Аймакка ичүүчү таза суу берилди

11 - Мая  2018 | 10 : 49331
Аймакка ичүүчү таза суу берилди

 

 

Жалал-Абад шаарынын Чыңгыз Айтматов аймактык башкаруусуна караштуу 120 кожолук тургундар бир апта бою таза суунун жоктугунан кыйынчылык тартып келишкен. “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгына тарабынан бул көйгөй жоюлуп, азыркы тапта шаардыктар таза суу менен толук камсыз кылынды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Турдалы Темирбаев билдирди.

Эскерте кетсек, айрым массалык маалымат каражаттары аркылуу шаардагы 170 кожолук эл эки айдан бери суусуз кыйналып жатканы тууралуу маалымат таркаган. Бирок, аны шаар бийликтери бул маалыматты четке кагышууда.

-Биринчиден, 170 эмес, ал жерде 120 кожолук эл жашап турат. Экинчиден, эки ай бою суусуз калышкан эмес, убак-убагы менен суу берилип турган. Бирок, суу насосунун күйүп кеткенине байланыштуу акыркы бир аптада суусуз калышкан.Себеби, өз убагында “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгына бул тууралуу кабар беришпеген. Качан гана башкармалыкка кабар жеткенде, алар тийиштүү чараларды көрүштү, азыр эл толугу менен суу ичип жатат. Эч кандай көйгөй жок, - деп билдирет Т. Темирбаев.

Алынган маалыматтарга караганда, 120 кожолук эл мурда убак-убагы менен гана суу менен камсыз болуп келишсе, эми үзгүлтүксүз камсыз болушту.

 

Нурайым Турдумаматова

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Ок атуучу курал алынды Ок атуучу курал алынды

                            Жума ичинде Жалал-Абад областында жарандардан 3 сайлуу ок атуучу куралдар алынды. ОИИБнын аймактардагы бөлүмдөрү эл арасында мыйзамсыз сакталган ок атуучу...

21 - Сентября  2018 | 11 : 32182
Колдоодон качкан мекемелер кимдер? Колдоодон качкан мекемелер кимдер?

                              Бүткүл дүйнөлүк III көчмөндөр оюнуна аттанаардан бир күн мурда Жалал-Абад областтык Барпы театры жана Т. Тыныбеков...

30 - Августа  2018 | 9 : 39232
Жаш жарандардын келечеги үчүн Жаш жарандардын келечеги үчүн

   Он жети миң калкы бар Кочкор-Ата шаарында  социалдык буйрутмалар ишке ашырылганы турат. Тактап айтканда, шаардагы 12-18 жаштагы 2000 ге чукул  балдардын бош убактысын туура пайдалануусу,...

27 - Июня  2018 | 9 : 52243
АЙМАКТАРГА МИГРАЦИЯ КЫЗМАТЫ КЕРЕК АЙМАКТАРГА МИГРАЦИЯ КЫЗМАТЫ КЕРЕК

  Эми Жалал-Абад шаарындагы бардык мекеме-ишканаларда, коомдук бирикмелерде, маалыматтар кату кызматтарында адам сатууга каршы ар кандай расмий, коомдук иш-чаралар күчөтүлөт. Ал эми аймактарда мурда болуп...

21 - Июня  2018 | 6 : 3371
Сандарыгер жетишпейт Сандарыгер жетишпейт

            Жалал-Абад шаардык оорулардын алдын алуу жана санитардык көзөмөл борборунун маалыматына караганда шаарда 900 обьект, областын аймагында 4000 миңден ашык обьект  жылына бир жолу...

21 - Июня  2018 | 6 : 7243
Ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет Ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет

    Кыргызстанда алгачкы жолу  Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын базасында  ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет.  Бейтаптарды чукул кабыл алып, андан ары тиешелүү...

21 - Июня  2018 | 6 : 14208
Азык-түлүк коркунучун алдын ал! Азык-түлүк коркунучун алдын ал!

  Азыркы учурдагы 5 мамлекеттен турган (Россия, Белорусия, Казакстан, Армения жана Кыргызстан) Евроазиялык экономикалык Бажы союзунун курамына кирип,  калкты коопсуз тамак-аш жана башка товарлар менен...

21 - Июня  2018 | 6 : 19286