинди өлтүрүп, мурда кыз жигит катары сүйлөшкөн кызын да өлтүрүүгө аракет жасаган 30 жаштагы Авлетим айыл аймагынын жашоочусу Б. Т ны райондук сот өмүр боюу эркинен ажыратты.  

Эске салсак,  2017-жылдын 14-ноябрында Аксы районунун Авлетим айыл аймагында жашаган үйдүн кожейкеси 1965-жылы туулган С. К менен келини 1991-жылкы  К. А кылмышкердин колунан ажал табышкан. Үйдүн ээсинин кызы оор абалда ооруканага түшкөн.  Окуя орун алган үйдө    2 жаштагы жана бир жашка толо элек наристелер уктап жатышкан, бактыга жараша балдарга тийген эмес.

 

Жалал-Абад. “Телтору”  ат майданында өлкөнүн түштүгүндө  уюштурулган “ Көк бөрү” мелдеши  өткөрүлдү. Бул оюнга  12 команда ат салышты. Финалдык беттешке үч команда чыгып, 1-орунга Өзгөндөн келген “Көлдүк” командасы ээ болсо,  2-орунга Аксы районунун  командасы багынтты.  Ал эми  3-орунду Жалал-Абад  ОИИБ нин курама командасы алды жана     100  - 70- 50 миң сомдон акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Калыстардын ырастоолорунда мындагы улакта командалардагы мыкты оюн көрсөткөн оюнчулар  III дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна  тандалып алынды. 

 

Базар-Коргон. Райондогу таштандыларды таштоочу жайга иттер үйүрлөп, жакын жерде жайгашкан  айылдыктардын койлоруна кол салууда. Бул тууралуу Таш-Булак айылынын жашоочусу Ташмат Нурмаматов билдирди.   

 -Биздин айыл, райондогу таштандылар чыгарылган жерге жакын жерде турат. Мал жандыктардын сөөктөрү көп төгүлөт, ошондуктан иттер көбөйүүдө. Балдарыбызды кой жайдырганы да чыгаргандан кооптонуп жатабыз. Ит көп болсо адамдардан да коркпой калышат экен. Жергиликтүү бийлик жолбун иттерге көз салып койсо жакшы болот эле,-деп билдирүүдө.  

Сузак.  Багыш айылында чет жакта иштеп жүргөн “Багыш жаштары” коомуна мүчө болгон мигрант жаштардын колдоосу менен жаңы спортзал ачылды.  Залдын курулушу былтыркы жылдын май айында башталган. Жалпысынан  7 миллион сом каражат жумшалган. 500 орунга ылайыкташкан спорт залда  кичи футбол, волейбол, баскетбол жана күрөш боюнча мелдештерди уюштурууга болот.

Быйылкы жылы спортзалдын алдына   2 миллион сомдук “Жаштар аллеясын” курууну да пландоодо.

Ала-Бука. Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Сонунбек Акпаралиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка 22-март күнү премьер-министр Сапар Исаков кол койду. Эске салсак, С. Акпаралиев катардагы мугалимдиктен директорлук кызматка чейин көтөрүлүп, 2003-жылы Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматына дайындалган.  2016-жылдан бери район акими болуп иштеп келген.

 

"Аймактар"

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Аймак жаңылыктары Аймак жаңылыктары

  Сузак. Кызыл-Туу айыл аймагынын Таштак айылындагы О. Муратов мектебинде акыркы он жылдан бери балдарга 3 нөөмөттө сабак берилип келет. Ата-энелердин жардамы менен ашар ыкмасында 9 класстык...

7 - Марта  2018 | 10 : 1274
Аймак жаңылыктары Аймак жаңылыктары

  ЖАЛАЛ-АБАД. Шаардык казынадан берилген акчалай сыйлыкка  2 спортчу жаңы конуштуу болушту. Областтык спорт, дене-тарбия жана жаштар комитети кабарлагандай грек – рим күрөшү боюнча дүйнө...

16 - Февраля  2018 | 10 : 40265
Аймак жанылыктары Аймак жанылыктары

  НООКЕН.  Масы кыштагындагы үйлөрдүн бирине “электриктин” атынан келип,  бир миллион сомдой акчалуу сейфти уурдаган эки адам Бишкектен кармалды. ОИИБдин басма сөз кызматы  алар адам...

9 - Февраля  2018 | 7 : 47472
Аймак жаңылыктары Аймак жаңылыктары

  ЖАЛАЛ-АБАД.. Шаарда Чүй, Баткен, Жалал-Абад, Ош областтарынын окуучулары үчүн «менин кирешелүү чарбам» аттуу семинар болуп өттү. Аны балдарды эмгекке үйрөтүү максатында Жалал-Абад айылдык...

23 - Января  2018 | 11 : 54259
Аймак жаңылыктары Аймак жаңылыктары

  ЖАЛАЛ-АБАД. Шаарда болгон  жыйында бир топ маселелер  козголду. Мэриянын маалыматтык борбору билдиргендей көчөлөрдү кеңейтүү, мектептерди жана балдар бакчаларын куруу, мугалимдерди социалдык жактан...

23 - Января  2018 | 11 : 56271
Батир кезегин зарыга күткөн төрт эм төрөгөн чаткалдык эне Батир кезегин зарыга күткөн төрт эм төрөгөн чаткалдык эне

         2013-жылдын 30-декабрында борбор калаабыз Бишкектин № 4 төрөт үйүндө төрт эм көз жарып, төрт наристелүү болгон Абдрыхмановдордун үй бүлөсү гана эмес, бүтүндөй республикабыздын калкы кубанган...

16 - Января  2017 | 5 : 451722
Чаткалда маданиятка тиешелүү бир топ маселелер талкууланды Чаткалда маданиятка тиешелүү бир топ маселелер талкууланды

  Январь  айынын он экисинде Чаткал районунун борбору Каныш-Кыя айылында Ч. Айтматов атындагы райондук маданият үйүндө райондук маданият бөлүмүнүн жылдык отурум болду. Отурумга райондук мамлекеттик...

16 - Января  2017 | 5 : 491763