Жоюлбаган жумушсуздук, кол жеткис мүдөөлөр...

6 - Апреля  2018 | 7 : 4022
Жоюлбаган жумушсуздук, кол жеткис мүдөөлөр...

 

 

Жалал-Абад шаардык Социалдык өнүктүрүү башкармасынын иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүнүн маалыматына караганда шаарда жалпы 1283 жумушсуз катталса, анын 1106 сы аял, 770и жаштар. Ал эми област боюнча 23 087 жаран болсо,  анын 8043үн кыз-келиндер түзөт,  6219 жаш жаран жумушсуздуктун айынан каттоодо турат.

 

Контрактты актабаган жумуш

Жыйырма төрт жаштагы Нурсултан борбордогу Кыргыз-Түрк Манас университетинде  жылына 80000 сомдон контракт төлөп, экономикалык адистикте билим алган. Окууну бүтүп келгенден кийин Жалал-Абад шаарындагы банктардын бирине ишке орношот. Алган айлыгы 8000 миң сом. Бул акча “заңгыратып той берип үйлөнөм, заманбап үй курам” деген мүдөөсүн орундатпашын билгенден кийин эми ишинен бошоп, Россияны көздөй сапар тартканы турат.

Ал бирге окуган теңтуштарынын беш алтоосу гана жакшы, маянасы жогору, мамлекеттик жана эл аралык ишканаларга киргенин, калгандары мигранттардын катарын толуктаганын айтат.  Орус, англис жана түрк тилдеринде сүйлөй алган Нурсултан Москвага барып, мамлекеттик жана эл аралык ишканаларга резюмесин таштап, “жооп болгонго чейин башка иштерде иштеп турам” деп, турган чагы.

“Ар ким өз көмөчүнө күл тарткан” заманда Нурсултандыкындай тагдырлар чекеден чыгып турган учур.

 

ЖОЖдор да жоопкерчилик алса...

- Кесиптик, орто жана жогорку окуу жайлар бүтүрүүчүсүн жумуш менен камсыз кылууну да моюнга алыш керек деген пикирлер бар. Контрагына акча алып окутуп, анан “эми кайда барсаң, өз эркиң” деп, таштап койгондун өзү туура болбой жатат. Жок дегенде педагогикалык билим алган студенттерин иш менен камсыз болушуна кызыкдар болуш керек. Ушундай оюн бышыктап, он эки жылдан бери мигранттардын катарын толуктап чет жерде иштеп жүргөн Калыйбек Нурмамбетов буларды кошумчалады:

-Мен жогорку окуу жайда биология адистигин окудум. Беш жыл 25 миңден акча төлөдүм. Мектепке ишке кирейин десем орун жок. Санэпидстанцияга жумушка орношоюн десем да орун жок. Эмне кылышты билбей, акыры Россияга келе бердим. Менимче окуткан окуу жай да бүтүрүүчүсүнүн ишке жайгашуусуна кызыкдар болгону оң го. Жок дегенде бүтүрүүчүлөрүнө эки-үч жылдан кийин мониторинг жүргүзүп, анализ жасаса болмок. Акчасын алып окутуп, диплом берип койсо эле маселе бүтпөйт. Ошол аз айлыгы бар жерлерге деле ишке кире албайсың-дейт.

Бүтүрүүчүнүн бул оюна кошулгандар да арбын. Сурамжылап жатып, беш-алтоосунун пикири бир экенин байкадым. Бирок, кечээки студенттердин бул пикирине техника илимдеринин доктору ЖАМУнун экс-ректору Абдиумаматкадыр Ашыралиев макул эмес.

  • ЖОЖдун милдети окутуп, билим берүү. Алар акча төлөп окуп жатышса, кетүүчү чыгымдардын баары эске  алынып, анан жогору жактан бекитилип келет. Окуу жай беш жыл окутканы  аз келгенсип, ар бир бүтүрүүчүсүн ишке жайгаштырып, убара тартыш керекпи? Анда өкмөт эмне кылат экен?  Дипломдуу жарандарынын иш менен камсыз болушуна мамлекет кызыгып, иш орундарын түзүп бериш керек-дейт А. Ашыралиев.

Окумуштуунун айткандарын бышыктап, миграцияда жүргөн Асылбек Турдумамбетов да өлкөдө күтүрөгөн завод, фабрикалар, же майда ишканалар жок болсо, окуу жай бүтүрүүчүсүн кайда жумшамак дейт.

 

Инвесторлордо басмырлоо күч

Ал эми Кыргызстанга келген инвесторлор да “майлуу, сүттү” иш орундарына өздөрүнүн жарандарын ала келет. Калган майда-чүйдө ишке орношкон кыргыз жарандары да жумуш берүүчүлөрдүн кысымына дуушар болот. Өз атын жашыруун калтырууну өтүнгөн бир каарманыбыз эл аралык кен чыгаруучу ишканада иштеп, материалдык, моралдык кысымга дуушар болгонун айтат.

-Билинбеген менен басмырлоо бар. Айлыгыбыз да алардын жарандарынан төмөн. Ушунун айынан жана башка келишпөөчүлүктөн ишсиз калгандар бар. Мен да араң турам. Жакында бул жерден кетем го-дейт.

Чындыгында эле эл аралык ишканаларга ишке кирүү бир топ көйгөйлүү маселе жаратарын бышыктаган КРнын Өнөр жай жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин орун басары Азиз Сапаралиев жакында Жалал-Абад областында болгон сапарында бул жагдайда  чечкиндүү аракеттер болорун эскерткен эле. Эгер мындай аракеттер ишке ашса, кыргыз жарандарынын  жумушка орношуусу жеңилдемек.

 

Билимди жеңген тейлөө иштер

Жалал-Абад шаардык мэриясынын экономика бөлүмүнүн маалыматына караганда шаарда 115 кафе-ресторан жана тамактануучу жай бар. Ал жерде иштегендердин дээрлик бардыгын кыз-келиндер түзөт. Ошол эле  мезгилде жогорку билимдүүлөр да мындай жайларда официант болуп иштеп жатышкандарын байкоого болот. Мунун себебин мамлекеттик жумуштарда айлык акынын аздыгы менен түшүндүрүшөт. Өзүн Жанара деп тааныштырган маектешим беш жыл жогорку окуу жайда ветеринардык кесипте билим алган. 28 жаштагы эне бир баланы жалгыз бой багат. Окуусун бүткөн соң, айлыгы аз ишке орношкусу келбей, же Россиядан жакшы жумуш таба албай, шаарда кафелердин биринде үч жылдан бери иштеп келет.

-Алган дипломум менен жан бага албайм. Айласыз күнүнө 400-500 сом таап, кафеде официант болуп иштеп жатам. Ишим жакшы, майрам күндөрү 1000 сомго чейин табам. Бизде иштеген кыздардын көбү жогорку жана орто  билимдүүлөр. Идиш жууган эжелерибиз да дипломдуу. Эгер мамлекеттик иштерде айлык маяна жакшы болсо, өз кесибимде эле иштемекмин-дейт Жанара.

Жумушсуздардын саны качан, кайсы күнү кыскарат?  Жогорку билимдүү, даяр кадрларыбыздын кадыры кетип, көчө шыпырып, же  идиш жууп, тамак ташып, айла кеткенде мигранттардын катарын толуктап жүрө беришеби? Бул маселе азыркынын жоопсуз көйгөйү эмеспи.

 

Гүлнура КЕЛДИБАЕВА

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Кургак учукту күчтүү адам жеңет Кургак учукту күчтүү адам жеңет

           Социалдык кургак учук оорусу Жалал-Абад областында бир калыпта экендигин адистер белгилешүүдө. Деген менен “миграциялык агым күч алып жаткан шартта бул дарт көбөйсө...

6 - Апреля  2018 | 7 : 2622
Электр жарыгы жете элек айылдарга көңүл бөлүнөбү? Электр жарыгы жете элек айылдарга көңүл бөлүнөбү?

    Өлкө башчынын быйылкы жылды “региондорду өнүктүрүү” жылы деп жарыялоосун эл колдоп, кубаттоодо.  Анткени, региондордун дараметин арттыруу,  көтөрүү багыты көздөлүп кабыл алынган...

6 - Апреля  2018 | 7 : 3131
Социалдык көйгөй төрөттөн баш тарттырабы? Социалдык көйгөй төрөттөн баш тарттырабы?

“...Азыркы заманда бутка туруп алып анан төрөш керек болуп калды. Үстүнө үй, алдыңа мал-жан,  машина же жакшы бизнести түптөп алып анан катар-катар балалуу болсоң  болот. Ага чейин эки балалуу болуп турсаң...

16 - Марта  2018 | 12 : 543
Сүйүнчү акча сүйүнттү, а жөлөк пул жөндөлөбү? Сүйүнчү акча сүйүнттү, а жөлөк пул жөндөлөбү?

    Көп жылдардан бери  калк арасында нааразылык туудуруп, чечилбей  келе жаткан сүйүнчү жана жөлөк пул жөнүндөгү жаңы мыйзам иштелип чыгып, ал 2018-жылдын январынан баштап ишке кирмей болгон....

16 - Марта  2018 | 12 : 1048
Укуктук сабатсыздык –адам сатууга ачылган каалга Укуктук сабатсыздык –адам сатууга ачылган каалга

  Жакында Өкмөт башчы Сапар Исаков адам аткезчилиги боюнча мыйзам долбооруна кол койгон. Ага ылайык, жарандарды чет өлкөгө жөнөткөн агенттиктердин иши тыкыр көзөмөлгө алынып, адам сатуу үчүн кылмыш...

7 - Марта  2018 | 9 : 54186
Тергөөчүлөрдүн кемчиликтери айтылды Тергөөчүлөрдүн кемчиликтери айтылды

  Кызматтык кылмыштардын ар бири сотко жетиши керек. Мындай пикирди Жалал-Абад областынын прокурору Өткүрбек Жамшитов кызматтык жана коррупциялык кылмыштар талкууланган ведомостволук ыкчам кеңешмеде...

2 - Марта  2018 | 12 : 862
Кайдыгерликке кабылган музейлер Кайдыгерликке кабылган музейлер

  Областтагы  тарых музейлерди жакшыртууга анан да жетекчилеринин ишмердигине   көз салууну күчөтүү зарыл болуп турат. Анткени көпчүлүк музей жетекчилери иш учурунда каалагандай жүрүшөт, жумуш...

26 - Февраля  2018 | 9 : 581