Зомбулуктун кесепетин түшүндүрүп жең

4 - Мая  2018 | 5 : 0204
Зомбулуктун кесепетин түшүндүрүп жең

         

Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгынан билдирилгендей, областта жыл башынан бери 242 атуул үй бүлөлүк зомбулукка дуушар болуп, 242 жаранга коргоо ордери берилди. Анын ичинен зомбулук көрсөткөн 76 адамга атайын протокол түзүлүп, 75 миң 300 сом айып салынды. Бул өткөн жылдын ушул айларына салыштырмалуу  аз.

       Өмүрү зомбулукта өтүүдө

-Күйөөм менен баш кошкондон бери, ур-токмоктон арыла элекмин. Урушуп-талашып, келип-кетип жүрүп, беш балалуу болдум. Үч-төрт жолу ооруканага да жаттым. Дарыгерлер абалымды көрүп, такып сураса да тилимди тишиме катып, эч нерсе дебедим. Анткени ички жашоомо милиция аралашып, абалды ого бетер курчутуп алам деп ойлодум. Ичкиликке берилген күйөөм бара-бара арагын таштап, “оңолот го” деп, чыдап жашап жүрдүм. Үч-төрт жыл болду анча ичпей калды. Бирок, он-он беш жылдан бери ичип, агрессия калыптанып калганбы айтор эми ичпей эле жиндилик салчу болду. Башта физикалык жактан көп жабыр берсе, эми психикалык жактан көп эзет. Азыр ден соолугум начар. Балдар үчүн чыдаш керек. Башка аргам жок-дейт 52 жаштагы, атын атабоону каалаган каарманым.

    Бүгүнкү күндө мындай жашоо кечирген жубайларды кадам сайын кезиктирүүгө болот. Адистердин айтымында ажырашуулар жубайлардын өз ара келишпөөчүлүгүнөн жана зордук-зомбулуктан болууда. Жалал-Абад шаардык  жарандык  абалдын актыларын  каттоо бөлүмүнүн маалыматына караганда быйылкы жылдын биринчи кварталында областта 398 үй бүлө расмий ажырашкан. Өткөн жылы ушунун тең жарымынан да аз  болгон. Тактап айтканда, 148 ажырашуу катталган. Өкүнүчтүүсү зордук-зомбулук болгон үй бүлөдө чоңойгон балдар  эч болбосо бирөөсү бармактайынан агрессивдүү болору белгилүү. Жогорудагы каарманымдын бир баласы азыртадан эле сөз көтөрө албай, бат жини келет.

-Атам менен апамдын тынымсыз урушунан жададым. Алар урушкан сайын кабагым түшүп, ойлоно берип, бат жиним келчү болду. Бул кемчилигимди байкап, бирок токтото албай жүрөм-  дейт 14 жаштагы Нурлан (аты өзгөртүлдү).

     Психологдор эмне дешет?

     Бир катар изилдөөлөр да зомбулук көргөн үй бүлөнүн балдары кийин өз жашоосунда  балалыгында көргөн зомбулуктун элементтерин кайталоосу далилденген. Психолог Идоят Акматова үйдө уруш-жаңжалдын  күбөсү болгон балдардын көбү кийин жашоосунда баштан өткөнүн кайталоосу мүмкүндүгүн белгилейт.

-“Уядан эмнени көрсөң, учканда ошону аласың ” дегендей, зордук-зомбулукту баштан өткөрүп жаткан ар бир экинчи үй бүлөнүн балдары запкы көрсөткөн апасынын, же атасынын кыялдарын кайталаары бышык. Айрым учурда гана балдар “мен кичинемде ушундай жаман күндөрдү көргөм. Мунун аягы жаман болот. Мен үй бүлөмдүн тынчтыгын, балдарымдын бактылуу балалыгын каалайм” - деп, өткөн жаман окуяларын эстегиси да, жашоосунда колдонгусу да келбейт. Бул балдардын аң сезимине жараша болот. Тилекке каршы, көп учурда эле мындай боло бербейт-дейт психолог Идоят Акматова. 

Дарыгердин аныктамасы   

   2018-жылдын апрель айына чейин Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасына зордук зомбулукка дуушар болуп 328 бейтап кайрылган. Мунун ичинде өз ара келишпөөчүлүктөн  көчөдө таяк  жегендер, бычакташкандар жана өзүн-өзү өлтүрүүгө аракеттенгендер бар. Өткөн жылы май айынан бери 287 оорулуу зомбулуктун айынан кайрылган. Анткени 2017-жылы апрель айында “Үй бүлөлүк зордук  зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзам өзгөртүлүп, толукталган. Кийин май айынан баштап зомбулук  боюнча саламаттыкты сактоо уюмдарына кайрылгандарды каттоо журналы ачылган. Буга чейин “травм пунктка” кайрылгандар үчүн криминалдык китепче болгон. Минтип зомбулуктан кайрылгандар үчүн атайын журнал ачылгандан бери көчөдө урушкан да, сайышкан да адамдар ага катталууда. Мунун арасында үй бүлөлүк чыр чатактан улам кайрылгандар көп. Бирок, көпчүлүгү жашырып, “жыгылып кеттим” деген шылтоо айтышат.

-Чынында күйөөсүнөн таяк жеп, көгала болуп, бир жери сынып  келгендер тез-тез болуп турат. Айрымдары ачуу үстүнөн армандарын айткан менен жеке турмушуна милициянын аралашуусун каалашпайт. Көпчүлүгү эч нерсе айтышпайт. Кээде кары-картаң адамдар зордук-зомбулук көргөндөн улам бизге келип түшкөн учурлар болот.-дейт Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын “травм пункт” бөлүмүнүн башчысы Кулмамат Капаров.

 Зомбулуктун алдын алуу чаралары

Коомдо зордук зомбулуктун  түрлөрү байма-бай катталып, айрым учурда өлүмгө чейин жеткен учурлар болуп жатканынан улам,  бул көйгөйдү токтотуу зарылдыгы келип чыкты. “Зомбулукка каршы аракеттерди жүргүзүп жаткан адистердин айтымында мунун алдын албаса болбойт. Бардык тармактарда түшүндүрүү иштерин жүргүзүү көйгөйдүн көтөрүлүшүнө жол бербейт”-деген  Жалал-Абад шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Гүлина Базаркулова , оюн мындайча улайт.

-Алдын алуу иштери бул көйгөйдү таптакыр жок кылып жибербесе да, кайсы бир деңгээлде басаңдатышы мүмкүн. Буга байланыштуу биз аймактык башкаруу жайларында ата-энелер жана  мектептерде балдар менен жакындан баарлашууну өткөрүп турабыз.  Жакында  эле күч органдары, жаштар комитеттери жана шаардык мэрия биргеликте  зордук зомбулуктун түрлөрү, кесепети жана андан сактануунун жол-жоболору тууралуу коомчулук менен  жолугушуу өткөрдүк-дейт ,ал. Ошондой эле  былтыр шаарда  балдарга болгон эки зордуктоо иши катталганын кошумчалайт. Жыл башынан бери абал тынч.  Шаардык социалдык өнүгүү башкармасынын  балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын аймактык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Айпери Имамалиева  да квартал сайын үй бүлөдөгү зомбулук жөнүндө түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын бышыктайт:

-Биз шаардагы беш аймактык башкарууда, 19 мектепте жана 4 колледжде оозеки түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Эми үй бүлөдөгү зомбулук тууралуу атайын баракчаларды даярдасакпы деп турабыз.-дейт, А.Имамалиева айым.

                         

 Гүлнура КЕЛДИБАЕВА

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Майлуу-Суудагы уран калдыгы кайда изилденүүдө? Майлуу-Суудагы уран калдыгы кайда изилденүүдө?

                 Майлуу-Суу шаарында  1946-1967-жылдары «Кыргызэлектроизолит» заводунда уран калдыктарын иштетилип, чыныгы уран сырт өлкөлөргө жөнөтүлүп турган. Ал...

21 - Сентября  2018 | 10 : 477
Каттоонун камылгасы, камсыздандыруунун кадамы кечеңдөөдө Каттоонун камылгасы, камсыздандыруунун кадамы кечеңдөөдө

  Өлкөдө 2020-жылы боло турган элди жана турак жайды каттоого даярдыктар Жалал-Абад областында  солгун жүрүүдө. Ар он жылда эл каттоо болгонуна карабастан бүгүнкү күнгө чейин айрым айылдардын,...

21 - Сентября  2018 | 11 : 2365
Бир короодогу эки мектептин зарылдыгы канчалык? Бир короодогу эки мектептин зарылдыгы канчалык?

  Ала-Бука районуна караштуу 1-Май айыл аймагынын Айры-Там айылында 5 миңге чукул калк жашайт. Кызыгы андагы айылда бир короодо М. Алымбеков жалпы орто мектеби жана Айры-Там мектеп-гимназиясы  жайгашкан,...

21 - Сентября  2018 | 11 : 2985
«Кан жетишсиз… Эмнеге?....» «Кан жетишсиз… Эмнеге?....»

                                                                                                               ...

27 - Июня  2018 | 9 : 38149
Дарбыз эмес дарт жейбизби? Дарбыз эмес дарт жейбизби?

    Учурда мөөнөтүнөн мурун, күч менен бышып жаткан мөмө-жемиштерден баш тартуу кыйынга турары белгилүү. Күн да ысып, тарс жарып дарбыз жегиң келген учур. Бирок, алардын ар дайым көзөмөлдө болуусу...

27 - Июня  2018 | 9 : 46167
Абактан кийинки азаптан кантип чыгабыз?.. Абактан кийинки азаптан кантип чыгабыз?..

    Түрмөгө түшкөн аялдардын көбү жакындарын өлтүрүп, же баңгизат менен кармалгандар. Арасында уурулук кылгандары да бар. Республиканын абак жайларында кармалган...

27 - Июня  2018 | 10 : 35158
Башкы плансыз болочок күткөн шаар Башкы плансыз болочок күткөн шаар

  Жалал-Абад шаары алгач шаар статусун алгандан тартып, 1950-жылы шаардын өнүгүшү үчүн алгачкы башкы (генералдык-генплан) планы бекитилген. Областтык керек-жарак коому, түштүк кыргыз жаңгак токойлору...

29 - Мая  2018 | 4 : 1167