Россияга жетээриңиз менен катталыңыз!

8 - Мая  2018 | 5 : 11281
Россияга жетээриңиз менен катталыңыз!

 

 

Россия Федерациясында быйылкы жылдын 14 – июнунан 15-июлуна чейин футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат болуп өтөт. Ага байланыштуу Кыргыз Республикасынын Россияга бара жаткан тургундары миграциялык эрежелерди так билип алуулары зарыл. Анткени Россияда үстүбүздөгү жылдын 25-майынан 25-июлга дейре коопсуздук боюнча катуу иш-чаралар киргизилип, футбол мелдештери өтөөрү белгиленген РФнын он бир шаарына келүүчү чет элдик жарандар үчүн катталуунун өзгөчө тартиптери киргизилет.  Ал шаарлар – Волгоград, Екатеринбург, Казань (Татарстан Республикасы), Калининград, Москва, Нижний Новгород, Ростов-на-Дону, Самара, Санкт-Петербург, Саранск (Мордва Республикасы) жана Сочи шаары.

Өкмөттүн областтагы ыйгамдуу өкүлчүлүгү таркаткан билдирүүгө караганда  бул калааларга баруучу чет элдик жарандар бир күнгө гана каттала алышат. Жогоруда аталган Россиянын футбол боюнча мелдеш өтүүчү он бир шаарына барган чет элдик жарандар   25-майдан 25-июлга чейин миграциялык каттоого жана жашаган шаарларында  бир сутканын, 24 сааттын ичинде учетко турууга милдеттүү. Миграциялык каттоого жумуш күнүбү, же жекшемби күнүбү, кайсы убакта болсо да турууга болот.

Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат болуучу Россиянын он бир шаарынын жергиликтүү органдары ар күнү, майрам күндөрү жана дем алуу күндөрү да иштейт. Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилиги бул  мамлекетте ушул аралыкта жашоочу өлкөбүздүн жарандарына укуктук, коопсуздук  жана миграциялык эрежелер боюнча жардам берүү максатында РФнын дүйнөлүк чемпионат боло турган он бир шаарында түз телефондорду уюштурду.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өтө эле зарыл иши болбосо республикабыздын жарандарын футбол боюнча дүйнөлүк мелдеш өтүп бүткүчө Россия Федерациясынын аймагына баруудан убактылуу баш тарта турууга чакырды.

 

“Акыйкат”.

 

 

 

 

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Ок атуучу курал алынды Ок атуучу курал алынды

                            Жума ичинде Жалал-Абад областында жарандардан 3 сайлуу ок атуучу куралдар алынды. ОИИБнын аймактардагы бөлүмдөрү эл арасында мыйзамсыз сакталган ок атуучу...

21 - Сентября  2018 | 11 : 32181
Колдоодон качкан мекемелер кимдер? Колдоодон качкан мекемелер кимдер?

                              Бүткүл дүйнөлүк III көчмөндөр оюнуна аттанаардан бир күн мурда Жалал-Абад областтык Барпы театры жана Т. Тыныбеков...

30 - Августа  2018 | 9 : 39232
Жаш жарандардын келечеги үчүн Жаш жарандардын келечеги үчүн

   Он жети миң калкы бар Кочкор-Ата шаарында  социалдык буйрутмалар ишке ашырылганы турат. Тактап айтканда, шаардагы 12-18 жаштагы 2000 ге чукул  балдардын бош убактысын туура пайдалануусу,...

27 - Июня  2018 | 9 : 52242
АЙМАКТАРГА МИГРАЦИЯ КЫЗМАТЫ КЕРЕК АЙМАКТАРГА МИГРАЦИЯ КЫЗМАТЫ КЕРЕК

  Эми Жалал-Абад шаарындагы бардык мекеме-ишканаларда, коомдук бирикмелерде, маалыматтар кату кызматтарында адам сатууга каршы ар кандай расмий, коомдук иш-чаралар күчөтүлөт. Ал эми аймактарда мурда болуп...

21 - Июня  2018 | 6 : 3370
Сандарыгер жетишпейт Сандарыгер жетишпейт

            Жалал-Абад шаардык оорулардын алдын алуу жана санитардык көзөмөл борборунун маалыматына караганда шаарда 900 обьект, областын аймагында 4000 миңден ашык обьект  жылына бир жолу...

21 - Июня  2018 | 6 : 7242
Ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет Ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет

    Кыргызстанда алгачкы жолу  Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын базасында  ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет.  Бейтаптарды чукул кабыл алып, андан ары тиешелүү...

21 - Июня  2018 | 6 : 14203
Азык-түлүк коркунучун алдын ал! Азык-түлүк коркунучун алдын ал!

  Азыркы учурдагы 5 мамлекеттен турган (Россия, Белорусия, Казакстан, Армения жана Кыргызстан) Евроазиялык экономикалык Бажы союзунун курамына кирип,  калкты коопсуз тамак-аш жана башка товарлар менен...

21 - Июня  2018 | 6 : 19280