Бакчаларга эмнеге муктаж?

4 - Мая  2018 | 4 : 53379
Бакчаларга эмнеге муктаж?

                   

 Жалал-Абад шаарындагы көпчүлүк бала бакчаларда медайымдар 0,5 ставка менен иштешет жана  бакчада эки саат гана болушат.  Ал эми  №1 жана №5 бала бакчаларында гана эки медайым бир штат менен толук иштеп, эртеден кечке балдар менен болушат.   Бул жана башка маселелер  шаардык кеңештин бир катар депутаттарынын  шаардагы мектептерди жана бала бакчаларды кыдыруусунда айкын болду.

Кыдыруу шаардын  борборундагы Н.К. Крупская атындагы №1 бакчанын абалын көрүү менен башталды. Сексен жыл мурун курулган бакча 280 балага ылайыкташкан. Бирок, учурда 400дөн ашык бала тарбияланат. Ушунча көп баланын тамак  ашы, жаткан жери, жалпы эле короо жайы канааттандырарлык.  Деген менен ашканада атайын  аш тизменин жоктугу депутаттардын көңүлүн өзгөчө бурду. Бакча жетекчиси Батма Оморова “Жумалык, бир айлык меню бар. Биз мунсуз иш кыла албайбыз” деп, күйпөлөктөгөн менен “менюсун” “ме” деп, көрсөтө албай, тамак-аш катталган журналын гана көрсөтүп тим болду. Ашпозчусу, тарбиячыга, тарбиячысы ашпозчуга шылтоолоп жатып, эч кандай айы, күнү, же жетекчи тарабынан мөөр басылбаган “аш тизмени” алып келишти. Депутаттар азыр эле даярдала койгон бул “аш тизме” бакчанын тескери жүзү деп баалашып, жетекчинин бул маселеге олуттуу карашын милдеттендиришти. Шаардык кеңештин төрагасы Мураталы Тагаев бакчадагы коопсуздук маселеси да эске алынбаганын белгиледи.

-Балдардын тамак-ашына, бакчаны оңдоп-түзөөгө кетүүчү чыгымга гана акча сурап кайрылышкан бакча жетекчилеринин бирөөсү да коопсуздугуна кабатырланып,  шаардык кеңештин босогосун аттаган эмес. Мен азыр көрүп турам, ашканада электр коопсуздугу жакшы эмес. Зымдар ачык. Өрт чыгып кетүү ыктымалы жогору-деп Мураталы Тагаев бул жагдайга бакча жетекчисинин олуттуу көңүл буруусун эскертти.

Андан соң  кургак учук оорусу менен байланышы бар балдарды тарбиялаган №5 “Чолпон” бала бакчасына  барышты. Бул жерди жыйырма жылдан бери жетектеп келе жаткан Айнагүл  Мамбеталиеванын айтымына караганда “100 балага ылайыкташкан бул бакчада 120 бала тарбияланат”. Бакча балдарды акысыз тарбиялангандыктан, “айрым чоң кызматта иштегендер балдарын ушул жерге алып келүүгө аракет кылышат” деген сөз бекер айтылбаганын белгилешкен депутаттар, балдар кандай жол менен кабыл алынарына кызыгышты. Айнагүл  Мамбеталиева жогорудагы сөздү төгүндөп, бул жерге дарыгердин көрсөтмөсү менен кургак учук оорусуна байланышы бар балдар гана кабыл алынаарын айтты.

Шаардык билим берүү берүү башкармасынын  мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнүн инспектору Саадат  Тургунбаеванын айтымына караганда  “22 муниципалдык, 9 жеке менчик бала бакчаларында 4505 бала тарбияланып келе жатат. Учурда 87 бала кезекте турат. Дагы беш бала бакча керек. Анткени шаардын борборундагы бакчаларда балдар ашык”. Саадат Тургунбаева бакчаларда медайымдар үчүн бир штат ачылышын өзгөчө белгилейт.

                                                       Гүлнура КЕЛДИБАЕВА

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Ок атуучу курал алынды Ок атуучу курал алынды

                            Жума ичинде Жалал-Абад областында жарандардан 3 сайлуу ок атуучу куралдар алынды. ОИИБнын аймактардагы бөлүмдөрү эл арасында мыйзамсыз сакталган ок атуучу...

21 - Сентября  2018 | 11 : 32181
Колдоодон качкан мекемелер кимдер? Колдоодон качкан мекемелер кимдер?

                              Бүткүл дүйнөлүк III көчмөндөр оюнуна аттанаардан бир күн мурда Жалал-Абад областтык Барпы театры жана Т. Тыныбеков...

30 - Августа  2018 | 9 : 39232
Жаш жарандардын келечеги үчүн Жаш жарандардын келечеги үчүн

   Он жети миң калкы бар Кочкор-Ата шаарында  социалдык буйрутмалар ишке ашырылганы турат. Тактап айтканда, шаардагы 12-18 жаштагы 2000 ге чукул  балдардын бош убактысын туура пайдалануусу,...

27 - Июня  2018 | 9 : 52242
АЙМАКТАРГА МИГРАЦИЯ КЫЗМАТЫ КЕРЕК АЙМАКТАРГА МИГРАЦИЯ КЫЗМАТЫ КЕРЕК

  Эми Жалал-Абад шаарындагы бардык мекеме-ишканаларда, коомдук бирикмелерде, маалыматтар кату кызматтарында адам сатууга каршы ар кандай расмий, коомдук иш-чаралар күчөтүлөт. Ал эми аймактарда мурда болуп...

21 - Июня  2018 | 6 : 3370
Сандарыгер жетишпейт Сандарыгер жетишпейт

            Жалал-Абад шаардык оорулардын алдын алуу жана санитардык көзөмөл борборунун маалыматына караганда шаарда 900 обьект, областын аймагында 4000 миңден ашык обьект  жылына бир жолу...

21 - Июня  2018 | 6 : 7242
Ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет Ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет

    Кыргызстанда алгачкы жолу  Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын базасында  ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет.  Бейтаптарды чукул кабыл алып, андан ары тиешелүү...

21 - Июня  2018 | 6 : 14203
Азык-түлүк коркунучун алдын ал! Азык-түлүк коркунучун алдын ал!

  Азыркы учурдагы 5 мамлекеттен турган (Россия, Белорусия, Казакстан, Армения жана Кыргызстан) Евроазиялык экономикалык Бажы союзунун курамына кирип,  калкты коопсуз тамак-аш жана башка товарлар менен...

21 - Июня  2018 | 6 : 19280