Ааламдашуу доорун артка тарткан агымдар

6 - Апреля  2018 | 7 : 47270
Ааламдашуу доорун артка тарткан агымдар

 

    Дегеле  жер алкагындагы  бардык мамлекеттерге коркунуч алып келген, анын ичинде  Кыргызстан үчүн да опурталдуу деп эсептелген   экстремисттик  аракеттер  ачык эле жүрүп жатканы байкалат. Ал экономикалык, саясий өнүгүү деңгээлине карабастан коомдук туруктуулукка, улуттук коопсуздукка жана мамлекеттик түзүмгө коркунуч туудурган диний уюм. КР нын  Жогорку Соту тарабынан өлкөдө 20 диний уюмдун ишмердүүлүүгүн жүргүзүүгө тыюу салган. Алардын ирдүүсү катары “Аль-Каида”, “Талибан кыймылы”, “Чыгыш Туркестан ислам кыймылы”, “Хизбут-Тахрир-аль-Ислами”, “Акрамия”, “Өзбекстан ислам кыймылы” жана “Йакын Инкар диний агымдары” таанылган. Булардын баары ислам динин жамынып алып,  “жомоктогудай жашоо жана шариаттын негизинде турмуш уланат” деп, өз уюмуна мүчө катары каттап,  өздөрүнүн идеологиясын жүргүзүшөт.

 

Жолдон адашуу

 

      Жалал-Абад областында жыл башынан бери онго жакын жаран “Хизбут-Тахрир-аль-Ислами” уюмунан өз каалоосу менен чыкты. Алардын мындай кадамга баруусуна  күч органдарынын, коомчулуктун түшүндүрүү  иштерин байма-бай жүргүзүүсү себеп болду-деп маалымдашат областтык ички иштер башкармалыгынан. 

    Жалал-Абад шаарынын тургуну   Закиржан Карабаев 2000-жылы Хизбут-Тахрир уюмуна мүчө болуп кирген жана бул уюм аркылуу коомго жат жоруктарды жасагандыгы үчүн КР нын Кылмыш Жаза Кодексинин негизинде  4 жыл эркинен ажыратылган. Каармандын айтуусунда “мындан 17 жыл мурун аталган уюмга Кыргызстанда тыюу салынган эмес.  Базарларда, көчөлөрдө өз алдыбызча кагаздарды таркатып, даваат айтып, эркин сүйлөп жүрө берчүүбүз, эч ким тыюу салган эмес. Ошол себептен да  бул уюмга мүчө болуп кирип алганбыз. Кийин бул уюмдун мамлекеттик түзүлүшкө каршы аракеттерди жасагандыгын , максаты Орто Азия чөлкөмүндө халифат куруу, Конституциялык түзүмдү жокко чыгаруу экенин  билип, уюмдан чыкканмын. Учурда каттоодо турамын, күч түзүмдөрү тынымсыз текшерип турат”-дейт ал.

 

Билимсиздиктин таасири

 

КРнын ИИМнин 10-бөлүмүнүн теологу Эрлан Бакиевдин белгилөөсүндө: “Мындай агымга көпчүлүк  жарандар билимдин тайкылыгынан, дин тууралуу туура маалыматы жоктугунан улам кирип жатышат. Мисалга алсак 400гө жакын кыргыз жараны диний экстремиссттик уюмдарга 25-30 жаш курагында аралашып кетип жатат. 2014-жылы Бишкектеги  борбордук мечиттен  Орозо календарын таратып жүргөн балдарды кармаганбыз. Анда  календардын түп нускасы деген жерине ИГИЛдин атрибуттары түшүрүлгөн сүрөтү менен чыгарылып таркатылган. Балдардан сураганыбызда алар бул тууралуу билбестигин айтышкан. Мурун бул экстремисттик уюмдарга мүчө болгондордун үйлөрүнө тинтүү жүргүзгөндө китептер, диск-флешкалар , жада калса курал жарактар чыкчу. Бирок учурда алар да чыкпай калды, анткени алар дүйнөлүк желе аркылуу социалдык тармактардан азгырып жатышат. Экстремисттик уюмдун баракчасынан маалыматтарды бөлүшүп, же көчүрүп, уюлдук телефонуңузга сактап алган болсоңуз, анда сиз экстремисттик уюмдун саясатын таркатуучу катары эсептелип, КРнын Кылмыш жана Жаза кодексинин  299-беренеси менен   2 жылдан 5 жылга чейин эркиңизден ажыратыласыз.  

      Эгерде  ар бир жаран дин тууралуу маалымат билгиси келсе ,же кызыгып жургөн жарандар болсо, “Насаат медиа”,” Муфтият.kg” деген сайттарга кирип, маалымат алып, динди туура түшүнуп алуусуна мүмкүнчүлук жаралат.

 

Мечиттин бары  таза дешке болбойт

 

    Акыркы кездери Жума  мечиттерге жарандар  көп барып жатышат . Бирок ошол жакта да экстремисттик уюмдардын мүчөлөрү кездешпейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Анткени, Казак республикасында жүз берген мисал  ушундай ойго алып келет.  Мисалы:  аталган мамлекеттин мыйзамынын негизинде Салафия багытындагы такфиристтик жихадчыл кыймыл 2012-жылы экстремисттик уюм деп табылып, ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салган. Мечиттерге видео байкоочу коюу аркылуу окуган намазынан жана кыймыл аракетинен таанып, 9000салафитти каттоого алышкан. Ал уюмдун мүчөлөрү   жума намазда эки парз окуп туруп, кетип калышат. Алардын тартиби ушундай. Ал эми максаты мамлекеттик түзүлүшкө каршы туруу, ички мыйзамды бурмалоо, элди азгыруу

“Йакын Инкар диний агымы”- йакынчылар- заманбап коомдогуу глобалдашуу маселелерине каршы чыгуу. Пайгамбар убагында полдор жок болчу деп үйүндөгү полдорун сыйрып салып жатышат. “Кыздар мектепте окушчу эмес” деп, кыздарын мектепке жөнөтпөй жатышат. Ал гана турсун наристелерин медициналык  эмдөөдөн  өткөрүүдөн баш тартышууда. Ага мисал,  Сузак районунда 300гө жакын үй-бүлө наристелерин эмдөөдөн баш тартышкан. Алардын түшүнүгүндө жана кабылдоосунда      “пайгамбар убагында эмдөө болгон эмес, адамды кудай жаратат жана кудай өзү алат”  

 

 Интернет желесинин таасири

 

Бүгүнкү  күндө интернет өтө активдүү болуп жатат. КРнын Ички иштер министрлигинде  “Интернет-кайгуул”     атайын долбоор иштеп жатат. Анда 500 гө жакын жаштар  жана бир катар жаштар уюмдары менен биргеликте   иш жүрүп келет.  “Алар бизге интернеттен террористтик-экстремисттик багытты көздөгөн видео, видео-ролик, блог, көз-караштарды көздөгөн материалдарды көзөмөлдөп  турууга” сунуш беришет-деп кошумчалады  Эрлан Бакиев.  Анын айтымында  “бүгүнкү күнгө чейин 150 дөй видео-роликтерди Ютуб каналынан өчүрүлгөн”. Антсе да,  интернет желеси тез, ыкчам таркагандыктан, андагы жарыяланып кеткен материалдарды дароо токтотуп калуу мүмкүн эмес. Айрым мына ушундай багыттагы материалдар атайын текшерүүдөн өткөрүлүп, анализденгенге, же адистердин тыянагы чыкканча кыйла жерге таркап кетет. Ар ким андай маалыматтарды өз түшүнүгү менен кабыл алат . Андыктан, азгырылып кетпейт деп айтуу да кыйын..

 

Биргелешип күрөшүү-натыйжа берет

 

        Кыргызстанда  экстремисттик ишмердүүлүккө каршы чараларды көрүү жана  алдын алуу боюнча  Кыргыз Республикасынын улуттук Концепциясы иштелип чыгылган. Анда 2014-2020-жылдарга  өлкөдөгү диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын  пайдалуу жана зыяндуу жактары таасын белгиленген. Биздин мамлекетте дин эркиндиги колдонулат деген  түшүнүк менен ишмердүүлүгүн ачык эле жүргүзүп жаткан диний агымдардын аракетине бөгөт коюуда  мыйзамдык аракеттер күч алууда. Мындай өңүттөн алганда ички мыйзамга болгон сый урмат,   биримдик, адам укугун, эркиндигин урматтоо, ынтымакка жана келшимге келүү жагдайын түзүү боюнча иш-аракеттер жүрүүсү шарт.  

Күч түзүмдөрү аныктагандай  “област  аймагында диний-экстремисттик көз карашты колдогон  400дөй адам каттоодо турат. Жарандарды уюмдан кайтарууда дин-аалымдарындай дават айтуу менен түшүндүрүү иштеринин натыйжасынан улам аталган партиядан чыгарууга болот.  Уюм алгач калк жыш жайгашкан аймакта дыйканчылык менен алек болгон жарандарды кыйын кезеңде уюмга тартуу менен кылтакка илишет. Партия ичиндеги сырлар бекем сакталып, үй-бүлөсүнүн коопсуздугу үчүн аны жайылтпоого аракет жасашат”-дешет алар. Ошондой эле . Хизбут-Тахрир уюмунун тузагына илинген жарандардын айрымдары  Сирия мамлекетинде болуп жаткан куралдуу согушка кетип жаткан  фактылар да бар. Алардын саны 82 ге жеткенин белгилешет.

 Элиза АКЖОЛТОЕВА

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Ич жылыган ийги иштер Ич жылыган ийги иштер

  Кыргыз Өкмөтүнүн  Жалал-Абад  областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Ала-Бука районунун алыскы айыл аймактарында болуп, жергиликтүү калктын үнүн угуп кайтты. Чек арага чектеш...

29 - Мая  2018 | 4 : 29142
Катюша минген жалгыз Кыргызстандыктын ысымы көчөгө неге ыйгарылбайт? Катюша минген жалгыз Кыргызстандыктын ысымы көчөгө неге ыйгарылбайт?

       Улуу Ата Мекендик согушта кан кечип,  согуш деген апаатты баштан кечирип, эл жердин бейпил жашоосу  үчүн өз өмүрүн аябаган, согушта катюша минген жалгыз Кыргызстандык Турду Исмановдун...

4 - Мая  2018 | 5 : 22215
Мечит менен мектептин атаандаштыгы күч алдыбы? Мечит менен мектептин атаандаштыгы күч алдыбы?

  Акыркы мезгилде  мектепке караганда мечиттердин көп курулуп, ага мектеп жашындагы балдардын да арбын тартылуусу коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурган орчундуу маселеге айланып бараткандай. Башка аймакты...

6 - Апреля  2018 | 8 : 34112
Заманбап бут кийим тиккен өтүкчү Заманбап бут кийим тиккен өтүкчү

  Сузак районунун Ырыс айылынын тургуну Шарабидин Рахимбердиев өз колу менен заманбап жана сапаттуу бут кийимдерди тигип сатып, киреше табууда. Эч кандай техника колдонулбастан кол жумушу менен...

19 - Марта  2018 | 9 : 52223
Рысбек Жабиров, кинорежиссер:  ”Улуттук баалуулуктарга эшик ачтым” Рысбек Жабиров, кинорежиссер: ”Улуттук баалуулуктарга эшик ачтым”

  Азыркы кыргыз кинорежиссерлорунун арасында өз орду бар, таланттуу жана жаңычыл жигит Рысбек Жабиров  буга чейин “Кайып булак”, “Түндүктүк келин”, “Достор”, “ Талак”,...

7 - Марта  2018 | 9 : 44150
Аярлуу катмарлар да пайда келтирүүдө Аярлуу катмарлар да пайда келтирүүдө

Бүгүнкү экономикалык каатчылыкта алты саны аман, ишке толук жарактуу адам гана эмес, табияттын жазмышы менен көзү көрбөй, угуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган адамдар да кол куушуруп, олтуруп алганы жок. Алар да эч кимден...

26 - Февраля  2018 | 5 : 18227
Электрди үнөмдөп, кирешени көбөйтүңүз Электрди үнөмдөп, кирешени көбөйтүңүз

       Жыл өткөн сайын электр энергияга болгон муктаждык да өстү. Бир кезде бир үйдө бир эле сыналгы болсо азыр  экиден-үчтөн кезиктирүүгө болот. Электр тогу аркылуу иштей турган үй-тиричилигине...

6 - Февраля  2018 | 5 : 18207