Электр жарыгы жете элек айылдарга көңүл бөлүнөбү?

6 - Апреля  2018 | 7 : 31298
Электр жарыгы жете элек айылдарга көңүл бөлүнөбү?

 

 

Өлкө башчынын быйылкы жылды “региондорду өнүктүрүү” жылы деп жарыялоосун эл колдоп, кубаттоодо.  Анткени, региондордун дараметин арттыруу,  көтөрүү багыты көздөлүп кабыл алынган чечимден улам,  көйгөйү көп элеттиктерде “элеттен кабар алчуулар болот” деген аруу ойлор жанды. Чакалап чакырымдап таза суу издеген айылдыктар, кетменин көтөрүп көрүнгөн арыкты акмаалап, эгин талаасына  араңдан суу тартып келген дыйкандар, бийликке чоң үмүт байлады. Жамап жаскалып,  тамтыгы чыккан жолдордун оңдолуусуна ишеним артылууда. Айтор, элеттиктердин эңсеген  эле жылы болду. Ырасында,  аймактар көңүл бөлүүгө, өнүгүүгө муктаж. Региондорду өнүктүрүү жылы дегенде эле  Жалал-Абад дубанынан али күнчө электр жарыгы жете элек Кызыл-Бейит, Жазы-Кечүү айылдары эске келет экен. Быйылкы жыл  дал ушул айылдыктарга таандыктай сезим калтырат. Чырак менен күн кечирип келген айылдыктардын  маселесин чечүү жергиликтүү бийликтин баш оорусуна айланган. Себеби, жергиликтүү бийликтин  аталган айылдарга электр чубалгыларын тартып барууга чамасы жетпейт. Бир кылым арттагы жашоону кечиргендерге,  аймактарды өнүктүрүү жылында кандайдыр бир колдоо болобу? Мына ушул сыяктуу суроолорго жооп издеп көрдүк.  

 

Унаа каттамы кайык, ат эшекке айланган айылда...

Аксы районунун Кызыл-Бейит айылы Ак-Жол айыл аймагына кирет. Аталган айыл  1980-жылдарга чейин Бишкек-Ош жолунун боюнда турган. Күрп-Сай ГЭСи курулганда, Нарын дарыясы бөгөлүп,  айылдын жолу суу астында калган.  Ошол жылдан бери айылдыктар унаа каттам дегенди унутушту да, унааларды эки калактуу кайыкка, ат эшекке  алмаштырышты. Башкача айтканда, кызыл-бейиттиктер 38 жылдан бери Нарын суусун кайык менен кесип өтүшөт. Андан ары карай  ат эшек менен же  жөө жалаңдап дагы 5 чакырым жалгыз кыя жол менен жол жүрүүгө туура келет.   Айылга жеткенге чейин 22 кечүүдөн, 6-7 көпүрөдөн өтүшөт.  Жаз мезгилинин апрель май айларында  сайдагы суу көбөйүп, айылга барчу жалгыз жол менен каттоо кыйынчылыгы жаралат.  Кышкысын  суулар тоңуп, жол азабы эки эсеге түйшүк тарттырат. Бул кыйынчылыктарга көнүп деле бүтүшкөн. Чакан гана айыл ГЭСтен болгону 7 чакырым алыстыкта жайгашкан.  Ошентсе да  электр энергиясы  жеткен эмес. Учурда, Кызыл-Бейитте 86 кожолук жашайт, калк санын эске алганда  300дөн ашуун жашоочу бар. Ансыз да жашоо шарты катаал болгон аймакта какаганга муштаган болуп,   мектеп, бала бакча, медпункт сыяктуу мекеме деген нерсе жок. Жашоочулар аргасыз мектеп курагындагы балдарын Таш-Көмүр, Кара-Көл шаарларында тууган уруктарынын үйлөрүнө жайгаштырышып, мектепке беришет. Айыл башчы Гулчоро Раманкуловдун айтымында, бүгүнкү күндө 135 бала мектепке барат.

-Бизде  мектепке барбай калган бала жок, баары эле билим алышат. Көбүнесе туугандарынын колунда жүрүп, мектепти бүтүшүүдө. Жашоосу жакшыргандары гана шаардан үй алып, өздөрүнө шарт жаратышууда. Бир медайымыбыз  бар, жаш балдарга эмдөөлөрдү жүргүзүп, калкка кызмат кылат. Кудайга шүгүр көп деле ооруй бербейбиз.  Кош бойлуу келиндер көз жараарга 1-2 ай калганда жогорудагы шаарларга кетишет. Биз өз айылыбызга көнүп деле калганбыз. Бийликтен  эл  электр жарыгын жеткирип берүүнү  гана суранат. 37 жылдан бери   кайрылбаган жерибиз, жазбаган катыбыз калбады. Быйыл грант аркылуу күндөн энергия алуучу аппараттарды ар бир үйгө бериле турган болууда. Ал үчүн үйдүн техпаспорттору керек болот экен. Ушул үйлөрдүн документтерин бүткөрүүгө аракет жасап жатабыз. Бул үчүн да абдан кубанып жатабыз-, дейт айыл башчы.

Жергиликтүү жашоочулардын ырастоолорунда, 1980-жылдан 2005-жылга чейин 30га жакын жашоочу  нарын дарыясына чөгүп өлгөн. Ал жылдары эки калактуу кайык менен гана каттоо болгондуктан, кайык толкунга туруштук бере албай, катуу толкунга туш болгон жарандар дүйнө салып кете берген. Бир учурда кайыктан 13 адам сууга чөккөн окуя жүз берүүсү, элеттиктерди өзгөчө ойлонткон. 2005-жылы Айдың аттуу жергиликтүү турган толкунга туруштук бере ала турган, бензин менен жүрүүчү паром жасаган. Ошентип 12 жылдан бери жарандар дарыяга чөкпөй, суудан бейкапар өтүп калышты. Күнү-түнү элди кайык паром менен суудан алып өткөн кайыкчыга эл өздөрү акча төлөшөт. Анын  эмгек акысын төлөө  маселеси  элдик жыйынга салынып ,  колунда бар  50 түтүндүн ар бири жылына 3500 сомдон төлөө чечими кабыл алынган. Колдоого  муктаж 20 түтүн төлөмдөн жеңилдетилген.  Ал эми азыркы тапта паромдун бир тарапка барып келүүсү 80 сом, жайкысын 60 сомго түшөт. Мал жандыктарга өзүнчө баа чегерилген. Мисалы, бир баш эчкиге 10 сом, бодо мал менен жылкынын башына 20 сомдон төлөнөт. Бул бензин үчүн жумшалат. Айылдыктар өздөрүнүн көйгөйүн ушинтип өз ара сүйлөшүү жолу менен чечип, өз арабасын тартып келишет. Элеттиктердин эңсегени да, ыйы да, суранычы да- электр жарыгы...

Эми айыл элинин көйгөйү  убактылуу болсо да оң тарабына чечилүүсү күтүлүүдө. Маалым болгондой, быйылкы жылы  “Жалалабатэлектро” ААКнын кызматкерлери менен КРнын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин адистери биргеликте айылга электр энергиясын жеткирүүнүн багыттар боюнча  жеринде иликтешти. Натыйжада,  адистер айылга аба чубалгыларын тартып, көмөк чордон орнотуп электрлештирүүгө 180 миллион жумшалаары такталды. Мындай каражатты табуу оңой эмес. Мындан улам өкмөт эл түйшүгүн азайтуу үчүн убактылуу болсо да  күндүн энергиясы менен иштөөчү электр чордондор менен жабдуу маселесин кароодо.

   Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Бердалы Мырзакуловдун  айтымында,  эл аралык уюмдардын колдоосу менен аталган айылдагы 74 түтүндүн ар бирине күндөн электр жарыгын алуучу жабдык орнотула турган болууда.

-Өкмөттүн колдоосу,  КРнын Экономика министрлигинин багыт көрсөтүүсү менен  эл аралык уюмга долбоор  жазылган.  Долбоор колдоо тапты. Ушул жылдын март айында күндөн энергия алуучу аппаратты коюп, сынап кетишти. Буйруса жай мезгилдеринде ар бир түтүнгө  100 миң сомдук күндүн энергиясын алуучу аппараттар орнотулат. Анын ичинде бир муздаткыч, бир телевизор, движок жана 6 лампочкасы менен берилет. Чырактан көрө ушул жабдыктар деле жакшы да. Убактылуу болсо да калк көйгөйү чечилет-дейт айыл өкмөт башчы.

Албетте бул кадам электр энергиясын жеткирүү толук чечилди дегенге жатпайт. Келечекте  өкмөттүн  казынасы кампайып, болжолдонгон миллиондор бөлүнүп, калк көйгөйү чечиле турган мезгил да келет...

 

Чакан ГЭС көйгөй чечеби?

Базар-Коргон районуна караштуу Жазы-Кечүү айылы район борборунан 120 чакырым алыстыкта,  климаттык шарты оор тоолуу жерде жайгашкан. Бул айылга өмүрү  электр жарыгы барган эмес. Эл оозунда айтылган аңыз кептерге караганда элетте Кокон Хандыгынын тушунда  деле эл отурукташкан. Жолу да катаал айылда бактыга жараша ФАП, мектеп мекемеси бар. 100 орунду мектеп уясынын пайдаланууга берилгенине жыл айлана элек. Дүйшөндүн  мектебинин кейпин кийген имаратта билим алып келген балдар кыш мезгилинде биринчи жолу кооптонбой  жаңы имараттан билим алышты. Имарат электр жарыгы менен иштөөгө ыңгайлашкандыктан, кышы менен движоктун жардамы менен жылуулук берилди. 107 кожолук, 600дөн ашуун калк жашаган айыл акырындык менен жакшырып баратат. Деген менен эл миллиондорду чапчыган электр жарыгынын жетүүнү каалашат.  Айылды электрлештирүү боюнча маселе мамлекеттик деңгээлде көтөрүлүп, өкмөт тарабынан каржылоо булактарын табуу каралууда. “Жалалабатэлектро” ААКнын адистеринин божомолдуу эсептөөлөрүнө  таянсак,  айылга 10 КВ аба чубалгысы тартылып барып, электрлештирилчү болсо  62 миллион сомду чапчыйт. Ал эми электр менен жабдуунун ишенимдүүлүгүн арттыруу үчүн 35 КВ аба чубалгысын тартып, көмөкчө чордон орното турган болсо 214 миллион сомго жакын каражат керектелет. Демек маселе оор бойдон калууда.

Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын башчысы Оморбек Жолдошбаев чакан ГЭС куруу аркылуу абалдан чыгуунун жолу каралып жатканын айтты.

-Айыл аймактын 2018-2023-жылдарга кабыл алынган туруктуу өнүктүрүү программасында Жазы-Кечү айылына электр жарыгын жеткирүү багыты да камтылган. Бул айылда электр чубалгыларын тартып баруу чоң каражатты жумшайт экен. Ошондуктан ал айылга чакан ГЭС куруу менен маселени чечсе боло турган жолду кароодобуз.  ГЭС кургандар менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө, алар өздөрү изилдеп көрүп анан бир жыйынтыкка келишет экен. Быйыл Кызыл-Үңкүр айылына чакан  ГЭС куруп сыноодон өткөрүшөт. Эмдиги жылдан тарта  Жазы-Кечүүгө куруу пландалууда. Жергиликтүү бийлик болгон күч аракетин жумшап жатат”-, дейт айыл өкмөт башчы.

Жарыкка зар элеттиктердин көйгөйү качан, кантип чечилет деп, зарыккан эл быйылкы “региондорду өнүктүрүү” жылынан күткөнү ушул маселелер. Ылайым мүдөөлөр орундалса экен...

 

Жумагүл ШАЙЫКОВА

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Майлуу-Суудагы уран калдыгы кайда изилденүүдө? Майлуу-Суудагы уран калдыгы кайда изилденүүдө?

                 Майлуу-Суу шаарында  1946-1967-жылдары «Кыргызэлектроизолит» заводунда уран калдыктарын иштетилип, чыныгы уран сырт өлкөлөргө жөнөтүлүп турган. Ал...

21 - Сентября  2018 | 10 : 476
Каттоонун камылгасы, камсыздандыруунун кадамы кечеңдөөдө Каттоонун камылгасы, камсыздандыруунун кадамы кечеңдөөдө

  Өлкөдө 2020-жылы боло турган элди жана турак жайды каттоого даярдыктар Жалал-Абад областында  солгун жүрүүдө. Ар он жылда эл каттоо болгонуна карабастан бүгүнкү күнгө чейин айрым айылдардын,...

21 - Сентября  2018 | 11 : 2365
Бир короодогу эки мектептин зарылдыгы канчалык? Бир короодогу эки мектептин зарылдыгы канчалык?

  Ала-Бука районуна караштуу 1-Май айыл аймагынын Айры-Там айылында 5 миңге чукул калк жашайт. Кызыгы андагы айылда бир короодо М. Алымбеков жалпы орто мектеби жана Айры-Там мектеп-гимназиясы  жайгашкан,...

21 - Сентября  2018 | 11 : 2985
«Кан жетишсиз… Эмнеге?....» «Кан жетишсиз… Эмнеге?....»

                                                                                                               ...

27 - Июня  2018 | 9 : 38149
Дарбыз эмес дарт жейбизби? Дарбыз эмес дарт жейбизби?

    Учурда мөөнөтүнөн мурун, күч менен бышып жаткан мөмө-жемиштерден баш тартуу кыйынга турары белгилүү. Күн да ысып, тарс жарып дарбыз жегиң келген учур. Бирок, алардын ар дайым көзөмөлдө болуусу...

27 - Июня  2018 | 9 : 46167
Абактан кийинки азаптан кантип чыгабыз?.. Абактан кийинки азаптан кантип чыгабыз?..

    Түрмөгө түшкөн аялдардын көбү жакындарын өлтүрүп, же баңгизат менен кармалгандар. Арасында уурулук кылгандары да бар. Республиканын абак жайларында кармалган...

27 - Июня  2018 | 10 : 35158
Башкы плансыз болочок күткөн шаар Башкы плансыз болочок күткөн шаар

  Жалал-Абад шаары алгач шаар статусун алгандан тартып, 1950-жылы шаардын өнүгүшү үчүн алгачкы башкы (генералдык-генплан) планы бекитилген. Областтык керек-жарак коому, түштүк кыргыз жаңгак токойлору...

29 - Мая  2018 | 4 : 1167