Кургак учукту күчтүү адам жеңет

6 - Апреля  2018 | 7 : 2621
Кургак учукту күчтүү адам жеңет

          

Социалдык кургак учук оорусу Жалал-Абад областында бир калыпта экендигин адистер белгилешүүдө. Деген менен “миграциялык агым күч алып жаткан шартта бул дарт көбөйсө көбөйүп, азайышы  кыйын” дешет алар. Өткөн жылдын  алгачкы эки айында 157 оорулуу табылса, быйыл жазга жетпей 145  факты  катталып, салыштырмалуу  төмөн. Балдар жана өспүрүмдөр арасында да ооруга чалдыккандар да азайды. Тактап айтканда, былтыр 14 болсо, быйыл 12 баладан  анын белгилери табылган. Областта кургак учук оорусу туруктуу болгону менен узак убакыт дарылануудан баш тарткандар кездешүүдө.

Дарттын алдын алуу өзүбүздөн

Жалал-Абад шаарында абал  былтыркыга караганда көңүл жылытарлык. Жыл башынан бери 9 оорулуу жаңы табылды. Былтыр жазга жетпей  кургак учук менен ооруган  22 адам табылып, маанай түштү эле. Жаңы табылган 9 оорулуунун  8и  ачык түрү менен ооруйт. Балдар арасында  былтыр 4 оорулуу табылса, быйыл катталган жок.  Дарттын салыштырмалуу төмөндөшүнүн себеби шаар жеринде элдин  маалыматы жана түшүнүгү бир аз  жогору жана байланыштар менен ыңгайлуулуктар жакшы экендигинде.  

 Ал эми Сузак районунда абал жакшы эмес. Райондо ушул жылдын эки айында 14 жашка чейинки 11 баладан кургак учук табылды. 2017-жылдын алгачкы эки айында 3 бала аталган оору менен ооруганы аныкталган эле. Жалпысынан алтымыш оорулуу жаңы катталды. Бул өткөн жылга караганда 12 адамга көп. Жугуштуу түрү да басаңдаган жок. Былтыркы жана быйылкы жылдын алгачкы эки айында 14 адамдан бул дарттын  жугуштуу түрү табылган. Райондук  ден соолукту чыңдоо кабинетинин жетекчиси Майрам Калилованын маалыматына караганда  “Атабеков айыл өкмөтүнөн жыл башынан бери 12 адамдан  табылган.  Барпы, Ырыс айыл өкмөттөрүндө да жаңыдан оору жуктургандар байкалууда. Дарыгерлерге көрүнгөн учурда табылган дарттар да арбууда. Алгачкы үч айда дарыгерге кайрылган12 адамдан кургак учук аныкталды. Эки адам бул дүйнө менен кош айтышты”.

 

Дарылануудан баш тарткандар бар

Атын жашыруун калтырууну өтүнгөн  каарманым миграцияда жүрүп, кургак учук оорусун жуктуруп алган. Ишке кириш үчүн медициналык кароодон өтүп жатып оорусунан кабардар болуп, нес абалда  жүрүп, Кыргызстанга дарыланууга келет. Кургак учуктун жугуштуу  формасына өтүп кеткендиктен, ооруканага жатып ,дарыланууга туура келет. Алты ай дарыланган соң түзүк болуп калып, “айыктым, болду” деп Россияга кеткендердин бири.

- Ооруканадагы алты ай кыйналган, уйкусуз түндөр жүрөгүмдү эзди. Убакыт өтүп, бир аз айыккан соң,  кетип калдым. Дарыны жылдар бою үзгүлтүксүз ичип,  толук айыгууга болоорун билсем да, аргасыз кеттим. Анткени күчтүү дары ичкенде,  күчтүү тамак жеш керек. Үч балам менен ата-энемдин үйүндөмүн.  Күчтүү тамак эмес ,кээде нан чай менен отуруп калабыз. Ушундай шартта кантип дарыланмакмын.  Тиякка бардым да, оорулуу орус кемпирди карап калдым. Күндөн күнгө өзүм кыйналып, эки айга жетпей кайра келдим. Азыр дарыланып жатам. Ичкен жегеним деле өтө жакшы эмес-дейт,ал. 

Адистер да узак жылдар дарылануу өтө чыдамкайлуулукту талап кылгандыктан, ага эрки жетпей, баш тарткандар болгонун тастыкташат.  Алар түшүндүрүү иштеринен кийин дарыланууну кайра башташат. Бирок, ортодогу үзгүлтүк дарылануунун мөөнөтүн дагы узартарын белгилешет.

Социалдык себептерден улам дарылануудан баш тарткандар болот. Айрымдары жеткиликтүү түшүнүп турса да, эки жылдык убакытка чыдай алышпайт, “айыгам” деген сезим, ишеним күчтүү болушу керек-дейт, Жалал-Абад областтык кургак учукка каршы күрөшүү борборунун дарыгери Кайринса Дыйканбаева.  

 

Миграция агымы дартты арбытууда

Тиешелүү адистер Кыргызстанда кургак учук дарты жөнүндө түшүндүрүү иштери жетишерлик болгон менен миграция агымы күч ала берсе, бул дарттын кескин азайып кетиши кыйын экенин белгилешет. Дарыгер Кайринса  Дыйканабаева;

-Миграцияда жүргөндөр арасында оору жуктуруп алгандар көп кездешип жатат. Былтыр жыл ичинде катталган 937 оорулуунун 224ү мигрант. Анан калса чала-була дарыланып, же таптакыр баш тарткандар да ушулардын арасында кездешүүдө-дейт.

Чындыгында эле кургак учук жана башка оорулардын көбөйүп, жашарып жатканына түздөн-түз миграция таасир берүүдө. Бул ойду бышыктап экономика илимдеринин доктору, профессор Аманкул Зулпукаров  миграция агымын басаңдатыш үчүн мамлекет иш орундары менен камсыз кылышы керек деп эсептейт. Акыркы он жылдан бери бул жаатта жакшы эле иш жүргөн менен дагы деле жумушсуздук күч бойдон калууда. Мыйзамдардын аткарылышы, катуу тартип экономиканы турукташтырып, миграцияны токтотот. Кыргызстандан иш таппаган жарандар чет жерде ачка ,ток, ысык суукта калып иштешет. Мындайда оору бат жугуп, оорулуунун  санын көбөйтөт.

Кыргызстанда жыл сайын 6000 адам кургак учук дарты менен катталат. Беш жүзгө жакыны  бул оорудан  каза болот. Өкүнүчтүүсү оорулуулардын 75 пайызы 20-40 жаштын тегерегиндегилер.

Коомчулуктун көңүлүн бурдурган бир айлык

Оору тууралуу чоңунан кичинесине чейин түшүндүрүп, оорулууну дарыланууга көндүргөн медицина кызматкерлери 24-март- кургак учукка каршы күрөшүү күнүн өзгөчө белгилешет. Атайын бир айлык жарыяланып, иш чаралар өткөрүлөт. Бул кадам коомчулук үчүн өтө пайдалуу болот. Ооруп баштаган адам  да оптимисттик маанайда боло түшөт.  

- Бир ай ичинде мектептерде атайын семинар өткөрүлүп,  сүрөт  тартуу боюнча сынактар болду. Райондун аймагында 68 айылдык ден соолук кабинеттери (АДК) бар. Биз алар менен тыгыз байланышта иштешебиз. Мекеме ишканаларга да окууларды өттүк.  Бул байланышуулар кайсы бир деңгээлде кургак учук дартынын өсүп кетишинин алдын алат- дейт, райондук ден соолукту чыңдоо кабинетинин жетекчиси Майрам Калилова.

 Кургак учук оорусунан толук айыгууга болоорун кошумчалаган М.Калилова  бейтап болгону убагында дарыгерге  көрүнүп, үзгүлтүксүз дары ичүү керек экенин баса белгилейт. Эгерде дарттын белгилери бар адамдар дарыланбаса,  беш жылдан кийин бери жагы эле 50 пайызы өлүмгө дуушар болот.

                             

Гүлнура КЕЛДИБАЕВА

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Электр жарыгы жете элек айылдарга көңүл бөлүнөбү? Электр жарыгы жете элек айылдарга көңүл бөлүнөбү?

    Өлкө башчынын быйылкы жылды “региондорду өнүктүрүү” жылы деп жарыялоосун эл колдоп, кубаттоодо.  Анткени, региондордун дараметин арттыруу,  көтөрүү багыты көздөлүп кабыл алынган...

6 - Апреля  2018 | 7 : 3131
Жоюлбаган жумушсуздук, кол жеткис мүдөөлөр... Жоюлбаган жумушсуздук, кол жеткис мүдөөлөр...

    Жалал-Абад шаардык Социалдык өнүктүрүү башкармасынын иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүнүн маалыматына караганда шаарда жалпы 1283 жумушсуз катталса, анын 1106 сы аял, 770и жаштар. Ал эми...

6 - Апреля  2018 | 7 : 4022
Социалдык көйгөй төрөттөн баш тарттырабы? Социалдык көйгөй төрөттөн баш тарттырабы?

“...Азыркы заманда бутка туруп алып анан төрөш керек болуп калды. Үстүнө үй, алдыңа мал-жан,  машина же жакшы бизнести түптөп алып анан катар-катар балалуу болсоң  болот. Ага чейин эки балалуу болуп турсаң...

16 - Марта  2018 | 12 : 543
Сүйүнчү акча сүйүнттү, а жөлөк пул жөндөлөбү? Сүйүнчү акча сүйүнттү, а жөлөк пул жөндөлөбү?

    Көп жылдардан бери  калк арасында нааразылык туудуруп, чечилбей  келе жаткан сүйүнчү жана жөлөк пул жөнүндөгү жаңы мыйзам иштелип чыгып, ал 2018-жылдын январынан баштап ишке кирмей болгон....

16 - Марта  2018 | 12 : 1048
Укуктук сабатсыздык –адам сатууга ачылган каалга Укуктук сабатсыздык –адам сатууга ачылган каалга

  Жакында Өкмөт башчы Сапар Исаков адам аткезчилиги боюнча мыйзам долбооруна кол койгон. Ага ылайык, жарандарды чет өлкөгө жөнөткөн агенттиктердин иши тыкыр көзөмөлгө алынып, адам сатуу үчүн кылмыш...

7 - Марта  2018 | 9 : 54186
Тергөөчүлөрдүн кемчиликтери айтылды Тергөөчүлөрдүн кемчиликтери айтылды

  Кызматтык кылмыштардын ар бири сотко жетиши керек. Мындай пикирди Жалал-Абад областынын прокурору Өткүрбек Жамшитов кызматтык жана коррупциялык кылмыштар талкууланган ведомостволук ыкчам кеңешмеде...

2 - Марта  2018 | 12 : 862
Кайдыгерликке кабылган музейлер Кайдыгерликке кабылган музейлер

  Областтагы  тарых музейлерди жакшыртууга анан да жетекчилеринин ишмердигине   көз салууну күчөтүү зарыл болуп турат. Анткени көпчүлүк музей жетекчилери иш учурунда каалагандай жүрүшөт, жумуш...

26 - Февраля  2018 | 9 : 581