Өрт коопсуздугу боюнча машыгуу

6 - Апреля  2018 | 8 : 1525
Өрт коопсуздугу боюнча машыгуу

 

 

Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү өзүнүн 2018-жылга түзүлгөн иш болжомдоруна ылайык,   Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан “Айгүл” соода борборунда “Соода жайдагы өрт кырсыгын жоюу” аттуу темада   өрт-тактикалык машыгуу өткөрдү. Анын жүрүшүндө куткаруучулар келгенге чейин “Айгүл” соода борборунун персоналы, ыктыярдуу өрткө каршы кошун мүчөлөрү  баштапкы өрткө каршы шаймандар, ички өрткө каршы суу булактары менен өрттү өчүрүү, соода борбордогу адамдарды эвакуациялоо боюнча аракеттерди көрүштү.    Ага тартылган   шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн  № 20 жана 58- өрткө каршы-куткаруу бөлүктөрүнүн 3 өрт өчүрүүчү жана 1 авариялык-куткаруу автоунаасы  машыгуу болгон жерге ыкчам жетип келип, өрттү өчүрүүгө киришти. Куткаруучулар тарабынан  соода борбордон жарандарды эвакуациялоону жүргүзүштү жана өрттөн жабыркады делген 2 жаран  коопсуз жайга алып чыгылып, биринчи медициналык  жардам көрсөтүлдү.  Шаар аймагында 11 ири базар, 17 соода комплекси жана 100дөн ашуун майда соода жайлары ишмердигин жүргүзүп келет.  Жогорудагы соода жайларынын өрт коопсуздугун жакшыртуу боюнча иштер улантылып келет.  

Жыл башынан ушул күнгө чейин  шаар аймагында 14 өрт кырсыгы катталып, өрттөн келтирилген материалдык зыян 185 миң сомдон ашты.  Өрттүн кесепетинен 1 атуул каза болуп, куткаруучулардын ыкчам аракеттеринен улам өрттөн  11 млн. 502 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталып, 20 адам куткарылып калган.

 

Кубанычбек Токтосунов Жалал-Абад ШӨКБнын   башчысы ,подполковник  

 

 

 

 

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

“Бир ишкер – бир көчөт!” “Бир ишкер – бир көчөт!”

  2018-жылдын 6-апрелинде “ЖИА” бизнес ассоциациясынын мүчөлөрү Жалал-Абаддагы аткаруучу директору Азамбек Жээнбай уулунун жетекчилигинде К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ)...

6 - Апреля  2018 | 8 : 40169
Өзбекстанда калган аба чубалгылары көчүрүлүүдө Өзбекстанда калган аба чубалгылары көчүрүлүүдө

"Жалалабатэлектро”ачык акционердик коому мурда Өзбекстандын аймагында жайгашып калган 35 кВ чыңалуудагы "Караван-Анашев” аба чубалгысын ал жактан чыгарып, Кыргызстандын аймагына куруп жатат. Бул...

28 - Марта  2018 | 8 : 2933
Экспортко жол салгандар Экспортко жол салгандар

  21-март – эл аралык токой күнүнө карата Кара-Алма айылында токой жана жер пайдалануучулар ассоциациясынын демилгеси менен көчөт эгип көрктөндүрүү иши колго алынды. Бул саамалыкка айыл өкмөт, жергиликтүү...

28 - Марта  2018 | 4 : 2330
Сузакта кургак учук көбөйүүдө Сузакта кургак учук көбөйүүдө

        Сузак районунда ушул жылдын эки айында 14 жашка чейинки 11 баладан кургак учук табылды. 2017-жылдын алгачкы эки айында 3 бала аталган оору менен ооруганы аныкталган эле. Жалпысынан алтымыш оорулуу...

28 - Марта  2018 | 4 : 2948
ЖАМУда УНИВЕРСИТЕТТИК ОЛИМПИАДА ӨТКӨРҮЛДҮ ЖАМУда УНИВЕРСИТЕТТИК ОЛИМПИАДА ӨТКӨРҮЛДҮ

                   Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Педагогика жана маалымат технологиясы факультетинин чоң жыйындар залында 17-март күнү  университеттик...

19 - Марта  2018 | 9 : 4984
Таза жашоо тазалыктан башталат! Таза жашоо тазалыктан башталат!

  Ушундай аталыштагы иш-чара Ала-Бука районунун 1-Май айыл аймагындагы бардык айылдарда ийгиликтүү өткөрүлдү. Жалпысынан иш-чарага 500дөн ашуун адам катышты. Ишембиликтин катышуучулары тарабынан бак-дарактар...

19 - Марта  2018 | 12 : 1376
Жалал-Абад–Наманган кызматташат Жалал-Абад–Наманган кызматташат

  Өзбек Республикасынын Наманган областынын акими Хайрулла Бозаровдун чакыруусу менен Жалал-Абад областынан 36 адамдан турган делегация Наманган жергесине барып келди. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн...

16 - Марта  2018 | 10 : 5476