«Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук……»

11 - Мая  2018 | 10 : 41413
«Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук……»

 

Күндөн күнгө уруп-токмоктоого дуушар болгон аялда коргонуу инстинкти пайда болот да, аффектик абалда ар кандай күтүлбөгөн кадамдарга барышы мүмкүн.Көпчүлүк учурларда мындай кол салуулар кылмышка алып келет. Республиканын абак жайларында кармалган аялдардын 80 пайызы КР мыйзамынын “киши өлтүрүү, кол салуу” беренеси боюнча соттолгондор. Мисалы чет өлкөлөрдү алсак  Литва Кыргызстанга салыштырмалуу калкы жагынан  аз, бирок ал жакта кризистик борборлордун саны 40тан ашуун. Ал эми Лондондо 90 борбор бар, алар аялдарга, балдарга, мигранттарга, адам сатууга дуушар болгон жарандарга багытталган. Мындай борборго жапа чеккен атуулдар муктаж , ал жердин адистери кризистен чыгууга жардам берип, жапа чеккендер өзүн коопсуз сезе башташат

Учурда Кыргызстан боюнча  аялдарга кол көтөрүү, уруп-токмоктоо 5 эсе жогоруласа, психикалык жактан кысым көрсөтүү 4 эсе  чейин өскөн. Ал эми сексуалдык жактан кысым 3 эсе  жогорулаган. Үй-бүлөдөгү  зордук-зомбулуктун түрү өсүп жаткандыгын БУУнун  Аялдар агенттиги атайын анализ жүргүзүп,  далилдешкен. Жалал-Абад областтык «Каниет» кризистик борборунун жетекчиси Мимоза Нуракова “мындай корунуч аялдардын өз укуктарын билбегендигинен чыгат” деп эсептейт.

-Ушул зордук-зомбулук өтө кулач жайып жаткандыгы бизди аябай өкүндүрөт. Укук жактан маалыматтын жоктугунан кыз-келиндер зордук-зомбулукка кабылып жатышат. Акыркы учурда психологиялык жактан жабыр тарткандар, мисалы Кара-Суу, Ноокат, Араван  районунун айрым айылдарында   күйөөсүнөн, үй-бүлөнүн айрым мүчөлөрүнөн зордук-зомбулуктан кагуу жеп,запкы тартканды алар  кадимки көнүмүш адат катары кабыл алышат. Психологиялык жактан жабыр тартып, ыйласа муну өнөкөт катары кабылдашат-дейт,ал

 

Күнүнө 100гө жакын аял зордук-зомбулукка, психологиялык кысымга, экономикалык жактан чектөөлөргө кабылат. Анын 75 пайызы үй-бүлөдө болот. Үй-бүлөнүн ичинен зомбулукту көргөндөрдүн бири Айпери(ысмы өзгөртүлдү). Ал 18 жашында, мектепти бүтөөрү менен турмушка чыгып, тагдырдын оор соккусуна дуушар болгон каармандардын бири.

-Турмуш чыкканда “тынч жашаймын го” деп ойлогонмун. Бирок, баары тескери болуп чыкты. Кайын энем болсо “күн көрсөтчү” эмес. Эч нерсе жакпай, идиш-аяктарды сындырып күндө жаңжал салчу. Жолдошум ичет,ичкен сайын мени сабачу,азыр кадимкидей башым ооруйт. Өзүмдү ушунчалык оор сеземин. Үйгө келсем ,үй-бүлөм батырбайт. Азыр эмне кылаарымды билбеймин-дейт, ал аргасы түгөнүп турганын жашыра албай.

Учурда Айпери күйөсүнөн качып, “Каниет” кризистик борборунда баш калкалап келет. Бул жерде ага юридикалык кеңештер жана психологиялык жардам берилет.Кризистик борборго  күнүнө 2-3 жабыр тарткан кыз-келин жардам сурап, кайрылат. Психолог Гүлнара Онкошеванын айтымында “жабыр тартканга үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун  терс таасири алар башка жерге барганда дагы тийбей койбойт”.

-Мисалы кечээ күну 2 жаш кыз кайрылды.  Бири  31жашта, экинчиси 19жашта.   Экөөндө тең  стресс бар да. Үй-бүлөлөрү да жарды,  ата-энелери да жакшы мамиле кылган эмес. Балалык күндү да жакшы өткөрө алышпаган.  Мектепте жүргөндө дагы мектептин түйшүгү менен бирге, үйдөгү түйшүктү да бирге тартып чоңоюшкан.  Дене түзүлүшүндө  стресс топтолуп, мектепте да кыздар-балдар менен урушуп,    конфликт менен жүрүшөт..Булар менен туруктуу иш алып барыш керек. нтпесе,алардын жашоодогу орду таптакыр башка нукка бурулуп калган. Мен эми алар менен жеке иштеше баштадым-дейт Гүлнара айым.  

-Үй-бүлөдөгү зомбулуктун дагы бир кесепети –ажырашуу. Жаңыдан баш кошкон жаштардан  10 үй-бүлө катталса, бир жылга  жетпей анын 5-6 су ажырашып жатканын  социологиялык изилдөөлөрдө аныкталган. Үй-бүлөлүк конфликттердин саны күндөн-күнгө өсүүдө. Мисалга алсак, Жалал-Абад шаардык  жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнө  9 ай ичинде 395 түгөй  никеге туруп,  алардын ичинен 84 үй-бүлөнүн никеси ажыратылган. Кризистик борбордун кызматкерлеринин негизги максаты үй-бүлөнү сактап калуу .Биз алар менен сүйлөшүп, коопсуздук жайга жайгаштыруукеркпи же жокпу чечип анан үй-бүлөсү менен жараштырууга дайым аракет жасайбыз. Күйөсүн соттоп же ажыратып салуудан алыспыз, дайым жараштырууга аракет жасайбыз.-дейт, Мимоза Нуракова.

Психологдордун айтымында:“мындай корунучтун себептерин бир эле эркектер тарабынан көргөнү туура эмес. Ошондуктан адистер эки тарап менен тең иштөөнү туура көрүшөт.

- Эми муну баардык эркектер туура кабыл ала бербейт. Кээ бирлеринин психологиялык өзгөчөлүктөрү таптакыр башкача. Урса дагы “урган жокмун” деп,мойнуна албаган эркектер көп болот, айрымдары гана урганын мойнуна алышат.  Биринчи эле аялын күнөөлөшөт. Ошон үчүн күйөсү менен да иштөөгө туура келет. Анан кээде мойнуна алып “мени менен каяша айтышат, эшиктен кирип келсем беттен алат. Чөнтөктөрүмдү аңтарат, соткаларымды да текшерет. Анан жиним келгенинен урам ,дайыма уруп турам” деген эркектер да болот. Биздин максат ал үй-бүлөнү ажыратып салуу эмес ,кайра бириктирип, үй-бүлөнү жараштыру- деп кошумчалайт,психолог Гүлнара Онкошева

   Кыргызстанда 10 кризистикборбор бар, анын ичинен экөө Бишкекте жайгашкан.  Ал эми Ош облусундагы «Ак жүрөк» кризистик борборуна ушул убакка чейин үч миңге жакын аял кайрылган. Ал эми Жалал-Абад облусундагы «Каниет» кризистик борбору 2000-жылдан бери үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган жарандарга жардам көрсөтүп, ушул күнгө чейин 6212 зомбулукка дуушар болгондор кайрылышкандыгын  борбордун жетекчиси Мимоза Нуракова кошумчалады.

- Ошол кайрылгандардын ичинде  негизги миссиябыз аялдардын, балдардын зордук-зомбулукка кабылгандыгы тууралуу  алардын укуктарын коргоодо иш алып барабыз. Анан көбүнчө бизге физикалык зомбулукка учурагандар, башкача айтканда ,денелеринен жабыр тарткандар кайрылышат. Аларды биз атайын     түштүк региону боюнча бир гана бизде коопсуздук жай бар болгонуна байланыштуу, алардын өздөрүнүн суроолору боюнча  ошол жайга жайгаштырабыз. Жабыркагандар психологиялык жардам, баш калкалоого жай жана  юридикалык консультацияларды, кеңештерди алышат.Ошол эле учурда  абалы оор, ажырашуунун чегине  келген учурлар болот, анда биздин адвокаттар бар ошолор жардам беришет. Юридикалык кеңеш берилгенден кийин адвокат коштоп жүрөт. Бүт документтик кагаздарын бүтүрүп, сотко чейин алып барат. Анан соттун жыйынтыгынын негизинде алардын укуктары корголот”, - дейт ал.

Бул көрүнүш айыл жергесинде көп кездешет. Аялдар эркектерге караганда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка көп кабылышаары жана көп учурда алар эч бир күч структураларына кайрылбай, көмүскөдө калгандыгы аныкталган. Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка каршы мыйзам 2003-жылы кабыл алынган. Ага ылайык, эң жогорку жаза - аялга зордук-зомбулук көрсөткөн киши 5 жылга эркинен ажыратылат. Бирок бир да адам мындай жаза менен жоопко тартыла элек- дейт, Мимоза Нуракова

- Биз  сурайбыз “эмне себептен туугандары, милицияга кайрылбайсыңар”- деп. Милицияларга кайрылышат бирок алар көп убакка чейин созуп жүрө беришет. Эч кандай маселеси чечилбейт. Бир мисал  милицияга барып 1-2 ай жүргөндөн кийин маселеси чечилбей акыры бизге келген учурлар болгон

Кыргызстанда жылына кризистик борборлорго 10 миңден ашык адам кайрылат. Эреже боюнча зомбулуктан жабыр тарткан кыз-келиндер кризистик борбордо көп болсо 18 күн жашай алышат. Ошондуктан зордук-зомбулуктун кесепеттерин азайтыш үчүн кабыл алынган мыйзам менен жана кризистик борборлор менен чектелбеш керек Ата-эненин жоопкерчилигин жогорулатуу керек. Ата-эне да тарбиялоосу керек. “Эртең сен башка бүлөнүн кызы болосуң, алар менен жашайсың”-деп, катуу эле айтуу керек. Тилекке каршы,учурда тескерисинче болууда. Кичине эле катуу сүйлөп койсо,  кыздар чыдабай ,”жашабаймын” деп, жатышат. Апасы менен сүйлөшсөң, апасы да “9 ай ичиме баткан кыз сыртыма батпай калат бекен, өзүм эле багып алууга күчүм жетет”- деп, айрым энелер кызын туура жолго салгандын ордуна, ага болушуп, турмушун бузганга чейин барышат.  Эгерде ал кызынын балдары бар болсо, ортодо балдар эле кыйналышат. Ошондуктан  ата-энеге да көп жоопкерчиликти жүктөш керек болуп жатат-деп, психолог Гүлнара Онкошева эсептейт.

 Андан тышкары үй-бүлөлөрдөгү кырдаалды өзгөртүш  үчүн  мектеп дагы өз салымын кошуш керек экендигин кошумчалайт.

 Бириккен улуттар уюмунун  Аялдар агенттигинин изилдөөсү боюнча үй-бүлөдөгү зордук - зомбулуктан жабыркагандардын арасында  58пайыз  аял , 18пайыз  жаш балдар жана 13 пайыз кары-картаңдар,7 пайыз эркектер.  Мындай терс көрүнүштөрдүн саны күндөн-күнгө өсүүдө. Адистердин айтымында айтылган көйгөй менен бүткүл коом биргеликте  күрөшпөсө, натыйжа болбойт.

 

Элиза АКЖОЛТОЕВА 

 

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Майлуу-Суудагы уран калдыгы кайда изилденүүдө? Майлуу-Суудагы уран калдыгы кайда изилденүүдө?

                 Майлуу-Суу шаарында  1946-1967-жылдары «Кыргызэлектроизолит» заводунда уран калдыктарын иштетилип, чыныгы уран сырт өлкөлөргө жөнөтүлүп турган. Ал...

21 - Сентября  2018 | 10 : 4224
Каттоонун камылгасы, камсыздандыруунун кадамы кечеңдөөдө Каттоонун камылгасы, камсыздандыруунун кадамы кечеңдөөдө

  Өлкөдө 2020-жылы боло турган элди жана турак жайды каттоого даярдыктар Жалал-Абад областында  солгун жүрүүдө. Ар он жылда эл каттоо болгонуна карабастан бүгүнкү күнгө чейин айрым айылдардын,...

21 - Сентября  2018 | 11 : 23249
Бир короодогу эки мектептин зарылдыгы канчалык? Бир короодогу эки мектептин зарылдыгы канчалык?

  Ала-Бука районуна караштуу 1-Май айыл аймагынын Айры-Там айылында 5 миңге чукул калк жашайт. Кызыгы андагы айылда бир короодо М. Алымбеков жалпы орто мектеби жана Айры-Там мектеп-гимназиясы  жайгашкан,...

21 - Сентября  2018 | 11 : 29247
«Кан жетишсиз… Эмнеге?....» «Кан жетишсиз… Эмнеге?....»

                                                                                                               ...

27 - Июня  2018 | 9 : 38287
Дарбыз эмес дарт жейбизби? Дарбыз эмес дарт жейбизби?

    Учурда мөөнөтүнөн мурун, күч менен бышып жаткан мөмө-жемиштерден баш тартуу кыйынга турары белгилүү. Күн да ысып, тарс жарып дарбыз жегиң келген учур. Бирок, алардын ар дайым көзөмөлдө болуусу...

27 - Июня  2018 | 9 : 46309
Абактан кийинки азаптан кантип чыгабыз?.. Абактан кийинки азаптан кантип чыгабыз?..

    Түрмөгө түшкөн аялдардын көбү жакындарын өлтүрүп, же баңгизат менен кармалгандар. Арасында уурулук кылгандары да бар. Республиканын абак жайларында кармалган...

27 - Июня  2018 | 10 : 35287
Башкы плансыз болочок күткөн шаар Башкы плансыз болочок күткөн шаар

  Жалал-Абад шаары алгач шаар статусун алгандан тартып, 1950-жылы шаардын өнүгүшү үчүн алгачкы башкы (генералдык-генплан) планы бекитилген. Областтык керек-жарак коому, түштүк кыргыз жаңгак токойлору...

29 - Мая  2018 | 4 : 1299